Menu

Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты: “Алдыбызда кыргыз тилин илимдин, интернеттин жана технологиянын тили кылуу милдети турат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеӊеште «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы илимий-тажрыйбалык конференция өтүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев эне тилибиздин өзгөчөлүктөрү менен аны өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрүнө токтолду.

Депутат К.Иманалиев окумуштуулардын иликтөөлөрүнө шилтеме жасап, кайсы тилде бир муундан турган сөздөр көп болсо ал байыркы тил болуп саналаарын айтты. «Мындай бир муундан турган сөздөр кыргыз тилинде өтө арбын. Алар шумер доорунан бери 2500-3000 жыл мурун жаралган. Кыргыз тилинин сөздүгүн түзгөн К.Юдахиндин сөздүгүндө 81 миӊ сөз бар. Орус тилинин сөздүгү 57 миӊ сөздөн турат. Ар бир сөз акылдын продукциясы, ой чабыттын кеӊдиги. Биз ушундай эбегейсиз сөз байлыгына ээбиз. Бир да түрк эли мындай сөз байлыгына ээ эмес. Маселен, кызыл түс кыргыз тилинде 27 сөз менен берилет. Ошону менен катар кыргыз тилинде 8 миӊдей фразеологиялык сөз бар. Европа тилдеринде фразеологиялык сөздөр жокко эсе».

Өз сөзүндө депутат К.Иманалиев бүгүнкү күндө кыргыз тилин өнүктүрүүгө эч кандай саясый жагдай жоктугун айтып, алдыбызда кыргыз тилин илимдин, интернеттин жана технологиянын тили кылуу милдети тургандыгын баса белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү азыркы учурда жаӊы муунга салабаттуу, адеми сүйлөп өрнөк болуучу бир да лидер жок болуп жаткандыгын, тиешелүү адистер кыргыз тилин окутуунун алгылыктуу методикасын иштеп чыкпагандыгын, көөнө сөздөрүбүз туура пайдаланылбай жаткандыгын кейиштүү абал катары баалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: