26-мартта Ташкент шаардык сотунда журналист Бобомурод Абдуллаев, блогер Хаетхон Насреддинов жана жергиликтүү ишкерлер Равшан Салаев менен Шавкат Оллоеровдин иши боюнча сот отуруму уланды.
Анын жүрүшүндө Бобомурод Абдуллаев бир жарым саат көрсөтмө берип, камакта жатканда кандай кыйноолорго кабылгандыгы тууралуу айтып берди. Журналисттин билдиришинче, сурак маалында атайын кызматтын тергөөчүлөрү «күнөөнү моюнуңа албасаң, 70 жаштагы апаңды сенин көзүңчө зордуктайбыз» деп опузалашкан.
Андан тышкары Абдуллаев сотто 2003-2005-жылдары «Усман Хакназаров» деген каймана ат менен макалаларды жазып жүргөнүн моюнуна алып, бирок оппозициялык «Өзбекстан элдик кыймылына» тиешеси жок экенин жана учурда Түркияда жашап жүргөн оппозициячыл саясатчы Мухаммад Салихке макала үчүн материал топтоого жардам бербегендигин айтты.
Бобомурод Абдуллаев, блогер Хаетхон Насреддинов жана жергиликтүү ишкерлер Равшан Салаев менен Шавкат Оллоеровдин иши боюнча сот отуруму быйыл 7-мартта башталган. Аларга «бийликти басып алуу максатында кутум уюштуруу» беренеси боюнча айып тагылган.
Алгачкы отурумда Абдуллаевдин адвокаты Сергей Майоров журналисттин күнөөнү моюнуна алган көрсөтмөсү кыйноолор менен алынганын билдирген. Буга байланыштуу ал айыпталуучунун кыйноого алынышы фактысы боюнча экспертиза дайындоону суранып, судья анын бул өтүнүчүн канааттандырган. Бирок экинчи отурумда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы окулуп, анда журналистке карата кыйноо болгондугу ырасталган эмес.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ