Menu

Кыргызстан-Италия

Италияда кой баккандар азайып, Кыргызстандан 100 чабанды үй бүлөсү менен көчүрүп кетүүгө келишим түздү

Кечээ, 19-сентябрда Италиянын Coldiretti айыл чарба компаниясы Кыргызстандан Италиянын Сардиния аралына 100 чабанды үй бүлөсү менен кой-эчки багуу салтын улантуу максатында көчүрүп кетүүгө КР Эмгек министрлиги менен келишим түзгөнүн жарыялады.

Италия Сардиния аралында жоголуп бараткан кой жана эчки сүтүнөн сыр жасоо жана жылкы чарбасын жандандырууну каалайт.

Мурун эт жана сүт өндүргөн Сардиния аралынын жаштары айыл чарбасында иштегиси келбей чоң шаарларга кете баштаганынан бул тармак кескин аксап, Италия өкмөтү Индиянын Пенжаб аймактарынан 10 миң эмгек мигранттарын чакырып, кой-эчки бактыра баштаган. Алар эт жана сүт өндүрүп, Пармезан быштагын жасап, барган жерлеринде жакшы отурукташып кетишкен.

Эми Кыргызстандан да 18 жаштан жогору 45 жаштан ашпаган курактагы, мурун мал чарбасында иштеген тажрыйбасы бар 100 чабан чакыра баштады. Келечекте 1000ден ашык чабан керек болору айтылууда. Алар Сардиниянын  Сассари, Барбажи жана Саррабус райондоруна жайгаштырылат.

Бул долбоор каралбай калып кеткен айыл чарба райондорун жандандыруу, калктын карып бараткан катмарынын көбөйүшү жана калктын санынын азайышы сыяктуу көйгөйлөр менен күрөшүүгө багытталган.

 

 

 

 

 

Италиянын жогорку окуу жайларына өткөн 190 кыргыз студенти беш айдан бери виза ала албай жатышат

Италияга студенттик визасын ала албай жатканын айтып президент Садыр Жапаровдон жардам сурап кайрылган кыргызстандык жаштардын өкүлү менен жолугушуу болгонун 17-октябрда Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, буга дейре андай көйгөй бар экени тууралуу аларга жазуу түрүндө маалымат түшкөн эмес.

Министрлик Италиянын Кыргызстандагы элчилигине тийиштүү кат жөнөткөнүн, виза маселесинин чечилишин тездетүү өтүнүчү менен кайрылганын жана бардык тийиштүү мекемелер менен байланышта экенин билдирди.

Италиянын жогорку окуу жайларына өтүп, бирок үч-беш айдан бери визасын күтүп жатканын, айрымдарынын мөөнөтү ушул айда аяктай турганын, жалпысынан мындай көйгөйгө кыргызстандык 190 студент кабылып олтурганын айткандар өлкө жетекчилигине ачык кат жолдоп, жардам сурашкан.

Алар документтерин Италиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Мария Беспаловага тапшырышканын, бирок андан эч кандай жооп болбой жатканын билдиришкен.

Италиянын Неаполь шаарынын «Пьяцца-дель-Плебишито» башкы аянтында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү майрамдалды

Үстүбүздөгү жылдын 28-августунда Неаполь шаарынын «Пьяцца-дель-Плебишито» («Piazza del Plebiscito») башкы аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев, Неаполь шаарынын Вице-мэри Лаура Лието, Касерта шаарынын Мэринин башкы кеңешчиси Винченцо Баттарра, Неаполь, Рим, Болонья, Касерта, Салерно, Римини жана Кальяри (Сардиния аралы) шаарларынан келген кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана Элчиликтин кызматкерлери катышышты.

Иш-чараны ачып жатып, Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Т.Базарбаев жалпы чогулгандарды майрам менен куттуктап, кыргыз элинин каада-салтын, маданиятын, үрп-адатын, тилин сактоонун маанилүүлүгүн эске салды.

Өз кезегинде Неаполь шаарынын Вице-мэри Л.Лието жана Касерта шаарынын Мэринин башкы кеңешчиси В.Баттарра Кыргызстан менен Италиянын маданияттар аралык байланыштарын орнотууга Кампания аймагында жашаган кыргыз диаспорасынын кошкон салымы зор экендигин белгилешти.

Майрамдын программасында “Манас” элдик эпосу, кыргыз фольклорунун чыгармалары, комуз чертүү, кыргыздын улуттук бийлери, ошондой эле кыргыз элинин салттуу жашоосу, маданияты жана каада-салттары тууралуу баяндар көрсөтүлдү.

Ошондой эле Кампания аймагындагы кыргыз диаспорасы салтанаттуу кабыл алуу уюштуруп, анда белгилүү кыргыз сүрөтчүсү А.Шаршекеевдин сүрөттөрүнүн көргөзмөсү болуп, анын жүрүшүндө Элчи Т.Базарбаев Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты Министри А.Жаманкуловдун атынан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө Үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Венеция Биеннале – 2022» эл аралык сүрөт көргөзмөсүндө Кыргызстандын Улуттук павильонунун салтанаттуу аземинин ачылышын даярдоого, ошондой эле иш-чаранын маданий программасын уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттарын тапшырды.

Меню