Menu

Эмомали Рахмон

Рахмон "Ансоруллох" эл аралык террордук тобу ооган-тажик чек арасын бузуп өтүү үчүн кол салганын билдирди

Тажикстан бийлиги “Ансоруллох” тобунун согушкерлеринин чек араны бузуп өтүү аракетине эки жолу бөгөт койгон.

Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 14-сентябрда Душанбе шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин жыйынында билдирди.

Рахмондун айтымында, согушкерлер “Тажикстандын борборунда жана башка аймактарында бир катар террордук чабуулдарды жасоону” көздөшкөн.

5-сентябрда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Ансоруллох” эл аралык террордук тобунун үч мүчөсү жок кылынганын билдирген.

Кабарда үчөө ооган-тажик чек арасынан 30-августта мыйзамсыз өтүп, Дарваз районуна жайгашканы, Тажикстанда “теракттарды жасоону көздөгөнү” айтылган.

Быйыл апрелде да Тажикстандын атайын кызматы ооган-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн “Ансоруллохтун” эки мүчөсү өлтүрүлгөнүн маалымдаган.

“Ансоруллох” тобу курамына Тажикстандын жарандары кирген террордук уюм жана бир нече жылдар бою талибдердин тарабында согушуп келет.

“Ансоруллох” диний кыймылы Кыргызстанда да 2012-жылы экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.

АКШ Мамлекеттик департаменти: Тажикстан 31 жылдан бери бир гана киши башкарып келаткан авторитардык өлкө

АКШнын Мамлекеттик департаменти Тажикстанды 1992-жылдан бери бир гана киши башкарып келаткан авторитардык өлкө деп атады.

Мекеменин дүйнөдөгү адам укуктары боюнча 2022-жыл үчүн даярдаган баяндамасында Тажикстандын Конституциясы көп партиялуулукту кепилдей турганы, бирок бийлик саясий плюрализмге тоскоолдук кылып жатканы жазылган.

Ар жылкы баяндаманын авторлору президент Эмомали Рахмондун уулу, Душанбе шаарынын мэри Рустами Эмомали 2020-жылы тажик парламентинин жогорку палатасынын төрагалыгына шайланып, атасынан кийинки өлкөдөгү экинчи кишиге айланып, мураскер болуп калганын белгилешкен.

“2020-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоолор эркин эмес жана адилетсиз өткөн… Бардык күч түзүмдөрү менен Бажы кызматы түздөн-түз президентке баш ийет. Биздеги маалыматтарга ылайык, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү көптөгөн мыйзамга каршы келген иштерди жасашат”, – деп жазылган Мамдепартаменттин баяндамасында.

Анда ошондой эле Эмомали Рахмондун тушундагы буга чейинки бир дагы шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык жана ачык өтпөгөнү белгиленген.

“Мындан тышкары Тажикстанда жарандарды саясий себептер менен камакка алуу, кыйноо, өлтүрүү, журналисттерди коркутуу, сөз жана дин эркиндигин чектөө сыяктуу адам укуктары бузулган учурлар да катталууда”, – деп жазылган баяндамада.

Азырынча Тажикстандын бийлиги Мамлекеттик департаменттин бул баяндамасы боюнча комментарий бере элек.

Акыркы жылдары эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстанда адам укуктары бузулган учурлар боюнча өлкө бийлигин бир канча жолу сынга алышкан.

Өткөн жумада дүйнөнүн 197 өлкөсүндөгү жарандык коомдун жана жарандык укуктардын абалын баалаган CIVICUS эл аралык уюму Тажикстанды “жабык” өлкө деп тапкан. Уюмдун 16-мартта жарыяланган баяндамасында Тажикстан менен бир катарга Түркмөнстан, Кытай, Сирия, ошондой эле Африка жана Азия континентиндеги бир катар өлкөлөр жайгашкан.

Марат Иманкулов: Жапаров Путинге кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө ортомчу болууну сунуштады

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын тактап алыш үчүн Орусияга ортомчулук сурап кайрылып, орус тарап Советтер Союзунан бери сакталып турган архивдик документтерди изилдеп чыкмай болду. Бул тууралуу 17-октябрда “Биринчи радионун” эфиринде Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров мындай өтүнүч менен орус президенти Владимир Путинге Астанада тажик президенти Эмомали Рахмон үчөө өткөргөн жолугушууда айткан:

“Ал жерде ачык сүйлөшүү болду. Биздин президент өз көз карашын билдирип, чек ара маселеси тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек экенин, биз бул принциптен эч качан тайбаганыбызды жана мындан ары да ошону карманарыбызды айтып, чек арадагы чечиле элек маселелерди чырга же агрессияга айландырууну токтотуш керектигин белгиледи. Ошондой эле ал Орусиянын президенти Путинге чек ара маселесин жөнгө салууда ортомчу болушун айтып кайрылды. Себеби маселе аябай тереңдеп кетти”.

Иманкулов билдиргендей, Орусия колундагы архивдик документтерди карап бермей болду:

“Биз баарыбыз бир өлкөдө – Советтер Союзунда жашаганбыз. СССРдин мураскери катары Орусиянын борборундагы архивдик мекемелерде административдик чек аралар боюнча көптөгөн документтер, карталар сакталып калган. Путин бул сунушту кабыл алды. Алар баарын изилдеп чыкмай болушту. Маселенин, талаштын өзөгү эмнеде болуп жатканын жөнөткүлө деп суранышты. Алар архивдик документтерди көтөрүп чыгып, бул маселени тынч жол менен чечип алышыбызга жардам бермей болушту”.

Өткөн аптада Казакстандын Астана шаарында 20дан ашуун өлкө лидери чогулуп, бир нече эл аралык жыйындар өткөн. Ошондой эле Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу да болгон.

Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жабык талкууланды.

Жапаров, Путин жана Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулады

13-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан президенттери Садыр Жапаровдун, Владимир Путиндин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду.

Анда кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланганын Жапаровдун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мамлекет башчысы орус президентине биргелешкен жолугушууну өткөрүү демилгеси, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн соңку кырдаалга кеңири токтолгон.

“Ал кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманарын белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттерин эске салды. Жапаров ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын белгиледи”, – деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Жолугушууда сөздү Владимир Путин баштап, эки өлкө тең Орусиянын стратегиялык өнөктөшү экенин, эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташып жатышканын белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын миллиондой, Тажикстандын 2 млн. жараны Орусияда окуп, иштеп жатканын айтып, бардык багыттар боюнча жакын байланыштар бар экенин айтты. Өлкөлөр ортосунда соода алмашуунун көлөмү көбөйүп жатканын жана анын өнүгүшүнө кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле үч тараптуу сүйлөшүүдө таңуулаган жагдай жок экенин, бирок жолугушуу жогорку мааниге ээ экенин кошумчалады.

Сүйлөшүүлөрдүн калган бөлүгү жабык форматта өттү. Ал боюнча башка маалымат айтылган жок.

Биргелешкен жолугушуу Путиндин демилгеси менен уюштурулган.

Бул – Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин чек арадагы ондогон адамдын өмүрүн алган соңку куралдуу кагылыштан кийинки алгачкы жолугушуусу. Анда Жапаров менен Рахмон кол алышып учурашкан жок.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган.

Душанбе айыпты Бишкекке оодарган.

Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун жолугушуусу болот

Казакстандын борбору Астана шаарында 13-октябрда Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болот.

Анда кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландалууда. Бул тууралу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев журналисттерге билдирди. Маалыматка караганда, биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген орус мамлекет башчысы Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган.

12-14-октябрда Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана “Борбор Азия + Орусия” мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

Ага катышуу үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 12-октябрда Казакстанга барды.

Бул Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин чек арадагы ондогон адамдын өмүрүн алган соңку куралдуу кагылыштан кийинки алгачкы жолугушуусу болот.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган.

Дүйшөмбү кайра айыпты Бишкекке оодарган.

Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүү өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында (Өзбекстан) өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитинин аянтчасында жолугушту.

Тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.

Эки өлкөнүн лидерлери тийиштүү түзүмдөргө ок атышууну токтотуу жана ок атышуу линиясынан куралдуу күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча тапшырма берүүнү макулдашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана ТР мамлекеттик коопсуздук министри Саймумин Ятимов жеринде иштеп, окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлөт.

Ошондой эле, Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин тездетүү боюнча макулдашуу жетишилди.

Украина: Москва согушта Тажикстандагы курал-жарак запасын колдонууга ниеттенип жатат

Украин бийлиги Орусия Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, анын ичинде Тажикстандагы курал-жарактардын запасын согушта колдонууга жана бул аймакта жайгашкан орус базаларындагы аскер кызматкерлерин фронтко жөнөтүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

“Кремль Украинага каршы согушта Борбор Азия өлкөлөрүнүн ресурстарын колдонууга аракет кылып жатат. Орусияны биринчи кезекте советтик ок-дарылардын запасы менен аскер техникаларынын тетиктерин толуктоо мүмкүндүгү кызыктырып жатат”, – деп билдирди Украинанын Чалгын кызматы.

Мекеменин маалыматына караганда, жакында эле Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташтык маселелери боюнча федералдык кызматы Тажикстандын Коргоо министрлигине кайрылып, “Ураган” ракеталык системалары үчүн 220 миллиметрлик реактивдүү снаряддарды сураган. Ошондой эле Орусияны “Пион” деп аталган өзү жүрүүчү артиллериялык системалар үчүн Тажикстандын аскердик кампаларында сакталып турган 203 миллиметрге чейинки ок-дарылар, БМП-1 жана БМП-2 үчүн УТД-20 кыймылдаткычтары кызыктырган.

Мындан тышкары Тажикстандын Коргоо жана Ички иштер министрликтеринин отставкадагы кызматкерлерине Орусиянын Куралдуу күчтөрү менен келишим түзүп, Украинадагы согушка катышуу сунуштары айтылганы кабарланууда.

Тажикстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Фаридун Махмадали журналисттерге бул маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Ал бул тема боюнча Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) комментарий бериши керек экенин айтты. Өз кезегинде ТИМ да бул суроолорго жооп берген жок.

2014-жылы Орусия Тажикстанга 70 миллиард рублдик аскердик-техникалык жардам берүүнү убадалаган. Макулдашуунун алкагында Москва Душанбеге байланыш каражаттары менен ок-дарылардан тарта авиация, артиллерия жана зениттик-ракеталык комплектерге чейин курал-жарактын кеңири түрүн бериши керек болчу. Азырынча Орусия бул убаданы канчалык деңгээлде аткарганы белгисиз. Бирок анда ошол кезде “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, Орусия Тажикстанга советтик мезилден калган запастарды бере турганын кабарлаган.

Батыш өлкөлөрүндөгү булактардын маалыматына караганда, учурда Орусиянын армиясы кошумча курал-жаракка жана аскер кызматкерлерине муктаж болуп турат. Өткөн жумада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусия курал-жарак жагынан жардам сурап Иранга жана Түндүк Кореяга кайрылганын билдирген. Украин чалгыны Кыргызстан менен Тажикстанда “отставкадагы аскер кызматкерлерине Орусиянын Куралдуу күчтөрү менен келишимге кол коюу сунушталып жатканын” кабарлаган.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Москва менен Душанбенин мамилеси кыйла жакшырды. Владимир Путин июндун башында Украинада согуш башталган февраль айынан бери алгачкы чет өлкөлүк сапарын Тажикстандан баштаган. Тажик ТИМи Путин жакынкы күндөрү да Душанбеге кезектеги сапары менен барарын билдирди.

Эмомали Рахмон: Ооганстанда талибдер этникалык топторго дискриминациялык саясат жүргүзүүдө

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Борбор Азия лидерлеринин жыйынында сөз сүйлөп, “Талибан” кыймылынын жетекчилиги түрдүү этникалык топторго дискриминациялык жана диний жактан өтө эскичил, агрессивдүү саясат жүргүзүп жатканын айтты.

Ал Ооганстандагы кырдаал дайыма чөлкөмдүн көңүл борборунда болушу керектигин белгиледи.

Бул өлкөдө болуп жаткан окуялар жалпы Евразия аймагынын геосаясий абалдын туруктуулугуна таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтты.

“Биздин божомолдор боюнча Ооганстандагы абал мындан дагы начарлайт. Өткөн убакыт ичинде “Талибан” Кыргызстанда тыюу салынган – ред.) кыймылынын жетекчилиги дүйнө коомчулугун жана ооганстандыктарды коопсуздукту камсыз кылуу, социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө ынандыра турган реалдуу кадамдарды жасай алган жок”, – деди Рахмон.

Тажик лидери Борбор Азия маанилүү аймак экенин, анда дүйнөдөгү оюнчулардын атаандаштыгы өсүп жатканын белгиледи. Ошону менен катар терроризм, экстремизм, маңзаттарды мыйзамсыз айлантуу тыйыла электигине, диний экстремизм өсүп жатканына да токтолду. Радикалдуу идеологияны жөнгө салуу үчүн конкреттүү механизмдерди иштеп чыгууну сунуштады.

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев XXI кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери Эмомали Рахмон менен Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндөгү ички процедуралар аяктагандан кийин бул документке кол коймой болгон.

Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекет башчылары Жапаров, Токаев, Рахмон, Бердымухамедов жана Мирзиёевдин Консультативдик жолугушуусу өтөт

20-21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Жолгушууга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев катышат.

“Өлкө лидерлери регионалдык коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип жооп кайтарууда Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча пикир алмашат, региондун мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу максатында кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашат”,- деди Муратбек Азымбакиев.

Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги Консультативдик жолугушуусунун алкагында регион өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту, ынак коңшулаштыкты жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган документтерге кол коюу пландалууда.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Путин Тажикстанга барды

Орусиянын президенти Владимир Путин 28-июнда Тажикстанга барды. Бул орус лидеринин Москва украинага кол салгандан берки алгачкы чет өлкөлүк сапары. Дүйшөмбүдө Путин тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Буга чейин Кремл Путин тажик башкалаасына Рахмондун чакыруусу менен бара турганын, “орус-тажик стратегиялык өнөктөштүгүнөн” тышкары Ооганстандагы кырдаал сыяктуу “регионалдык маселелер” да кеп болоорун билдирген.

Тажикстан президентинин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода “Озоди” радиосуна ырастагандай, бул сапарда эч кандай документке кол коюлбайт.

ТАСС агенттиги орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаковго шилтеме берип кабарлагандай, президенттердин сүйлөшүүсүндө Дүйшөмбүнүн Москва лидерлик кылган Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө болушу тууралуу маселе козголушу мүмкүн.

Ушаковдун айтымында, Дүйшөмбүдө Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык жана Ооганстандагы кырдаал талкууланат.

29-июнда Путин Ашхабадда Азербайжан, Казакстан, Иран жана Түркөмөнстан лидерлери менен Каспий саммитине катышмкчы. Анын жүрүшүндөгү эки тараптуу жолугушуулар тууралуу суроого Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жооп берген жок.

Түркмөнстандын жаңы президенти Сердар Бердымухаммедов кызматка шайлангандан кийинки алгачкы сапары менен Москвага барган.

Ал арада украин президентинин администрация башчысынын кеңешчиси Алексей Арестович тажик жана түркмөн бийликтерин Орусияга Батыштын санкцияларын кыйгап өтүүгө жардам бербөөгө үндөдү.

Меню