Парламентте акыйкатчылыкка талапкерлерди тандоо учурунда талапкер Токон Мамытов менен “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бахадыр Сулеймановдун ортосунда кайым айтышуу орун алды. Эл өкүлү суроо берип жатып, Мамытов журналисттерге Сулейманов чет элдик тыңчы жана башка өлкөнүн жараны деп айтканын билдирип, “Эгер сизде ушундай факт болсо, эмне үчүн документтерди көрсөтпөйсүз?” – деп асылды. Ага Мамытов: “Сизди агент деп мен айткан эмесмин, бул теманы сиз көтөрүп жатасыз. Сиздин башка өлкө жараны экениңиз тууралуу материалдар болсо менде бар. Алар эки ай мурун БШКга берилген. Бул документтердин баары – кайсылар экенин сиз билесиз, Казакстан ИИМинин, Жарандык иштер боюнча комиссия катчылыгынын жообу- бул материалдардын баары чогултулуп, Башкы прокуратурага жана ИИМге берилди”, – деп жооп берди. Кыскасы, депутаттын оозун жап кылды. Эгер акыйкатчы болуп, жарандардын укугун коргой турган адам акыйкатты айтып жаткан болсо, демек Сулейманов Казакстандын жараны экени чын экен да…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ