Кожомбердиев Урмат Мелисович КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Урмат Кожомбердиев боюнча учкай маалымат бере кетсек, ал 1978-жылы 14-январда Бишкек шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Жогорку билимдүү, эки кесиптин (юрист, экономист) ээси. Бишкектеги Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин юридикалык жана экономика факультетин аяктаган. Кызматка тепкич менен көтөрүлгөн. Ал алгач Ысык-Көл облусундагы “Кыргызалко” өкүлчүлүгүндө айдоочу болуп (1999-жылы) иштеген. Ошол эле жылдын 29-ноябрында ошол эле жерде инспектор болуп бир жыл эмгектенген. 2001-жылдан баштап кесиби менен иштей баштаган. Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда иш өндүрүүчү (делопроизводитель), 1-категориядагы адис, сот аткаруучу болгон. Анан Свердлов райондук сотко которулуп, соттук аткаруучулар кызматынын улук сот аткаруучусу болуп иштеген. Соттун алдындагы Сот департаментинин директорунун убактылуу милдетин аткарып жатканда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басарлыгына буйрук чыкты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ