Өзүнүн криптовалютасын чыгарууга даярданып жаткан Fасеboоk эми колдонуучуларына жарнама бергени үчүн акы төлөп баштайт.
Бул тууралуу Тһе Wall Street Journal жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, криптовалюта менен төлөө, интернет-дүкөндөрүндөгү упай топтоо сыяктуу болот. Мындан сырткары, компания активдүү колдонуучуларына гана эмес, Ғасевоок аркылуу сатып алууларды жүргүзгөндөргө акы төлөө менен сый көрсөтүлөт.
Бүгүнкү күндө Марк Цукербергдин компаниясы соода аянтчалары менен Fасеboоk колдонуучуларынын криптовалютасы аркылуу төлөм кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ