Президенттикке талапкер Садыр Жапаров өлкөгө ийгилик алып келген балбан кыздарды жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасында билдирүү жазды.
Садыр Жапаровдун айтымында, өлкөдөгү оор экономикалык жагдайлардан улам балбан кыздарга татыктуу колдоо көрсөтө алышкан жок. Бирок, жакынкы аралыкта бул нерселерге чекит коюлат.
“Менин баатыр ини-карындаштарым! Кыргыз элинин сыймыктуу уул-кыздары!
Урматтуу Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Жоламан Шаршенбеков, Руслан Царев, Айпери Медет кызы жана Калы Сулайманов!
Сиздерди Дүйнө кубогундагы жеңишиңиздер менен куттуктайм! Сиздердин жеңишиңиздер жалпы кыргыз элинин жеңиши. Тынымсыз аракет, машыгуулардын артында ушундай жогорку деңгээлдеги ийгиликтерди жаратып жатасыздар. Бул эмгегиңиздер татыктуу бааланып, кыргыз эли өз баатырларын даңктап алат деген терең ишенимдемин.
Биз, Сиздер менен сыймыктанабыз!
Ооба, ашкере саясатташкан бийлик төбөлдөрүнүн кайдыгерлигинен, оор экономикалык жагдайлардан улам биз, сиздерге татыктуу колдоо көрсөтө албай келдик. Бирок, жакынкы аралыкта бул нерселерге чекит коюлат. Бизге сыймык алып келген уул-кыздарыбызга кеңири шарттар түзүлөт. Башкысы, бийик дух, намыс жана ишеним менен алдыга таштаган кадамыңыздарды ийгиликтер коштосун.
Ушул постту жазып жатып, дагы бир кубанычтуу кабарды алдым. Самбо боюнча дүйнө чемпиондугунда Карыяев Дайырбек, Бактияр уулу Шумкарбек, Абдумалик кызы Самара баштаган спортчуларыбыз 6 медалга ээ болушту. Бул кабар да мен үчүн абдан жагымдуу болду“, – деп билдирүү жазды Садыр Жапаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ