Menu

«Нур Отандын» үгүт материалдарын айрыган активист психдиспансерге жаткырылды

Бөлүшүү:

Актөбөдө “Нур Отан” партиясынын шайлоо алдындагы үгүт баракчаларын айрып таштаган активист Асанали Сүйеубаев психоневрологиялык диспансерге жаткырылды.

21-декабрда аны тез жардам бригадасынын медиктери аймактык инспектор менен үйүнөн алып кетишти. Бул тууралуу Qaharman уюмунун директору, укук коргоочу Дана Жанай кабарлады.

Диспансердин башкы дарыгеринин орун басары Есенаман Нысанов бул маалыматты тастыктады:

— Анын аракетинде өзгөрүү бар. Бирок өзү мойнуна албай жатат. Эмнени кааласа, ошону кыла берчү, көчөгө чыгып, шайлоо алдындагы үгүт плакаттарын айрыган. Медицинада бул «аддиктивдик жүрүм-турум» деп аталат. Сүйеубаев коомдук тартипти бузган аракеттерди жасаган.

Дарыгердин айтымында, Асанали Сүйеубаев, экинчи топтогу майып катары 2012-жылы психиатриалык каттоого алынган.

Полиция Сүйеубаевдин кармалышы жана диспансерге жөнөтүлүшү боюнча маалымат берген жок.

Асанали Сүйеубаев «Фейсбук» баракчасындагы түз эфир учурунда «Нур Отан» партиясынын үгүт материалдарын айрып таштаган.

Актөбөдөгү көптөгөн акциялардын катышуучусу Асанали Сүйеубаев быйыл апрелде да психдиспансерге жаткырылган. Ал мажбурлап дарылашты деген доо менен дарыгерлерди сотко берген, бирок арызы канааттандырылган эмес.

Казакстанда 10-январда парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: