ӨКМдин куткаруу жана өрт-куткаруу кызматтары тарабынан 2020-жылдын 9 айында жалпысынан 154 адам куткарылган. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Анын ичинен:
– жол кырсыгынан – 70;
– экстремалдык абалда – 40;
– өрттөн – 43;
– көлмөлөрдөн – 1.
Куткаруучулар тарабынан жалпысынан 741 адамга жардам көрсөтүлгөн, анын ичинен 29 адамга дарыгерге чейинки жардам күтүүсүз жагдайга туш болгон 354 адамга жардам көрсөтүлсө, үйлөрүнүн эшиктери жабылып калган 358 адамга жардам берип, эшиктерин ачып беришкен.
Облустук жана Бишкек, Ош шаардык “Куткаруу кызматтары” тарабынан 3076 муктаж болгон жарандарга телефон аркылуу кеңеш берилген.
Куткаруу кызматтары тарабынан 2563 жолу чыгуу катталып, 135 – жол кырсыгына, 2225 – ар түрдүү кырсыктарга, 90 – сууга чөккөндөрдү издөөгө чыгуу жана башкалар болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ