Menu

Бакыт Айдаров

"Ынтымак" телеканалынын бир күн мурда дайындалган жетекчиси Бакыт Айдаров кызматтан кетти

Ошто “Ынтымак” коомдук-региондук телерадиокомпаниясынын жаңы дайындалып, жамаатка тааныштырылган жетекчиси бир күн өтпөй кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды.

Бакыт Айдаровду 3-майда жамаатка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов расмий тааныштырып кеткен.
Ал эми 4-майда Бакыт Айдаров кайрадан жумуштан кетүү жөнүндө арыз жазганын журналисттерге министрликтин Маалымат башкармалыгынын бөлүм башчысы Бектур Ибрагимов тастыктап, буга анын үй-бүлөлүк шартына байланыштуу жагдай себеп болгонун билдирди.
Бакыт Айдаров “Ынтымакта”директор болуп 2020-жылдын декабрь айынан бери эмгектенип келген, ага чейин аталган каналдын коммерциялык директору болуп иштеген. Быйыл 17-апрелде ал кызматтан өз арызы менен кеткен.

Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) текшерүүсү себеп болгону айтылган. Айрым кызматкерлерди атайын кызмат суракка чакырган.

Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгулов 3-майда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, андай текшерүү тууралуу кабары жок экенин айткан.
“Ынтымак” КРТРКсы 2011-жылы аймактык телекомпания болуп ачылган. Ал Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кыргыз, өзбек тилдериндеги көрсөтүүлөрдү даярдап келет.

Меню