“MegaCom” компаниясынын кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу маалыматты уюлдук оператордун басма сөз кызматы тастыктады.
Учурда ал кызматкер көзөмөлдө. Дарыгерлердин айтымында, бул компанияда иштеген дагы бир кызматкер коронавирус илдетине шектелүүдө. Ал кызматкерден коронавирус илдетине анализ алынды. Анын жыйынтыгы бүгүн, 17-июнда белгилүү болот.
Компания аталган кызматкерлер кардарларды тейлөө жагында иштебей турганын эскертти. Ошондой эле, учурдагы кырдаалга байланыштуу компаниянын жетекчилиги республиканын санитардык-эпидемиологиялык талаптарын так аткарат.
Бирок, кечээ, 16-июндун кечинде “Мегаком” мобилдик байланыш компаниясынын 2 кызматкеринен коронавирус табылып, алар менен байланышкан 37 адам аныкталганы тууралу маалымат социалдык тармактарда тарады.
Маалыматка ылайык, “Мегакомдун” жетекчилиги бул фактыны жаап-жашырууга аракеттенип, эч жакка маалымат чыгарбагыла, ким чыгарса жумуштан айдалат таризинде коркутушкан. Коронавирус аныкталган адамдар менен байланышта болгон кызматкерлерди маалыматты жашырып, отпускага кетүүгө мажбурлап жатышканы да билдирилет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ