Menu

Бажыдагы коррупциялык схемалардын генийи, “Кошелек” каймана аты бар Мурат Малабаев коррупцияга айыпталган Ахмат Келдибековдун тоюнун сыйлуу коногу болду

Бөлүшүү:

Коррупцияга айыпталган Ахматбек Келдибековдун уулунун үйлөнүү тоюнун дагы бир сыйлуу коногу – Кыргызстандагы бажынын коррупциялык схемаларынын гений ойлоп табуучусу Мурат Малабаев болду. “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” дегендей, тойдо чынында эле “балыкчылар” көп эле олтурушту. “Кошелек” Мурат Малабаев экс-президент Акаев доорундагы коррупциянын символу катары элдин эсинде сакталып келатат.

“Кошелек” каймана аты бар Мурат Малабаев да Бажынын азыркы “атаманы”, “Катта” каймана аты бар Раим Матраимов сыяктуу Ош облусунун Кара-Суу районунан болот. Ушундан улам Кыргызстандагы бажынын генийлери Кара-Суудан эле чыгат окшойт деген ой дароо башка келет.

Мурат Малабаев да иниси Раим Матраимов сыяктуу эле КР Бажы кызматынын төрага орун басары кызматына жетип, бирок иш жүзүндө төраганын ролун аткарып, бажы системасын каалагандай калчаган. Бажыдагы эң алгачкы коррупциялык схемаларды ойлоп таап, аны ишке ашырып, эң алгачкы көмүскө миллионер болгон. Өзүнүн устаты Ташкул Керексизовдун жардамы менен президент Аскар Акаевдин колтугуна кирип алып, анын уулу Айдарлар менен эмнени гана жасашпады? 2005-жылдагы революциядан кийин жаңы бийликтен жана криминалдан коркуп, чет өлкөгө качып кеткен Малабаев чет жердеги миллиондогон долларларга бааланган бизнестерин сактап кала алды. Айрыкча мейманканалары азыр жакшы киреше берип жатканы маалым.

Малабаев да Матраимов сыяктуу шайлоолордо Кара-Суу районунун добуштарын дүңүнөн алып койчу. Өзү депутаттыкка талапкердигин койгондо өз округунун шайлоочуларынын 98%ынын добушун утуп алганы белгилүү.

“Кошелек” деген каймана ат менен бажыдагы ишмердигин баштаган Мурат Малабаев бара-бара “Уважаемый” деген каймана атка жеткен. Ал эми “Раим-миллион” деген каймана ат менен баштаган Раим Матраимов азыр “Катта” (чоң) деген каймана аттын деңгээлине көтөрүлдү. Чын эле Кара-Суу генийлердин мекени экен.

“Кошелоктун” ал кездеги Айдар Акаев дайындаган “крышасы” УКМКнын төрагасы, генерал Калык Иманкулов болсо, “Каттанын” “крышалары” Атамбаев дайындаган УКМКнын төрагасы жана анын орун басары, генералдар Абдил Сегизбаев менен Болот Сүйүнбаевдер болуп келишти.

Мурат Малабаев коррупцияга айыпталып, камакка алынганда Акаевдик бийлик анын ондогон квартиралары менен кымбат автоунааларынын тизмесин жарыялаган сыяктуу Атамбаевдик бийлик да Ахмат Келдибековду коррупцияга айыптап камакка алганда анын ондогон квартиралары менен кымбат унааларынын тизмесин массалык маалымат каражаттарында байма-бай жарыялап турду. Бирок Акаев менен Атамбаевдик бийлик ал байлыктардын тагдыры эмне болду, кимдердин колуна өттү деген суроолорго алигиче жооп бере элек.

Мурат Малабаев кыргыздардан эң алгач болуп коррупциялык схемалардан түшкөн акчаларды чет өлкөгө чыгарып, адалдоо операцияларын ишке ашырган кыраан. Анын бул арам акчаларды адалдоо схемаларын азыркы коррупционерлер бүгүнкү күнгө чейин кадимкидей пайдаланып келатышат. Мына ошондуктан ал коррупционерлер арасында чоң кадыр-баркка ээ. Азыр чет элге качып чыгышкан “Шоопур” Илмиянов жана Шадиевдер да мына ошол схемалар менен акчаларын адалдоо аракетин кылып жатышканы айтылууда.

Мына ушундай кыраандар Ахмат Келдибековдун уулунун тоюн көркүнө чыгарды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: