Menu

Алмаз Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевге кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Кечээ, 7-февралда экс-президент Алмаз Атамбаевдин көп жылдардан берки жан сакчысы Дамир Мусакеев Аскердик прокуратурага суракка чакырылып, ал президент Атамбаевдин жанында жүргөн учурда, УКМК кызматкерлерине батир бөлүштүрүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзам бузгандыгы боюнча суракка алынды. Бул тууралу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасы аркылуу билдирүү таратты.

Аскердик прокуратуранын суранычы боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Дамир Мусакеевдин бөгөт чарасын карап, аны Бишкек шаарынын аймагынан чыкпоого милдеттендирген чечим чыгарды.

“Дамир Мусакеев Алмазбек Атамбаевди Бириккен Араб Эмираттарына болгон жеке сапарында коштоп барган. Кечээ күнү аны аскердик прокуратурага суракка чакырышты. Кечинде Биринчи май райондук соту бөгөт коюуу чарасын карап – башка жакка кетпөө жөнүндө кол кат алуу чечимин чыгарды. Ал УКМКнын тогузунчу кызматын жетектеп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп эч негизсиз эле шектелүүдө. Кылмыш иши мамлекеттик кузөт кызматынын кызматкерлери арасында кызматтык турак-жайды бөлүштүрүү тууралуу болуп жатат. Баса белгилей кетчү жагдай, бир дагы кызматтык батир менчиктелген эмес. Демек, мамлекетке эч кандай материалдык доо кеткен жок. Биздин юристтердин айтымында Дамир Мусакеевге коюлуп жаткан доо юридикалык жактан алып караганда – келечеги жок. Ошондуктан биз бул иш саясый өӊүттө болуп жатат дейт элек. Баардыгана оркоюп эле көрүнөп калды, экс-президентти сатпай, Форумдан кетпей Алмазбек Атамбаевдин жанында калган адамдардын баарын жок кылуу буйрутмасы иш жүзүнө ашып жатат!”, – деп жазат Кундуз Жолдубаева.

Дамир Мусакеев Атамбаевдин жак сакчысы болуп жүрүп, 2016-жылы КР УКМКнын жетекчисинин орун басары, 9-башкармалыктын башчысы болуп дайындалган. Былтыр ал кызматынан бошотулгандан кийин ал кайрадан экс-президент Атамбаевдин жан сакчысы болуп иштей  баштаган.

Булак:KyrgyzToday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: