Menu

Адвокат: Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайлоого катыша алышат

Бөлүшүү:

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотонов Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коюшу мүмкүн. Адвокат Таалайгүл Токтакунова журналисттерге бул туурасында түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, экөө тең соттолгон деп эсептелбейт, анткени алардын “Коррупция” беренеси боюнча козголгон кылмыш иши соттун чечими менен карап чыгууга жөнөтүлгөн.

«Менин кардарларыма 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышууга тыюу салган мыйзам жок. Ооба, соттук териштирүү жүрүп жатат, бирок Текебаевге да, Чотоновго да соттолгон жок “, – деди адвокат.

Белгилей кетсек, биринчиси да, экинчиси дагы шайлоо өнөктүгүнө жетинчи чакырылыштын талапкерлери катары катышуу ниетин билдире элек.

2017-жылы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сегиз жылга эркинен ажыратылган. Бардык инстанциялардагы соттор аларды Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча күнөөлүү деп табышты. 2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан кароого жиберген. Алар үй камагына чыгарылышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: