Menu

Борбор Азия президенттери

Берлинде "Германия - Борбор Азия" саммитти өтөт

Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери бүгүн, 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбор Азия” саммитине катышуу үчүн Берлинге учуп келишти. Алар Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушат.

Немис президентинин расмий сайтындагы билдирүүдө “5+1” форматында өтө турган жолугушууда немис тарап өзүнүн жана Европа Биримдигинин (ЕБ) атынан сүйлөй турганы, анткени ЕБдин Борбор Азия өлкөлөрүнө карата стратегиясын Германия иштеп чыкканы белгиленген. Жолугушуу Берлиндеги “Бельвью” сарайында – немис президентинин резиденциясында өтөт.

Кыргызстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров сапардын алкагында саммиттен тышкары Германиянын канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Борбор Азия лидерлеринин немис ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна да катышат.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы Шавкат Мирзиёев саммиттен тышкары канцлер Олаф Шольц менен жолугуп, өзбек лидеринин май айындагы сапарында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жолдорун талкуулап, немис компаниялары менен инвестициялык, инновациялык жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө сөз кыларын билдирди.

Буга чейин саммит өтө турган 29-сентябрь күнү оппозициялык “Тажикстандын улуттук альянсы” менен “Группа 24” кыймылы Берлинде нааразылык акциясын өткөрөрүн билдиришкен.

Чет өлкөлөрдөгү төрт оппозициялык топту бириктирген “Тажикстандын улуттук альянсы” Берлиндин бийлиги Борбор Азиядагы оппозициялык топторго Германия президентинин резиденциясынын алдында акция өткөрүүгө уруксат бергенин маалымдаган.

Ал арада Өзбекстан менен Түркмөнстан бийликтеринин саясий оппоненттери да бүгүн, 29-сентябрда Берлинде нааразылык акцияларын өткөрө тургандыктарын билдиришкени кабарланды.

“Германия – Борбор Азия” саммити алгачкы жолу өткөрүлүүдө.

19-сентябрда Нью-Йоркто “С5+1” форматында “Борбор Азия – АКШ” саммити өткөн. Ага АКШнын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери катышкан. Саммитти АКШнын президенти Жо Байден “тарыхый учур” деп сыпаттаган.

Меню