Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

HRW Берлинди "Борбор Азия - Германия" саммитинде адам укуктары маселесине көңүл бурууга чакырды

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолукканда адам укуктары маселесин көтөрүшү керек деп эсептейт.

Уюмдун 28-сентябрда жарыяланган билдирүүсүндө Берлиндеги жолугушуунун негизги темасы Орусия Украинага кол салгандан кийинки Борбор Азиядагы абал жөнүндө болушу мүмкүн экени жазылган.

“Германия Борбор Азия лидерлерин Москванын санкцияларды айланып өтүүсүнө жардам бербөөгө чакырат деп күтүлүүдө”, – деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон. Анын айтымында, Германия бийлиги аймактагы адам укуктарынын оор абалына байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүнө басым жасоо мүмкүндүгүн колдон чыгарбашы керек.

“Берлин саммиттин жүрүшүндө Европа менен узак убакыт кызматташуу үчүн аймактагы өлкөлөр адам укуктарынын жана мыйзам үстөмдүгүнүн сакталышын камсыз кылышы керектигин эскертиши зарыл. Борбор Азия өлкөлөрүндө жарандарды саясий негиздер менен куугунтуктаган, сөз эркиндигин чектеген жана кыйноо үчүн жазаланбаган көптөгөн учурлар бар”, – деди Уильямсон.

Ал 2022-жылы Казакстан менен Өзбекстандагы нааразылык акцияларды, Тажикстанда оппозиция өкүлдөрүнүн куугунтукталышын жана Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы нааразылыктардын күч менен басылышын мисал келтирген.

“Европа Борбор Азия өлкөлөрү менен аймактагы адам укуктарынын жана жарандардын эркиндигинин сакталышын эске алуу менен кызматташтыкты кеңейтиши керек”, – деп кошумчалады Уильямсон.

29-сентябрда Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлери Германиянын федералдык президенти менен бирге “5+1” форматындагы саммитке катышат. Жолугушуу Берлиндеги “Бельвью” сарайында – немис президентинин резиденциясында өтөт.

Берлинде "Германия - Борбор Азия" саммитти өтөт

Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери бүгүн, 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбор Азия” саммитине катышуу үчүн Берлинге учуп келишти. Алар Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушат.

Немис президентинин расмий сайтындагы билдирүүдө “5+1” форматында өтө турган жолугушууда немис тарап өзүнүн жана Европа Биримдигинин (ЕБ) атынан сүйлөй турганы, анткени ЕБдин Борбор Азия өлкөлөрүнө карата стратегиясын Германия иштеп чыкканы белгиленген. Жолугушуу Берлиндеги “Бельвью” сарайында – немис президентинин резиденциясында өтөт.

Кыргызстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров сапардын алкагында саммиттен тышкары Германиянын канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Борбор Азия лидерлеринин немис ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна да катышат.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы Шавкат Мирзиёев саммиттен тышкары канцлер Олаф Шольц менен жолугуп, өзбек лидеринин май айындагы сапарында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жолдорун талкуулап, немис компаниялары менен инвестициялык, инновациялык жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө сөз кыларын билдирди.

Буга чейин саммит өтө турган 29-сентябрь күнү оппозициялык “Тажикстандын улуттук альянсы” менен “Группа 24” кыймылы Берлинде нааразылык акциясын өткөрөрүн билдиришкен.

Чет өлкөлөрдөгү төрт оппозициялык топту бириктирген “Тажикстандын улуттук альянсы” Берлиндин бийлиги Борбор Азиядагы оппозициялык топторго Германия президентинин резиденциясынын алдында акция өткөрүүгө уруксат бергенин маалымдаган.

Ал арада Өзбекстан менен Түркмөнстан бийликтеринин саясий оппоненттери да бүгүн, 29-сентябрда Берлинде нааразылык акцияларын өткөрө тургандыктарын билдиришкени кабарланды.

“Германия – Борбор Азия” саммити алгачкы жолу өткөрүлүүдө.

19-сентябрда Нью-Йоркто “С5+1” форматында “Борбор Азия – АКШ” саммити өткөн. Ага АКШнын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери катышкан. Саммитти АКШнын президенти Жо Байден “тарыхый учур” деп сыпаттаган.

Борбор Азиянын 5 өлкөсү+АКШ (C5+1) лидерлеринин биргелешкен билдирүүсүндө энергетикалык коопуздук жөнүндө айтылды

21-сентябрда Ак үй БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында өткөн “С5+1” форматындагы президенттердин деңгээлиндеги алгачкы саммиттин катышуучуларынын биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.

Узун текстте аймактагы энергетикалык коопсуздук маселелерине басым жасалып, бирок адам укуктарын сактоо жөнүндө дээрлик сөз болгон эмес.

АКШ, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттеринин атынан жасалган биргелешкен билдирүүдө өнөктөштүк бардык мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана суверендүүлүгүн сыйлоого багытталган БУУнун Уставынын принциптерин бекем сактоого негизделгени айтылат.

“Тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө умтулуу менен биз аймакта жаралган коркунучтарды жана татаал көйгөйлөрдү чечүү үчүн туруктуу кызматташууну кубаттайбыз. Биргелешип Борбордук Азияда коопсуздукту чыңдоо, экономикалык туруктуулукту жогорулатуу, туруктуу өнүгүүнү колдоо, климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү жана тынчтыкты бекемдөө боюнча иш-чараларга берилгендигибизди дагы бир жолу ырастайбыз”, — деп жазылган билдирүүдө.

Анда амбициялуу программаларды ишке ашыруу аймактагы өлкөлөрдүн туруктуу өнөктөштүгүн талап кылары жана “C5+1” механизминин маанилүүлүгү белгиленген.

АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалды эске алуу менен коргонуу жана терроризмге каршы күрөшүү маселелеринде кызматташууну бекемдөөгө ниетенишүүдө.

“Аймактагы бардык өлкөлөр жана эл аралык коомчулук терроризмден оолак, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин, анын ичинде аялдар менен кыздарды сыйлаган, өзү жана коңшулары менен тынчтыкта жашаган эгемендүү жана өз алдынча Ооганстанды колдоону улантууга тийиш”, — деп айтылат биргелешкен билдирүүдө.

Текстте дүйнөлүк базарга чыгууну кеңейтүү жана Борбордук Азияга, анын ичинде жашыл экономикага эл аралык инвестицияларды тартуу зарылдыгы белгиленген.

Биргелешкен билдирүүдө негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугу, энергетикалык системаларды интеграциялоо жана аны дүйнөлүк базарга коопсуз жеткирүү жөнүндө сөз болгон.

Италияда кой баккандар азайып, Кыргызстандан 100 чабанды үй бүлөсү менен көчүрүп кетүүгө келишим түздү

Кечээ, 19-сентябрда Италиянын Coldiretti айыл чарба компаниясы Кыргызстандан Италиянын Сардиния аралына 100 чабанды үй бүлөсү менен кой-эчки багуу салтын улантуу максатында көчүрүп кетүүгө КР Эмгек министрлиги менен келишим түзгөнүн жарыялады.

Италия Сардиния аралында жоголуп бараткан кой жана эчки сүтүнөн сыр жасоо жана жылкы чарбасын жандандырууну каалайт.

Мурун эт жана сүт өндүргөн Сардиния аралынын жаштары айыл чарбасында иштегиси келбей чоң шаарларга кете баштаганынан бул тармак кескин аксап, Италия өкмөтү Индиянын Пенжаб аймактарынан 10 миң эмгек мигранттарын чакырып, кой-эчки бактыра баштаган. Алар эт жана сүт өндүрүп, Пармезан быштагын жасап, барган жерлеринде жакшы отурукташып кетишкен.

Эми Кыргызстандан да 18 жаштан жогору 45 жаштан ашпаган курактагы, мурун мал чарбасында иштеген тажрыйбасы бар 100 чабан чакыра баштады. Келечекте 1000ден ашык чабан керек болору айтылууда. Алар Сардиниянын  Сассари, Барбажи жана Саррабус райондоруна жайгаштырылат.

Бул долбоор каралбай калып кеткен айыл чарба райондорун жандандыруу, калктын карып бараткан катмарынын көбөйүшү жана калктын санынын азайышы сыяктуу көйгөйлөр менен күрөшүүгө багытталган.

 

 

 

 

 

Ак үйдө АКШ президенти Жо Байден менен Борбор Азия лидерлеринин алгачкы саммити өтөт

Ак үйдүн кеңешчиси Жейк Салливан президент Жо Байдендин Борбор Азия лидерлери менен боло турган алдыдагы жолугушуусу тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, C5+1 форматындагы саммитте аймактагы коопсуздук, соода жана байланыш, климаттын өзгөрүүсү боюнча көйгөйлөр менен катар ар бир өлкөдөгү башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн жакшыртууга багытталган реформалар талкууланат.

“Иш жүзүндө алып караганда С5+1 программасы 2015-жылы башталган. Ошондон бери ал бекемделди. Эми биз бул иш кандай жүзөгө ашып жатканын лидерлер деңгээлинде көрө алабыз”, – деди Салливан.

Алгачкы C5+1 саммити тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде 2015-жылы ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында уюштурулган.

Президент Садыр Жапаров беш күндүк иш сапар менен АКШга кечээ 17-сентябрда жөнөп жатат.

18-сентябрда ал БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары саммитинин лидерлеринин диалогуна катышат. 19-сентябрда Башкы ассамблеянын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Ошол эле күнү президент Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын жана Кошмо Штаттардын президенти Жо Байдендин биринчи саммитине катышат.

Кыргыз президенти Нью-Йоркто БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушары жана 21-сентябрда АКШнын айрым ири компанияларынын өкүлдөрү катыша турган кыргыз-америка бизнес форумуна катышары кабарланды.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишимди даярдоо процесси бир нече жылдан бери уланып келе жатат.

Түркияда өрт өчүрүүчү тик учак кулап, анда 3 кыргыз жараны болгондугу такталды

Түркияда өрт өчүрүүгө тартылган тик учак кырсыкка кабылып, ичиндеги кыргыз жараны ооруканага түштү, дагы экөө дайынсыз болууда. Бул тууралуу 17-сентябрда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдирди.

Окуя 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) болгону, токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасын сүзүп, кулап түшкөнү маалымдалды.

“Түркия Республикасынын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта төрт адам болгон. Алардын үчөө Кыргыз Республикасынын жараны. Учурда бир кыргызстандык ооруканада, калган жарандар боюнча издөө иштери уланууда. Башкы консулдуктун кызматкерлери окуя болгон жерге кырсыктын чоо-жайын тактап, Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү максатында жолго чыгышты”, – деп билдирди мекеме.

Түркиянын айыл жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы төрт адамдын үчөө кыргызстандык, бирөө түрк жараны экенин ырастады:

“Жалпысынан экипажда төрт кызматкер бар болчу. Үчөө кыргызстандык, бирөө түркиялык. Кыргыз кызматкер куткарылды, учурда ооруканада, абалы жакшы. Түнү менен калган үч кишини издөө иштери уланды. Таң атпай суучулдар тик учактын түшкөн жерин аныкташты”.

Кыргыз жарандары ал жакта учкуч кызматында келишимдик негизде иштеп жүргөндөр деген маалымат айтылууда.

АКШда прокурор президент Байдендин уулун салыкты жашырган, тапанчаны мыйзамсыз сатып алган деп айыптап, 25 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат

АКШда атайын прокурор Дэвид Вайс президент Жо Байдендин уулу Хантер Байденге мыйзамсыз курал сатып алуу боюнча айып такты. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.

Хантер Байден 2018-жылы октябрда “тапанчаны жасалма документ менен сатып алган” жана “куралга лицензия алууда баңгизат колдонорун жашырган” деп айыпталууда.

Ошондой эле атайын прокурор президенттин уулунда маңзат колдонуп жүргөндө ок атуучу куралы болгонун билдирүүдө. CNN белгилегендей, кенже Байдендин бул эки аракети тең федералдык кылмыш болуп эсептелет.

The New York Times басылмасынын маалыматына караганда, эгер Хантер Байден бул тагылган айыптар боюнча күнөөлүү деп табылса, 25 жылга эркинен ажыратылып, 750 миң доллар өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн.

Президенттин 53 жаштагы уулу мындан тышкары салыкты жашырган деп да айыпталууда. Алгач ал курал сатып алуу иши боюнча айыпты жеңилдетүүнү көздөп, салыкка байланышкан иште күнөөсүн мойнуна алган. Бирок кийинчерээк айыптоолорду кайра четке каккан.

Мечиттердеги рейддер: Орусияда мигранттарды кармоо уланууда

Орусиянын бир катар шаарларында полиция кызматкерлери жума намаздан кийин эшиктерди жаап, мечитке келгендердин документтерин текшерди.

Мындай рейддердин жүрүшүндө жакында эле Орусиянын жарандыгын алып, аскердик каттоого тура элек эркектер аныкталган.

Полициячылар аларга жеринде армияга чакыруу кагазын тапшырып же дароо аскер комиссариатына алып кетишти.

“Намазга келгендердин баарын текшеришти. Орус паспортунун ээлерин өзүнчө тизмеге алып, эки күндөн кийин аларды аскер комиссариатына келүүгө милдеттендиришти. ОМОНчулар Орусияда убактылуу жашоого уруксаты бар адамдардын документтерин сүрөткө тартып алышты. Ал эми документтеринде маселе бар мигранттарды полиция бөлүмүнө алып кетишти”, – деди тажик мигранты.

Жыл сайын ондогон тажик жараны Орусиянын жарандыгын алат. Алардын көбү эмгек патентине акча төлөбөө, полициянын зомбулугунан сактануу үчүн орус паспорту керек экенин жашырышпайт. Орусиянын Ички иштер министрлигинин статистикасына ылайык, быйыл январь айынан июнь айына чейин 87 миңге жакын тажикстандык орус жарандыгын алган. Бул бир жыл мурунку көрсөткүчкө караганда 13 миңге көп. Күн сайын 500гө жакын тажик жараны орус жарандыгын алат.

Укук коргоочулар жана эксперттер Орусиядагы кырдаал туруксуз экенин жана Орусиянын көптөгөн “жаңы жарандары” жакын арада Украинадагы фронтко аттанышы мүмкүндүгүн эскертишүүдө. Укук коргоочулар кош жарандыгы бар мигранттарга бул өлкөдөн тез арада чыгып кетүүгө кеңеш беришет. Бирок мигранттардын көбү ишсиз калуудан коркуп, Орусияда калууну эп көрүшөт.

Орусияда "кара тизмеге" кирген кыргыз жарандарынын саны өстү

Август айына карата Орусиянын “кара тизмесине” кирген кыргыз жарандарынын саны 47 миң 989 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул июнь айына салыштырмалуу 4355 кишиге көп.

Мекеменин маалыматына караганда, бул убакыт аралыгында депортация болгондордун саны белгисиз.

Быйыл майда Орусиянын “кара тизмесинен” 45 миңден ашык кыргызстандык чыгарылганын, 43 миң 634 жаран тизмеде экенин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирген.
Миграция тууралуу маалыматтарды берүү үчүн “Манас” аэропортунда эки, Бишкек жана Ош шаарларында бирден түйүн ачылган.
Августта Орусиянын бир катар шаарларында мигранттарга каршы рейд өтүп, полиция аларды кармап кеткен видеолор социалдык тармактарда тарады. Орус жарандыгын алган мигранттарга аскер комиссариатына чакыруу тапшырылган, жүздөгөн киши кармалган.
Орусиянын бардык аймактарында июндун соңунда да “Нелегал-2023” рейди өткөнү маалымдалган. Интернетте Орусияда полиция кызматкерлери көчөдө чет өлкөлүктөрдү кармап, автоунаага күчтөп салып бараткан видеолор тараган. Анын алкагында миңдеген мигрант депортацияланган.
Августтун аягында Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Орусиянын адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен Москвада жолугушкан учурда мигранттар маселесин көтөргөн.
Жаманбаева Орусиядагы кыргызстандыктар жашаган жерине каттоого туруу, медициналык камсыздандыруу, “кара тизмеден” чыгуу, балдарын мектепке окутуу сыяктуу маселелерге туш болуп жатканын айткан. Айрым учурда эмгек укуктары корголбой, орой мамилеге кабылып жатканын белгилеген.
Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгектенип жүрөт.

Казакстан дрон чабуулунан улам Орусияга учуу кооптуу экенин эскертти

Казакстандын авиациялык администрациясы учкучсуз учактардын чабуулдары тууралуу билдирүүлөрдөн улам Орусияга учуу кооптуу экенин жарыялады.

Администрация пландуу жана чартердик каттамдарды аткарып жаткан казакстандык авиакомпанияларга коркунучтарга жана тобокелчиликтерге “өз алдынча баа берүү” зарылчылыгы, тобокелдиктерди азайтуу боюнча чараларды көрүү керектиги боюнча көрсөтмөлөрдү берди.

Өткөн бейшембиде учак тибиндеги дрон Москвага жакындап баратканда атып түшүрүлгөн. “Яндекс Расписание” сервисинин маалыматы боюнча Москва аэропортторунда 130дан ашык каттам убактылуу кармалган.

Казак бийлигинин маалыматы боюнча, учурда Казакстан менен Орусиянын ортосунда туруктуу каттамдарды казакстандык SCAT жана Qazaq Air, орусиялык “Аэрофлот”, “Азимут”, Red Wings компаниялары аткарышат. SCAT жана Aeroflot компанияларынын учактары Москвага каттайт.

Орус армиясы Украинанын шаарларын жапырт аткылап жаткан тушта Орусиядагы дрондордун чабуулдары уланууда. Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты бир нече жолу тастыктаган. Кремль учкучсуз учактар жок кылынганын жарыялап, чабуул үчүн Украинаны айыптаган.

Меню