Menu

“Борбор Азия – Германия” саммити

Акылбек Жапаров дүйнөлүк державалардын Борбор Азия өлкөлөрүнө кызыгуусу өскөнүн билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “акыркы убакта ири геосаясий оюнчулардын Борбор Азияга болгон кызыгуусу артып жатканы байкалып жатканын” билдирди. Бул жөнүндө ал Бишкекте өтүп жаткан “Борбор Азия: өз ара аракеттешүүнүн өзгөчөлүктөрү” аттуу Vl эксперттик форумда сүйлөп жатып айтты.

“Аймактагы интеграциялык процесстер – Борбор Азия глобалдык процесстердин толук кандуу субъектиси болууну көздөп жатканын көрсөтүүдө. Сырткы борборлор бизге бир бүтүн аймак катары карап жатышат. Акыркы кездердеги көптөгөн саммиттер да С5+1 форматында өтүүдө”, – деди Жапаров.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы жөнүндө айткан төрага алардын ортосунда бардык деңгээлдерде “дайыма диалог жүрүп жатканын” белгиледи. “Анткени азыркы реалдуулукта биздин экономикалык жана саясий жактан атаандаштыкка туруштук берүүбүздү арттыра турган өз ара тыгыз кызматташтыксыз Борбор Азияга дүйнөлүк масштабдагы субъектке айлануу өтө кыйын болот”, – деди Жапаров.

Буга чейин президент Садыр Жапаров да глобалдык геосаясий окуялардын фонунда эл аралык коомчулуктун Борбор Азияга болгон кызыгуусу “кыйла өскөнүн” билдирген.

Быйыл С5+1 форматында Борбор Азия өлкөлөрү катышкан бир нече саммит өттү. Май айында Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин демилгеси менен “Кытай – Борбор Азия” саммити өтүп, анын жыйынтыгында Бээжин аймактагы өлкөлөргө 50 миллиард доллар бөлөрүн билдирген.

Июнь айында Кыргызстан экинчи “Борбор Азия – Европа биримдиги” саммитин кабыл алган. Анда Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель ЕБ Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга каршы санкцияларды бузбоону талап кыларын, “ошол эле маалда өнөктөштөрдүн бул маселеге байланышкан көйгөйлөрүн угууга жана талкуулоого даяр экенин” айткан.

Сентябрь айында тарыхта алгачкы жолу АКШнын президентинин жана Борбор Азия лидерлеринин катышуусунда “Борбор Азия – АКШ” саммити өткөн. Анда Жо Байден Борбор Азия өлкөлөрүнүн бирине барышы мүмкүн экенин айтып, дипломатиялык С5+1 форматына кошумча бизнес-платформа түзүү планы бар экенин билдирген.

Сентябрдын аягында өткөн “Германия – Борбор Азия” саммитинин жыйынтыгында Берлин аймактагы өлкөлөр менен экономикалык жана саясий кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, бирок бул үчүн борборазиялык беш өлкө Орусияга каршы санкцияларды бузбашы керектигин белгилеген.

HRW Берлинди "Борбор Азия - Германия" саммитинде адам укуктары маселесине көңүл бурууга чакырды

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолукканда адам укуктары маселесин көтөрүшү керек деп эсептейт.

Уюмдун 28-сентябрда жарыяланган билдирүүсүндө Берлиндеги жолугушуунун негизги темасы Орусия Украинага кол салгандан кийинки Борбор Азиядагы абал жөнүндө болушу мүмкүн экени жазылган.

“Германия Борбор Азия лидерлерин Москванын санкцияларды айланып өтүүсүнө жардам бербөөгө чакырат деп күтүлүүдө”, – деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон. Анын айтымында, Германия бийлиги аймактагы адам укуктарынын оор абалына байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүнө басым жасоо мүмкүндүгүн колдон чыгарбашы керек.

“Берлин саммиттин жүрүшүндө Европа менен узак убакыт кызматташуу үчүн аймактагы өлкөлөр адам укуктарынын жана мыйзам үстөмдүгүнүн сакталышын камсыз кылышы керектигин эскертиши зарыл. Борбор Азия өлкөлөрүндө жарандарды саясий негиздер менен куугунтуктаган, сөз эркиндигин чектеген жана кыйноо үчүн жазаланбаган көптөгөн учурлар бар”, – деди Уильямсон.

Ал 2022-жылы Казакстан менен Өзбекстандагы нааразылык акцияларды, Тажикстанда оппозиция өкүлдөрүнүн куугунтукталышын жана Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы нааразылыктардын күч менен басылышын мисал келтирген.

“Европа Борбор Азия өлкөлөрү менен аймактагы адам укуктарынын жана жарандардын эркиндигинин сакталышын эске алуу менен кызматташтыкты кеңейтиши керек”, – деп кошумчалады Уильямсон.

29-сентябрда Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлери Германиянын федералдык президенти менен бирге “5+1” форматындагы саммитке катышат. Жолугушуу Берлиндеги “Бельвью” сарайында – немис президентинин резиденциясында өтөт.

Меню