Menu

Футбол академиясына жаш спортчуларды тандоо башталды

Бөлүшүү:

Жаңы пайдаланууга берилген Оштогу футбол академиясына жаш спортчуларды тандоо башталды. Учурда машыктыруучулар 600гө жакын баланын футболго болгон шыгын текшерип жатышат. Жыйынтыгында мыктылар аныкталып, контрактык негизде кабыл алынат. Анда да балдардын жашы 6дан 15 жашка чейин болушу зарыл. Академияга бир жуманын ичинде 600 бала катталды. Жаш өзгөчөлүктөрүнө карата Бразилия, Орусия жана Кыргызстандагы алдынкы тренерлер машыктырып жатышат. Муну менен ар бир балага футболго болгон жөндөмдүүлугү каралмакчы. Жыйынтыгында ноябрь айында кабыл алуу жүрөт. Ошого чейин каалоочулар балдарын алып келишсе болот. Өспүрүмдөрдүн жашы 6 жаштан 15 жашка чейин гана болуусу шарт. Футбол академиясы өзүн-өзү каржылоо системасында иш баштап жатат. Ошонун эсебинен азырынча ар бир бала үчүн 600 доллар деп эсептелүүдө. Бирок балдардын саны өссө, баа мындан да төмөндөшү ыктымал. Мында 13-14 жаштагыларга өзгөчө көңүл бурулат. Себеби, эл аралык квалификация боюнча дал ушул жаштагылар арасында чемпионаттар өтөт. Ошого балдарды дайыма көзөмөлдөп, машыктыруу үчүн жатаканага жайгаштырабыз дешет. Ылайым эле FIFA 1 млн. долларга куруп берген бул футбол академиясы өзүн актап, Оштон өлкөбүздүн атагын дүйнөгө тааныткан Роналдодой футболчулар чыксын.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: