Menu

Ниймат Арапов, Баткен ОИИБнын ардагерлер кеңешинин төрагасы: “Курсан Асанов өз “кылыгы” менен милициянын абийирине өтө жаман көө сүрттү”

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 7-8 август күндөрү өлкөбүздө болуп көрбөгөндөй чоң окуя болду. Бул бир гана Кыргызстан эмес Борбор Азия мамлекеттеринин арасындагы олуттуу маселе десек жаӊылышпайбыз. Анткени, өлкөнүн мурдагы президенти камакка алынды. Албетте, саясый жагынан алганда ага ар ким ар кандай баа берип жатат.

Мен милицияда отуз бир жыл иштеп, акыркы алты жылдан бери Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеӊешинин төрагасы болуп келе жаткандыктан улам аталган окуя боюнча өз пикиримди билдирип коюуну туура таптым. 2019-жылдын 7-8-август күндөрү болгон окуя биздин кыргыз мамлекети үчүн ары осол, ары кайгылуу окуя болду. Себеби биздин мурдагы президентибиздин кылган кылыктары – бул эч эрежеге жатпаган, акылга сыйбаган абалга алып келди. Өзүнүн үйүнө коӊшу-колоң, аялдарды, жаш балдарды, айрым бир чала бандиттерди жыйнап, аларга үйүнүн алдын корутуп, таштарды төгүп, мамлекеттин мыйзамдарына каршы чыгышы чоң уят иш болду.

Ал эми ошол мезгилдеги милициянын, анын жетекчилигинде турган министрдин Атамбаевди кармоо операциясы абдан туура, профессионалдык деӊгээлде болду деп толук кандуу айта алам. Милициянын ишине жалпы баа бере турган болсом милиция ошол жерде өзүнүн кыраакылыгын, уюшкандуулугун, чеберлигин көрсөтүпоперацияны акырына чыгарды. Андыктан мен жалпы милицияга, жетекчиликке тереӊ ыраазычылыкты билдирип кетким келет. Бул жерде милиция өзүнүн милдеттерин так жана абийирдүүлүк менен аткара алды.

Арийне, ошол эле окуянын тегерегинде коомчулукта ар кыл пикирлер айтылып жатат. Мен башта айткандай аларга саясый жааттан баа бере албайм. Болгону ошол маалдагы министрдин орун басары болуп турган Курсан Асановго карата коюлуп жаткан айыптоолорго өз пикиримди кошпой койо албайм. Анткени, мен бүтүндөй өмүрүмдү десем да болот, милицияга арнап, анын ачуу-таттуусун татканмын. Мындай кырдаалдарда мен ар качан милиция үчүн калыс пикиримди билдирем, коргойм жана ага таянам. Ошондуктан Курсан Асанов өз “кылыгы” менен Милициянын абийирине өтө жаман көө сүрттү деп так кесе айтам. Уят эле иш кылды. Ооба, мен Курсан Асановду 25 жылдан бери билем. Ошондуктан мен бул жигитти ак жигит, таза генерал болду, министрдин мыкты орун басары деп ишенип жүрсөм кылган иши мени абдан ирээнжитти. Бир сөз менен айтканда Генерал деген наамга татыктуу эмес деп эсептейм.

Милиция органы бул – аскерлештирилген орган болуп эсептелинет. Анан ошол жерде буйрукту аткарбай, буйрукка баш ийбестен, өзүм билемдикке барып, мыйзамга каршы иштеп, өзүнө тапшырылып берилген постту таштаганы акылга сыйбаган көрүнүш. Ырас, андан бери убакыт өттү, Асановго айыптоолор коюлууда, буларды тергөө аныктайт. Ошентсе да Атамбаевдин айрым далил буюмдары алынып кетип Курсан Асановдун баласы аркылуу, жан сакчысы аркылуу жок кылынууга аракет кылынганы, ошол окуялар учурунда айрым жашыруун маалыматтар экинчи тарапка Асанов аркылуу жеткирилип турганы коомчулукта ачыкталууда. Булар толук далилденсе анда Асановдун офицермин, генералмын дешке акысы жок. Мыйзам алдында татыктуу жазасын алышы керек.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: