Бүгүн, 16-июнда Парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутат Рыскелди Момбеков Иса Өмүркуловдон Мухаммедкалый Абылгазиевдин мындай кадамы саясий жоопкерчиликке жатабы деп сурады.
“Мен биринчи суроону өзүңүзгө берейинчи. Сиз өз сөзүңүздө экс-премьер-министр болуп калган Мухаммедкалый Абылгазиев арызын колдойм, бирок ушундай оор учурда кетип калганын туура эмес деп ойлойм деп айттыңыз. Дегеле биз кет, кет дегенде көгөрүп кетпей коюп, эми кетпе, кетпе дегенде кетип калган адамдын мындай кадамы саясий жоопкерчиликке жатабы? Биз мактаган кыз тойду кооздоп койгон жокпу?”, – деп сурады депутат.
“Мен ал отставкага кеткенин колдойм деп айткан жокмун. Туура болду деп айттым. Артынан сөз ээрчип калды. Андан кийин отставкага кеткени туура эле. Бул жерде кошумча-алымча жок. Албетте жоопкерчилик, кылган кызматы үчүн өзү жооп бериш керек”, – деди Иса Өмүркулов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ