Menu

Мевлана Желаледдин Руминин 811 жылдыгына карата конференция өткөрүлѳт

Бөлүшүү:

Аталган конференция Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги, Афганистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги жана Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин көмөгү менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин колдоосунда өткөрүлмѳкчү.

Конференциянын алкагында Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги Маданият жана Таанытуу кеңешчилиги тарабынан сүрөт көргөзмөсү, Иран Ислам Республикасынын  Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан да китеп көргөзмөсү уюштурулат.

Конференцияда ачылыш сөз, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат, Афганистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Исса Месбах Мохаммад, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Али Мужтеба Рузбихани, Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Олимзода Сухроб Хожа жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаевге берилет.

Конференция Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигине караштуу Маданият жана Таанытуу кеңешчиси доцент, доктор Нури Шимшеклер тарабынан ачылат.

Ошону менен бирге эскерүү жыйынында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучулары, Иран жана Кыргызстандын окумуштуулары баяндама окушат.

XIII кылымдын улуу ойчулу жана акыны Мевлана Желаледдин Руми, 1207-жылы 30-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Өмүрүнүн жарымынан көбүн Түркиянын Конья шаарында өткөргөн Мевлана, 1273-жылдын 17-декабрында дүйнөдөн өтүп, сөөгү ошол жерге коюлган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: