Кечээ, 15-ноябрда Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан кулап кеткен жарандын өздүгү такталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, бул окуя кечээ, 15-ноябрда, саат 22:00 чамасында болгон. Логвиненко көчөсүндө жайгашкан үйдүн терезесинен эркек киши кулап кетип, каза болгону тууралуу 102 кызматынын нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Биринчи май РИИБнин кызматкерлери барып, маркумдун өздүгүн такташкан. Маркум 1999-жылы туулган В.А. аттуу жигит болгон. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ