Menu

Касым-Жомарт Токаев

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Түндүк Европада Куранды өрттөгөн акцияларды айыптады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түндүк Европада Куранды өрттөгөн акцияларды “дүйнөдө чыңалууну күчөтүүгө, элдердин жана мамлекеттердин ортосундагы ишенимге доо кетирүүгө багытталган жол берилгис чагымдар” деп атады.

Токаевдин пикиринде, “айрым мамлекеттердин жарандарынын диний вандализм жана жоопкерчиликсиз жүрүм-туруму” мамлекеттердин жана диндердин жалпы таанылган нормаларына каршы келген аракеттер катары бир добуштан айыпталышы керек.

“БУУнун Башкы ассамблеясы да бул боюнча өзүнүн салмактуу сөзүн айтышы керек”, – делет Акорда тараткан Токаевдин билдирүүсүндө.

Данияда эки демонстрант 24-июлда Ирактын элчилигинин алдында мусулмандардын ыйык китеби Куранды өрттөшкөн. Андан мурдараак да ушундай акция уюштурулган. Бул көрүнүш Иракта жапырт нааразылык жараткан. Бир катар мусулман өлкөлөрү муну айыптады.

Буга чейин Швецияда Куранды өрттөгөн акция болуп, мусулман өлкөлөрүндө нааразылык жараткан. Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши 12-июлда диний жек көрүүчүлүк тууралуу талаштуу резолюцияны жактырган.

Акордо: Казакстандын союздук мамлекеттерди түзүү же ага кошулуу ниети жок

24-майда Москвадагы Евразиялык экономикалык форумда сүйлөгөн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ичинде Беларус менен Орусиянын союздук мамлекеттер уюму бар экенин эске алууга чакырган.

Казак президентинин бул сөздөрү социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткан. Буга байланыштуу Токаевдин басма сөз катчысы Руслан Желдибай билдирүү таратып, Казакстандын союздук мамлекеттерди түзүү же ага кошулуу ниети жок экенин белгиледи.

“Мамлекет башчысы ЕАЭБдин алкагындагы интеграция экономикалык багытта гана кетиши керектигин айткысы келген. Бул багыттан чыгуу – уюмдун уставдык документтериндеги максаттарды, принциптерди бузат. ЕАЭБ менен анын ичиндеги “Орусия-Беларус” союздук мамлекеттердин алкагындагы демилгелерди бөлүшүбүз керек, булардын максаттары эки башка. Казакстандын союздук мамлекеттерди түзүү же ага кошулуу ниети жок”, – деп жазды Желдибай “Фейсбуктагы” баракчасына.

Касым-Жомарт Токаев 24-майда Евразиялык экономикалык форумдагы сөзүндө ЕАЭБдин ичиндеги эки өлкөнүн интеграциясы менен калган үч мүчөсүнүн интеграциясындагы айырмачылыктар бар экенин белгилеген. Анын айтымында, Беларус менен Орусиянын союздук мамлекеттер уюмунда “эки өлкө – бир мамлекет” формуласы боюнча интеграция каралган.

“ЕАЭБдин ичинде Беларус менен Орусиянын союздук мамлекеттер уюму бар. Бул дүйнөнүн саясий тарыхында уникалдуу прецедент, же феномен. Саясий, юридикалык, аскердик, экономикалык, валюталык, маданий, гуманитардык жактан бирдиктүү мейкиндик түзүү менен, бирдиктүү союздук өкмөтү жана бирдиктүү парламенти бар “Эки өлкө – бир мамлекет” формуласы менен түзүү. Кечирим сурайм, керек болсо азыр алардын экөөндө бир өзөктүк курал бар. Бирок ошол эле маалда Казакстан, Кыргызстан жана Армения кирген интеграциянын башка бир деңгээли да бар. Биз ошол чындык менен да эсептешүүбүз керек”, – деген Токаев.

Казак президентинин бул сөздөрү социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткан. Айрым талдоочулар Токаев союздук мамлекеттерди ЕАЭБдин көйгөйү катары айткысы келген деген пикирлерин билдиришкен.

"Ачык диалог": Казакстан президенти Путинге санкциядан айланып өтүүгө жардам берүүдө

Европада жайгашкан “Ачык диалог” фонду жана казакстандык жети укук коргоочу уюмдан турган коалиция Батышты “орус президенти Владимир Путинге санкцияларды айланып өтүүгө жардам бергени үчүн” бир катар казак аткаминерлерине санкция салууга үндөдү.

“Украинага каршы орус согушунун бенефициарлары. Назарбаев-Токаевдин режими Путинге кантип жардам берүүдө?” деген аталыштагы баяндама 25-апрелде жарыяланды. Анда Орусия Украинага басып киргенден кийин Казакстан Москвага аскердик максатта колдонула турган каражаттарды жеткирүүгө көмөктөшкөнү айтылат.

Баяндаманын авторлору буга Казакстандын тышкы соода боюнча расмий статистикасынан мисал келтирген. Мындан тышкары батыш медиасындагы макалаларга, эксперттердин баасына жана инсайдерлердин билдирүүлөрүнө шилтеме жасашкан.

“Казакстан 2022-жылы Орусияга 11,5 тонна ок-дары экспорттогон. Ошол эле жылы Казакстан Франциядан 17,8 тонна ок-дары алган. Казак бийлиги француз порохун Орусияга реэкспорт кылган деп айтууга негиз бар. Мындан тышкары Казакстан 2022-жылы Орусияга телескопиялык объектилерди, атайын лазерлерди, радарларды, радионавигациялык жана аралыктан башкаруучу радио жабдууларды, жарым өткөргүчтөрдү өндүрүүдө колдонулган подшипниктерди экспорттоду”, – дейт “Ачык диалог” фондунун президенти Людмила Козловска.

Баяндамада 2022-жылы казак бийлиги Беларуска да санкциядагы товарларды жеткиргени белгиленген.

Санкцияга сунушталган адамдардын тизмесинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден тышкары Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко, Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы, миллиардер Тимур Кулибаев жана ЖККУнун башкы катчы Имангали Тасмагамбетов бар.

26-апрелде улуттук экономика министри Алибек Куантиров Казакстан согушта Орусияга жардам бербегенин билдирди.

Казакстанга иш сапары менен келген соода министринин жардамчысы Мэттью Акселрод бир күн мурда журналисттерге жолугушканда санкцияланган товарларды Орусияга Казакстандын аймагы аркылуу жеткирүү – санкцияларды жана экспорттук көзөмөлдү түздөн-түз бузууга жатарын айткан.

Токаев менен Путин жыл башынан бери үчүнчү жолу телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Акорда билдирди.

Маалыматта президенттер «мурда жетишилген макулдашууларды жогорку деңгээлде ишке ашыруунун контекстинде эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана мындан ары да чыңдоонун келечегин талкуулашты» деп айтылат.

Акорда транзиттик-транспорттук каттамдар менен соода-экономикалык байланыштарга өзгөчө көңүл бурулганын белгилейт.

Бул жыл башынан бери эки мамлекеттин башчысынын телефон аркылуу үчүнчү жолу расмий түрдө сүйлөшүүсү болуп эсептелет.

Токаев менен Зеленский гуманитардык байланыштарды талкуулашты

16-февралда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкө ортосундагы гуманитардык байланыштарды талкуулашты.

“Токаев Зеленский менен сүйлөшкөндө Казакстан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту БУУнун уставы жана дипломатиялык жолдор менен чечүүнү жактай турганын тастыктады”, – деп айтылат Акорда тараткан маалыматта.

Акыркы жолу Казакстан менен Украина президенттери телефон аркылуу былтыр ноябрда сүйлөшкөн. Анда Зеленский Токаевди экинчи мөөнөткө кайра шайланышы менен куттуктаган.

Бул жолку сүйлөшүү орус армиясы украин шаарларына чабуулду күчөтүп, казакстандыктар украиналыктарга жардам көрсөтүп жаткан маалга туш келди. Жыл башынан бери казакстандык ыктыярчылар Украина үчүн боз үй, сандык, генератор жана башка буюмдарды чогултуп жатышканы жөнүндө көптөгөн маалыматтар тарап жатат.

Владимир Зеленский Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогону үчүн Касым-Жоомарт Токаевге ыраазычылык билдирди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Украинанын лидери Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Акордонун сайты Токаев украин эгинин экспорттоодо Бириккен Улуттар Уюмунун аракети менен Түркияда кабыл алынган үч тараптуу келишимге оң баа бергенин кабарлады.

Владимир Зеленский Твиттердеги баракчасында Токаевге Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогону жана Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрү боюнча позициясын ачык айтканы үчүн ыраазычылык билдиргенин жазды.

Казакстандын президенти Токаев Владимир Путиндин көзүнчө расмий Нур-Султан Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил түзүмдөрдүн өз алдынчалыгын тааныбай турганын айткан.

Казак бийлиги Орусиянын Украинага кол салганын ачык айыптаган да, колдогон да эмес. Орусия менен мурдагы мамилесин улантууга аракет жасап, ошол эле учурда Киевге гуманитардык жардам жөнөткөнү, Украинаны колдогон акцияларга уруксат бергени маалым.

Токаев украин президенти Владимир Зеленскийге телефон чалган Борбор Азиянын алгачкы лидери. Буга чейин казак бийлигинин расмий өкүлү да Нур-Султан Донбасстагы жикчил түзүмдөрдү тааныбай турганын Брюсселде билдирген. Талдоочулар Казакстан мындай жолдор менен Батыштын туунду санкцияларынын алдын алууну көздөп жатканын айтышкан.

Уланып жаткан согуштук кырдаалда Украинадан дан жана башка азык-түлүк товарларын Кара деңиздеги украин порттору аркылуу ташып чыгуу жөнүндө макулдашуу 22-июлда Стамбулда кабыл алынган. Кепилдик берген тарап катары макулдашууга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш да кол койгон.

Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев Ысык-Көлдө "Ак кемеге" түшүп сейилдешти

Бүгүн, 20-июлда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Ысык-Көлдүн үстүндө “Ак кемеде” сейилдешти.

 

Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекет башчылары Жапаров, Токаев, Рахмон, Бердымухамедов жана Мирзиёевдин Консультативдик жолугушуусу өтөт

20-21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Жолгушууга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев катышат.

“Өлкө лидерлери регионалдык коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип жооп кайтарууда Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча пикир алмашат, региондун мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу максатында кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашат”,- деди Муратбек Азымбакиев.

Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги Консультативдик жолугушуусунун алкагында регион өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту, ынак коңшулаштыкты жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган документтерге кол коюу пландалууда.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Жаңы мыйзамга ылайык Касым-Жоомарт Токаевдин Болгариядагы элчи күйөө баласы кызматынан бошотулат

Казакстанда президенттин жакын туугандарына саясий кызматтарда иштөөгө тыюу салынган конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизилсе, Касым-Жомарт Токаевдин Болгариядагы элчи күйөө баласы Темиртай Избастин кызматын бошотуп бериши мүмкүн.

– Конституцияга президенттин туугандарынын саясий кызматта иштөөсүнө тыюу салган өзгөртүү киргизилүүдө. Саясий кызматтардын тизмеси кеңири. Президенттин жарлыгына ылайык, андай кызматка министрлер менен алардын орун басарлары, акимдер жана дипломаттар да кирет, – деди адилет министри Канат Мусин.

Журналисттердин Токаевдин Болгариядагы тууганы да кызматтан алынабы деген суроосуна министр: “Мыйзам кабыл алынар замат ал кызматын бошотуп берет, себеби мыйзам боюнча ал кызматты ээлей албайт”, – деп жооп берди.

Ачык булактардагы маалыматтар боюнча Темиртай Избастин Касым-Жомарт Токаевдин карындашы Карлыганын күйөөсү. Токаев Исбастинди Казакстандын Болгариядагы элчилигине 2019-жылы ноябрда дайындаган.

64 жаштагы Темиртай Избастин Тышкы иштер министрлиги системасында 1994-жылдан бери иштейт. Бул убакыт аралыгында ал Венгрия, Кытай, Австрия элчиликтеринде эмгектенген.

Январдын ортосунда Темиртай Избастиндин уулу Каныш Избастин “Байтерек” холдингинин башкармалыгынын төрага орун басарлыгынан кеткен. Ал бул кызматта 11 ай иштеген. Кийинчерээк ал “КазАгроФинанстын” директорлор кеңешинен да чыгарылган.

18-апрелде өткөн брифингде адилет министри Канат Мусин президенттин жакындары “Самурук Казына”, “Байтерек” сыяктуу улуттук компанияларда да жетектөөчү кызматтарда иштей албай турганын белгиледи. Мыйзамда президенттин жакын туугандарына ата-энеси, балдары, уялаш, аталаш же энелеш туугандары, чоң ата- чоң энеси, неберелери кирет. Министрдин айтымында, коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзамда жубайынын жакын туугандарына да чектөө киргизилген.

Меню