Menu

Дача Судагы кырсык Кыргызстан эмес бүтүндөй дүйнөнү солкулдатты…

Бөлүшүү:

Мен көргөн кырсык…

Эртең менен жумушка келип жаңылыктарды бир кароо баарыбыздын эле адатыбыз болсо керек. Мен дагы жумушка келип жаңылыктарды ача салсам “Ка-Ньюс” агенттиги “Манас” аба майданынын жанында учак күйүп кеткенин жазыптыр. Кырсык дегенден жүрөгүм өлүп калган жаным калчылдап макаланы жаптым да “ий, дагы жакшы жүк эле ташыган учак экен. Адам ташыганда кантмекпиз. Балким учкучтар чыгып кеткенге жетишкендир ”-деп өзүмдү тынчтандырып жумуштар менен чыгып кеттим. Кайтып келсем, Кудай бетин салбасын социалдык баракчалар, сайттар баары ошол кырсыкты жаза башташыптыр. Болгондо да бүтүндөй айыл элин уктап жаткан жеринен кырсык басып, өзүн башкара албай калган учак кулап түшүп бир айылдын тең жарымынын күлүн көккө сапырып салыптыр. Каңырыгым түтөп, өлгөндөр аз болсо экен деп Кудайга жалынып жүрдүм. Жок, тилекке каршы өлгөндөрдүн саны көбөйгөндөн көбөйүп, 38ге чыкты, эң жашы 2 гана айлык наристе экен. Арман дүйнө, жашаары эки гана ай экен наристенин…

Чачылган кече көйнөк, куурчак, байпактын бир түгөйү…

Түштөн кийин депутаттарды ээрчип жүрөктүү болуп кырсык болгон жайга жөнөдүм. Барганча кейип ыйлактап барганыбыз менен баргандан кийинки күлү көккө сапырылып, аңтарылып калган айылды көрүп, көз жашыбызды токтото албай алдастап калдык. Жада калса аскерлер казып жаткан жайга баса албай, “Балким бир наристенин сөөгү бут астыбызда калып калбасын”-деп титиреп турдук. Жок, жанталаша казып жаткан аскерлер, түтөп аткан учактын куйругу, жерде чачылып жаткан уюлдук телефондун сырткы идиштери, сынып калган сааттар. Күнүмдүк керектелчү буюмдар талкаланып, жууркан-төшөктөр ылайга чыланып калыптыр. Көзүм көрбөсүн деп бурула калсам так бутумдун алдында жашыл түстөгү кече көйнөк, бир колу жулунган куурчак, кичинекей наристе кыздын байпагынын бир түгөйү жатыптыр. Аларды көрүп балким ушул кече көйнөктү кийип секелек кыз мектепке баргандыр, куурчагы менен ойногондур деп ого бетер жүрөгүм эзилип кетти. Айланамдагылардын эч кимиси көрүнбөй, көз жаш жүзүмдөн ылдый карай токтобой акты.

Министрдин орун басары ого бетер жүрөктү оорутту

Депутаттар менен жолугууга ошол жерде жүргөн министрдин орун басары гана келди. Башкалар чукул жыйын өтүп ошол жакта экен. Ал бизге жаңы эле кош бойлуу келин тирүү табылып бирок он минуттан соң жан бергенин айтты. Үймөлөктөшүп турган кызыл жууркандын ичинде байкуш кош бойлуу келин канчалык ажал менен кармашканын бир Кудай билет. Баарынан жаманы сөөктөр чачылып, биринин колу, биринин буту жок издеп табылбай жатканын айтканда каңырыгым түтөп кетти. Жүрөгүм меники эле жаманбы деп айланамды карасам баары ыйлап атат, жада калса көп өлүмдү көргөн, кызматы кырсык менен байланышкан министрдин орун басары дагы үнү титиреп “кош бойлуу айым каза болуп калбадыбы” деп бурулуп кетти. Андан мурун жаш жигиттин жансыз денесин табышыптыр. Министрдин орун басары бизге шаардагы баардык кафелер биринчилерден болуп жетип келишип, куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан аскерлерге колубуздан келишинче тамак бере алабыз деп айтып кетишкенин, тамактардын баарын ошолор алып келгенин айтты. Албетте, андай учурда кол сунбаса кыргыздыгыбыз кайсыл.

Атайын колектерди темир менен жаап жашырып коюшуптур

Акчасы бар адам шаардын чок ортосундагы баардык шарты бар үйдө күн кечирет эмеспи. Уйкудан турбай түбөлүк уйкуга кеткен шордуулар үңкүр да болсо үйүм бар деп кырсык болгон Дача СУ аймагына жашоо тиричилигин өткөргөнү барды да. Жергиликтүү тургундар каза тапкандардын көпчүлүгү батирде турушуп, кара жумушта иштээрин айтышты. Дагы бир байкаганым ал жердегилер үйлөрүн кыйраткан деле кирпичтен салбаптыр. Бирине тапсаң бирине жетпей жаткан заманда үй салуу да кыйын. Айылдагы эң жөнөкөй сарай же тоок кепе салчу колектер менен салынган үйлөрдүн баарын четке чыккандарын чогултуп атайын темирлер менен жаап коюшуптур. Учактын сыныгы артылып турган үй дагы колектен салыныптыр. Кадимки колектен үй салуу азыр колунда жоктун, аргасыздыктын эле иши эмеспи. Каңырыгым түтөп, колек тамда жашашса деле бактылуу эле деп зыркырап келдим. Балким алар бала-чакасы чоңоюп иши жакшы болсо, заңгыраган тамдарды салышпайт беле. Балким алар бир айыл болуп көбөйбөйт беле. Кийин билингендей байкуш жаш бүлөлөр балдарын кучактап жан беришиптир. Аскерлердин бири ошол жубайлардын бири наристе баласын, бири 2 жашар уулун кучактаган бойдон каза тапкан сөөгү табылганын айтып кадимкидей эле ыйлады. Суу болуп, суук сөөктөн өтүп жатса байкуш аскерлер өлүк чыкпаса экен деген тилек менен казып жатканын айтышты.

Эл жакшылыкта бөлүнүп, жамандыкта биригип калат тура

Канчалык ич ара тытышпайлы калк башына иш түшсө кыргыздай бириге калган калк дүйнөдө жок чыгаар. Ушундай ниетибиз менен Кудайга жагып кылым карытып келе жаткандырбыз. Биз барганда казан асылып калыптыр. Тигилген чатырчаларды көздөй басып баратсак суукта үшүп шишиген эжелер казанды айланып тамак жасап, чатырлардын ичине ысык чай уюштуруп коюшуптур. Аталган жайды казып аткан аскерлер, келгендер, айласы куруп калган жакынын жоготкондор баары ошол жерде экен. Балдарын айттырбай келген ажалга жулдуруп жиберип, эсин улам жоготуп ыйлап жаткан эже баргандардын баарын ыйлатты.

Сүрөт тарта албай титиреген кабарчы

Кайсы бир сайттын кабарчысы жаш жигит колуна фотоаппарат кармап алыптыр. Менимче улам сайтка сүрөт салып аткандай. Бирок көзү кыпкызыл, колу кадимкидей титирейт. Эртеден бери сөөктөрдүн чыгып жатканын көрө берип таптакыр эле калчылдап болбой калыптыр. Фотоаппарат кармаган колу калчылдап турган картина карегимде калып калды. Байкуш журналист кыздар болсо аялдыгына салып кадимкидей ыйлап, сюжетин жасай албай боздоп атышат. Андай учурда ыйлабаганга таптакыр мүмкүн эмес болчу.

Баян Кулова

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: