Menu

Кыргызстан менен Европа бирлигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору талкууланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-декабрь күнү Брюссель шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа Бирлигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жаңы Жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалын жана КР менен ЕБнын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечектерин, ошондой эле 2021-2027-жылдарга Көп жылдык индикативдик программаны талкуулашты.

Жогорку өкүл өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасына ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүнү улантууга даярдыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча жаңы Стратегиясын жана ЕБ-БА Тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусунун жыйынтыктарын талкуулашты.

ЕБ-БА биринчи Экономикалык форумун даярдоо жана өткөрүү маселелерине өзүнчө көңүл бурулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: