Турсунбек Акун агабыз бир кезде Алмаз Атамбаевди жерге-сууга тийгизбей мактап жүрдү эле. Саясат дегениң кир нерсе экен, кайран Акун жакынкы убакыттан бери 180 градуска өзгөрүп, «эксти» алынын жетишинче шыбап баштады. Ал жакты «шыбап», бул жактын «короосун шыпырып» кызмат үмтөтүп жатканы ачык байкалууда. Тилекке каршы, жогор жактагылар Тукеге көз кырын салбай койду. Көптөн бери акыя күткөн акыйкатчылыктын «устаканы» да колго тийбеди. Бирок Тукең үмүтүн үзөлек. Жалпылдап мактап, бийликти жандили менен коргоп жатат. Бечаранын шагын сындырбай бир жерге жайгаштырып же колуна «шыбага» берип койсо болмокбийлик деле…
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ