Кытайлык кыргыздарга арнап ыр окуган кыздын видеосу социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.
Эскерте кетсек, Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген “Ата Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмунун кабары боюнча, Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта отурганы тууралуу маалыматтар бар.
Маалыматка ылайык, Кытайда камакка алуу 2016-2017-жылдары башталган. Мурда белгилүү адамдар, окумуштуулар кармалса, азыр жапырт камалууда. Учурда камакка алынган кыргыздардын саны 50 миңге жеткен.
Бирок, коомчулукта кызуу талкууланып, айрым адамдардан арыз, кайрылуулар түшкөндүгүнө карабай, Кыргызстандын өкмөтү бул маселе боюнча эч кандай реакция жасай элек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ