Menu

Кемпир-Абад суу сактагычы

Кытай Кемпир-Абаддан Фергана шаарына таза суу жеткирет

Кытайдын SINOMASH холдинги Кемпир-Абад суу сактагычынан Фергана шаарына таза  сууну жеткирүү боюнча долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу Фергана облустук акимчилиги билдирди.

Маалым болгондой, SINOMASH компаниясы менен алдын ала макулдашуу түзүлгөн. Мындан тышкары компания облустагы социалдык мекемелердин курулушун жана капиталдык реконструкциялоо иштерин да жүргүзөт.

2022-жылы Өзбекстан менен Кыргызстан эки өлкөнүн чек арасындагы Кемпирабад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча келишимди ратификациялаган.

Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өткөн. Кыргыз өкмөтү Өзбекстан анын ордуна 19 миң гектар жерди бергенин билдирген.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активист былтыр октябрда камалган.

Жаза аткаруу кызматы абакта ачкачылык жарыялагандар тууралуу маалымат берди

Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) Кемпир-Абад маселесине байланыштуу абакта отургандардын арасында ачкачылык кармап жаткандар боюнча маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматы беш киши ачкачылыкты улантып жатканын, алардын абалы “дурус” экенин билдирди. Алар – Али Шабдан, Акылбек Айтбаев, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов жана Атай Бейшенбек.

ЖАК тараткан маалыматка караганда, алар Атай Бейшенбекти айып изоляторунан чыгарууну, Равшан Жээнбеков менен Илгиз Сарылдак уулун мурдагы отурган абак бөлмөсүнө алып келүүнү талап кылышкан.

“Ачкачылык жарыялагандардын абалы бүгүнкү күндө жакшы. Эч кандай дооматтары жок, суюктук ичип жатышат, кээ бирөөсү аз-аздан тамак жеп башташты. Медицина кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө. Айыпталуучуга тамак-аштан баш тартуу алардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туудурары, кайра калыбына келтирилгис кесепеттерге алып келери түшүндүрүлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып отургандардан кабар алганын билдирген. Борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков беш киши ачкачылык кармоону улантып жатканын, алар тамак-аштан баш тартып, суу ичип жатышканын айткан.

Камакта отургандар аларды улам башка бөлмөгө которуп жатышканына нааразылык иретинде 19-майдан тартып саясий ачкачылык жарыялашканы белгилүү болгон. Абактагылар “басымды токтотууну” талап кылышкан.

Буга чейин ЖАК айып изоляторуна үч күн мурда киргизилген Атай Бейшенбек ал жактан 21-майда чыгарылганын маалымдаган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган. Кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан. Азыр 10дон ашыгы абакта отурат.

Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү” жана “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Азимбек Бекназаров менен Кубанычбек Кадыров 20-июнга чейин абакта калды

Бишкек шаардык соту 3-майда Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган саясатчылар Азимбек Бекназаров менен Кубанычбек Кадыровдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын карап, канааттандырган жок.

Эки саясатчы тең 20-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында калды.

2-майда аталган сот Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камалган Эрлан Бекчоро уулун, Равшан Жээнбековду, Рита Карасартованы, Акыл Айтбаевди жана Илгиз Шаменовду да 20-июнга чейин камакта калтырган.

Учурда Кемпир-Абад ишине байланыштуу 16 активист, саясатчы, коомдук ишмер жана укук коргоочу камакта отурат. Активист, укук коргоочу Рита Карасартова камакта калган жалгыз аял.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту тергөөнүн өтүнүчү менен онго жакын активист жана саясатчыны үй камагына чыгарган. Калган 16 кишини тергөө абагында калган. Башкалары ага чейин үй камагына чыгарылган.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын 20дан ашыгы камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. “Массалык башаламандыкка” шектелип кармалгандардын арасынан 4-5 кишиге кошумча айып коюлганы кабарланган.

Айыпталгандар өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет. Бир катар эл аралык уюмдар бийликти абакта отургандарды бошотууга чакырышкан.

Кемпир-Абад иши: төрт активист менен саясатчынын камактагы мөөнөтү узарды

Бишкек шаардык соту 2-майда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакка алынган активисттер Акыл Айтбаев менен Илгиз Шаменовдун бөгөт чарасын карап, экөөнү тең 20-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында калтырды.

Бул жараянда сот активист Эрлан Бекчоро уулунун, саясатчы Равшан Жээнбеков менен укук коргоочу Рита Карасартованы да абакта калтырды.
Сотто саясатчы Азимбек Бекназаровду үй камагына чыгаруу боюнча алардын адвокаттарынын арызы да карала турганы кабарланган.
Учурда Кемпир-Абад ишине байланыштуу 16 активист, саясатчы, коомдук ишмер жана укук коргоочу камакта отурат. Активист, укук коргоочу Рита Карасартова камакта калган жалгыз аял.
Буга чейин Биринчи Май райондук соту тергөөнүн өтүнүчү менен онго жакын активист жана саясатчыны үй камагына чыгарган. Калган 16 кишини тергөө абагында калтырган. Башкалары ага чейин үй камагына чыгарылган.
2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.
Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын 20дан ашыгы камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. “Массалык башаламандыкка” шектелип кармалгандардын арасынан 4-5 кишиге кошумча айып коюлганы кабарланган.
Айыпталгандар өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет. Бир катар эл аралык уюмдар бийликти абакта отургандарды бошотууга чакырышкан.

Депутат Тазабек Икрамов Кемпир-Абад боюнча камалган активисттерди бошотууга чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өлкө жетекчилерине кайрылып, Орозо айында кечиримдүү болуп, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды бошотууга чакырды.

“Мекенге күйгөн эр-азаматтарыбыз, эжеке-карындаштарыбыз бүгүнкү күндө эч күнөөсүз абакта отурат. Бийликтин душмандары башкалар. Ыйык Орозо айынын бир күнүн текке кетирбей кармап калгыла. Кемпир-Абад боюнча камалгандарды кечирип коюңуздарды суранам. Алар түрмөдө отуруп мамлекетке кереги тийбесе да, үйдө жакындарына көбүрөөк керек”, – деп жазды депутат Фейсбуктагы баракчасына.

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар 27-мартта укук коргоочуларга, акыйкатчы жана Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору менен жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, ден соолугу начарлаган активисттердин кароо үчүн көз карандысыз дарыгерлерден турган комиссия түзүүнү суранган.

Клара Сооронкулова оор операциядан кийин өпкөсү кагынып, чукул дарыланууга муктаж экенин 27-мартта адвокаты маалымдады. Сооронкуловага 20-февралда ооруканада дарыланууга уруксат берилген жана анын операция болгону кабарланган. 15-мартта кайра тергөө абагына которулган.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган “Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөсү Улукбек Маматаев 15-мартта операция болгон. 29-мартта ал кайрадан тергөө абагына которулганын Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Аскат Эгембериев “Азаттыкка” ырастаган.

Буга чейин ооруканада дарыланган Мамбетжунус Абыловдун, Равшан Жээнбековдун ден соолугу толук калыбына келе электе абакка которулганын алардын жактоочулары маалымдаган. Чыңгыз Капаров, Илгиз Шаменов, Таалайбек Мадеминов да дарыланууга муктаж экенин билдиришкен.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган ​Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Алардын 20дан ашыгынын абактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылган.

Милиция кармалгандар бийликти басып алууга аракет кылганын билдирген. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо. Бир катар эл аралык уюмдар Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ишин калыс кароого чакырган.

"Кемпир-Абад иши" боюнча камалгандар көз карандысыз консилиум түзүүнү суранышты

“Кемпир-Абад иши” боюнча кармалган саясатчылар менен активисттер көз карандысыз консилиум түзүү өтүнүчү менен Акыйкатчы институтуна жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылышты.

Кайрылууда укук коргоо органдары кармалгандарга көз карандысыз адистешкен медициналык кызматтарды алууга мүмкүндүк бербей жатканы белгиленген.

“Гүлнара Журабаевага, Таалайбек Мадеминовго, Чыңгыз Капаровго жана Илгиз Шаменовго дарыгердин көрсөтмөлөрүнө карабай, ооруканага чыгууга уруксат берилбей атат. Ал эми оор операциядан кийин Мамбетжунус Абылов менен Клара Сооронкулова реабилитация болбостон, эч кандай шарты жок түрмөгө кайтарылды. Биз мунун баары бийликтин көрсөтмөсү менен жасалып жатат деп эсептейбиз”, – деп жазылган кайрылууда.

Акыйкатчы институту мекеменин кызматкерлери 24-мартта Клара Сооронкуловага жолукканын, ал операциядан кийин реабилитация болууга муктаж экенин билдирген.

Сооронкуловага 20-февралда ооруканада дарыланууга уруксат берилген жана анын операция болгону кабарланган. 15-мартта ал кайра тергөө абагына которулган.

“Кемпир-Абад ишине” байланыштуу тергөө абагында отурган “Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөсү Улукбек Маматаев 15-мартта операция болгон. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова соцтармактарга азыр анын абалы оор экенин жазды.

Буга чейин ооруканада дарыланган Мамбетжунус Абылов менен Равшан Жээнбековдун ден соолугу толук калыбына келе электе эле абакка которулганын алардын жактоочулары маалымдаган. Чыңгыз Капаров, Илгиз Шаменов, Таалайбек Мадеминов да дарыланууга муктаж экени кабарланган.

“Кемпир-Абад иши” боюнча кармалган ​Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Алардын 20дан ашыгынын абактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылган.

Милиция кармалгандар бийликти басып алууга аракет кылганын билдирген. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо. Бир катар эл аралык уюмдар “Кемпир-Абад иши” боюнча камалгандардын ишин калыс кароого чакырган.

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад ишинен "жашыруун" деген грифти алып салды

Бишкек шаардык соту адвокат Кантемир Турдалиевдин арызын жарым-жартылай канааттандырып, “Кемпир-Абад ишидеги” купуялуулук мөөрүн алды. Бул тууралуу Турдалиев өзү билдирди.

Адвокаттын айтымында, азырынча ага соттун чечими тие элек. Юрист мамлекеттик сыр камтылбаган томдордон купуялуулук грифи алынышы керек деп эсептейт.

“Тергөө иштин мамлекеттик сырды камтыган материалдарын жашырууга укуктуу. Мен иштин бардык материалдары жашырылганы боюнча арыз бергем. Бул боюнча сот менин кайрылуумду канааттандырды”, – деди Турдалиев.

Адвокат эми мамлекеттик сыр камтылган иштин материалдарынан башка сот отурумдарынын баары ачык өтүшү керек экенин белгиледи.

Былтыр октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер камалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен кармалганын билдирген. Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Бул ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берген эмес.

Президент Садыр Жапаров активисттердин камалышы боюнча комментарий берип жатып, “камактагылардын 90% ашыгы чек ара маселелери боюнча жабык талкууларга катышкан жана алар Кемпир-Абад Кыргызстандын пайдасына чечилип жатканын билиши керек болчу” деген. Анын айтымында, кармалгандар элди адаштырып, “мамлекеттик төңкөрүш” жасоого аракет кылган.

Кемпир-Абад иши: шаардык сот жети кишини абакта калтырды

9-мартта Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча “жапырт башаламандык уюштурууга” шек саналып жаткандардын айрымдарынын бөгөт чарасын карап камакта калтырды.

Шаардык соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, саясатчылар Бектур Асанов, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, активисттер Акылбек Айтбаев, Рита Карасартова, Али Шабдан, Темир Махмудов 20-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта калтырылды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын 15-17-февраль күндөрү карап, көпчүлүгүн абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан. Шектүүлөрдүн жактоочулары райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко арыз берген. Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши менен камакта жаткандардын бөгөт чарасын кароо 10-мартта уланат.

Ушул тапта Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев үй камагында.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

«Кемпирабад иши»: активисттер аялдарды үй камагына чыгарууну сурашты

Кыргызстандагы бир катар жарандык активисттер, укук коргоочулар жана журналисттер Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткан аялдарды үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен бийликке кайрылды.

Алар сот шектүүлөрдү камакка алууда балдарын, жашын, коомго кылган эмгегин жана туруктуу жашаган жери бар экенин эске албаганын билдирип, саясатчылар Клара Сооронкулованы, Рита Карасартованы, Гүлнара Журабаеваны, Асия Сасыкбаеваны үй камагына коё берүүнү сунушташты.

Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-17-февраль күндөрү карап, көпчүлүгүн абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан. Үй камагына чыккандар: Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев.

Ушул тапта оппозициялык саясатчылар Равшан Жээбеков жана Клара Сооронкулова ооруканада. Алар дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин тергөө абагына кайтарылат.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет.

Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жолугушуу өттү

12-18-февралда Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоого байланыштуу жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдашты. Ошондой эле чек аранын айрым тилкелерин жер-жерлерде изилдөө графиги макулдашылды.

“Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду”, – деп жазылат маалыматта.

Жумушчу топ кийинки жолугушууну Кыргызстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өткөн айдын аягында Бишкеке мамлекеттик сапар менен келгенде эки өлкө чек арасын делимитациялоо жараяны аяктаганын билдирген. Анда тараптар чек аранын айрым тилкелери тууралуу келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан.

Анын алдында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да кол коюп, ратификациялап бүткөн.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Шаардык сот аларды февралдын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу ага чейинки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө. Өз кезегинде камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Меню