Быйылкы 2016-жылдагы ажылык сапарга Ош облусунан 1514 жаран аттанууда жана 49 жарандан турган бир тайпага бирден ажы башчы дайындалып, жалпысы 31 ажы башчы зыяратчыларды коштоп барат. Бул боюнча Ош облусу боюнча ажылыкка жооптуу адис Ыйман Матраимов билдирди. Анын айтымында Кыргызстанга Сауд Арабиясы ажылык зыяратты аткарууга жылдагыдай эле 3685 орун бөлгөн. Ажылыктын баасы болсо 2600 долларга бааланган. Быйыл мурунку жылга караганда Ош облусунан ажылык сапарга аттанган зыяратчылардын саны башка региондордон басымдуулук кылып, жалпы республика боюнча ажылык сапарга аттангандардын 41%ын түзүүдө. Ажылык сапарага Ош облусунун аймагынан баруучу зыяратчылар 20-августан 29-августка чейин Ош эл аралык аэропортунан узатылат. Учуу атайын графиктин негизинде түнкү убакытка туура келет жана бир рейсте 5 тайпа жалпысы 250 зыяратчы учурулат.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда ажыга баруучулардын алгачкы тобу Бишкек шаарынан 16-августта “Манас” эл аралык аэропортунан Сауд Аравияга учуп кетишкен.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ