Menu

КСДП курултайын тизмеге кирбей калчу лөктөр кечеңдетип атабы?

Бөлүшүү:

Атамбаев ажолугун тапшыргандан кийин эле КСДПнын курултайы өтүп, өзү партия башына келе турган болуп жаткан. Ал үчүн алгачкы даярдыктар да көрүлгөнү белгилүү эле болгон. Бирок, өткөн жылдын декабрында өтө турган болгон КСДПнын курултайы бир эмес эки жолу белгисиз себептерден улам артка жылдырылды.  Атамбаев партиясынын жыйынын өткөрүп, кайра өзү саясий аренага кайтып келгенден кийин саясий багыт кандай болору аныкталып калат болчу. Көпчүлүк саясатчылар да ошол жыйында кандай сөз жүрөрүн күтүп, кайсыл багытка түшөрүн билбей турат. Мурунку ажо партия башына келген соң кийинки шайлоого барчу тизмени түзөрү белгилүү. Аны өзү да жашырган эмес. Ошол тизмеге азыр парламентте КСДПнын чоңдору болуп олтурган, мурунку шайлоодо өлкөнү айланып, жеңишти камсыз кылган Иса Өмүркулов, Чыныбай Турсунбеков, Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаровдор баштаган таасирлүү саясатчылар кирбей турганы тар чөйрөдө айтылып, ошолор саясий абалды биз да курчута алабыз дегендей кылып, мурунку шефине кыр көрсөткөндөй болушуп, партия курултайын өткөзүүгө мүмкүнчүлүк түзбөй жатканы чынбы? КСДПнын таасирлүү болушуна чоң күч жумшаган лидерлерден Атамбаевдин кол үзгүсү келип жатканы жакынкы күндөрү ачыкка чыгабы? Өмүркулов, Турсунбеков, Жээнбеков, Зулпукаров баштаган топтон Атамбаев ажыраса өзүнө эле кыйын болуп калбайбы? Булардын артында калың колдоочулары бар эмеспи. Эгер булар жаңы тизмеге кирбей калып, өздөрүнчө партия менен кете турган болсо Атамбаевдин өзүнө атаандашчу чоң күч болору да шексиз. КСДПга жан дили менен эки шайлоодо кызмат көрсөткөн бул лөктөрдүн ордун башка партиядагы адамдар толуктары да сөз болууда. “Өнүгүүдөн” 2 депутат, “Бир Болдон” 4 депутат, “Кыргызстандан” 4 депутат КСДПнын жаңы тизмесине киргени саясатчылардын арасында кызуу талкууга алынууда. Жазга жакын КСДП өзүнүн ичинде кыл чайнашка түшкөнү калды. Абал тынч эле болсо экен…

Булак: Жаңы Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: