Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мектеп окуучуларына уюлдук телефондор жана сыналгылар берилди. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Урумов билдирди.
Анын айтымында, шаарда 10 мектеп бар. Карантин учурунда 100 үй-бүлөдө сыналгы жок экендиги белгилүү болгон. Айрым үй-бүлөлөрдө 2-3төн окуучу бар. Ошентип, 130 окуучунун үйүндө сыналгы жок болгон. Бүгүнкү күндө 65 үй-бүлөгө сыналгылар тапшырылган, алардын жарымы жаңы, ал эми айрымдары колдонулган.
“Демөөрчүлөр жана мугалимдер жардам берип жатышат. Азыр 35 үй-бүлөдө сыналгы жок. Жергиликтүү бийликтен жардам сурайбыз. Ошондой эле 800 окуучунун уюлдук телефондору жок. Ал эми 500 мектеп окуучусуна уюлдук телефондор берилди”,- деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ