Menu

ТикТок

Кыргызстанда ТикТокту жабууда техникалык кыйынчылыктар келип чыкты

Кыргызстандын аймагында TикТок платформасын жабууда техникалык кыйынчылыктар келип чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бектур Ибрагимов билдирип, мекеме аталган платформаны жабуу боюнча чечимин өзгөртпөгөнүн кошумчалады.

“ТикТокту жабуу боюнча биздин чечим күчүндө. Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул ишти алып барышы керек болчу. Бирок техникалык жактан кыйынчылыктар болуп жатат. Биз ТикТоктогу тэгдерди аныктап, тизмесин министрликке бергенбиз. Бул иш азырынча жыйынтыктала элек”, – деди Ибрагимов.

Ал ТикТоктун жетекчилиги менен да сүйлөшүүлөр уланып жатканын, платформага каттоосуз кирүүгө тыюу салуу, жаш курагы боюнча чектөөлөрдү киргизүү сыяктуу талаптар коюлганын айтты. Ибрагимов азырынча Тикток коюлган талаптарды аткара электигин, алар менен байланыш уланып жатканын кошумчалады.

Бул боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлиги комментарий бере элек.

30-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда ТикТокту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Мекеме буга соңку учурда бул социалдык тармак балдардын психикалык өнүгүүсүнө, саламаттыгына терс таасир тийгизип жатканына кабатырланган кайрылуулар көбөйгөнүн негиз кылган.

Министрликтин мындай чечими социалдык тармактарда кызуу талкууланып, аны “сөз эркиндигин чектөө” деп сыпаттагандар да болгон.

Тиркеме 2016-жылы Кытайда чыккан. Кийинки жылы ByteDance компаниясы эл аралык версиясын сунуш кылган. 2019-жылы тиркеме 693 миллион жолу орнотулса, 2020-жылы 850 миллионго жеткен. 2021-жылдын аягындагы статистикага караганда, айына платформаны 1,2 миллиард киши активдүү пайдаланып келген. Кытайда күнүнө 600 миллион киши ТикТокко кирип турат.

Популярдуу тиркеме былтыр 11 миллиард доллардай киреше тапкан. Мурунку жылы бул көрсөткүч 4,6 миллиард доллар болгон.

АКШда айрым мыйзам чыгаруучулар ТикТокко толук тыюу салуу демилгесин көтөрсө, Европа Биримдиги платформаны кызматтык телефондордон алып салууга көрсөтмө берген.

Батышта тиркемеге ээлик кылган кытайлык ByteDance компаниясы колдонуучулардын жеке маалыматтарын, өкмөттүк купуя сырларды Кытай бийлигине өткөрүп берип, платформаны жалган маалымат таратуу үчүн пайдаланып кетиши ыктымал деп чочулашат.

Маданият министрлиги Кыргызстанда ТикТоктун колдонулушуна тыюу салууга ниеттенүүдө

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда ТикТокту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алды.

Аталган мекеме соңку учурда бул социалдык тармак балдардын психикалык өнүгүүсүнө, саламаттыгына терс таасир тийгизип жатканына кабатырланган кайрылуулар көбөйгөнүн 30-августта маалымдады.

“Белгилей кетсек, ТикТок колдонуучуну кыска клиптердин виртуалдык дүйнөсүнө батырат, аларды көргөндөн кийин өспүрүмдөр тигил же бул клиптерди кайталоого аракет кылат, алардын айрымдары балдардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Ушуга байланыштуу министрлик бул социалдык тармактын контентине мониторинг жүргүзүп, анда балдардын саламаттыгына, өнүгүүсүнө зыян келтирген маалыматтар чектелбей, жаш курагынын категориясы көзөмөлдөнбөй жатканын аныктады. Көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен жана жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде министрлик Кыргызстанда ТикТокту жайылтууну токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. Мыйзамдарга ылайык, чечимди андан ары ишке ашыруу үчүн Санарип өнүктүрүү министрлигине кат жөнөтүлдү”,- деп жазылган маалыматта.

Санарип өнүктүрүү министрлиги бул чечимге байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Буга чейин Улуттук телерадиокорпорациясынан ТикТокту жабуу тууралуу сурамжылоого негизделген бир катар материалдар көрсөтүлгөн.

Президент Садыр Жапаров 14-августта балдардын маалымат коопсуздугу жаатындагы бир катар мыйзамдарга (Укук бузуулар кодекси, “Кыргызстандагы балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” жана “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.
Ага ылайык, документтер “балдардын маалымат коопсуздугу”, “балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалымат”, “маалымат продукциясы”, “балдар үчүн маалымат продукциясы” деген түшүнүктөр менен толукталган. Ошондой эле жашы жете элек балдардын өнүгүүсүнө зыян келтириши мүмкүн болгон берүүлөрдү, маалыматтарды чектөө, таратууну тыюу талаптары жазылды. Андан сырткары балдарга зыян делген маалыматтардын тизмеси берилген.

Ушул жылдын май айында АКШнын Монтана штатында ТикТокту колдонууга тыюу салынган.
Батышта бул тиркемеге ээлик кылган ByteDance компаниясы колдонуучулардын жеке маалыматтарын Кытайдын бийлигине өткөрүп берип, жалган маалымат таратуу үчүн пайдаланып кетиши ыктымал деп чочулоо бар.
Евробиримдиктин бардык институттарында, Британия, Франция, Нидерланд, Жаңы Зеландия, Бельгия, Дания, АКШ, Тайванда ТикТокту кызматтык чөнтөк телефондорго же башка жабдыктарга орнотууга тыюу салынган.
АКШда андан тышкары айрым коллеж, университеттерде да ТокТокту пайдалануу мүмкүн эмес.
Ал эми Индия бул тиркемени өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузган платформалардын “кара тизмесине” киргизген.
Быйыл мартта Кошмо Штаттарда платформага тыюу салуу демилгесине каршы акциялар болгон. Катышуучулар сөз эркиндигине көлөкө түшөрүн айтышкан.

Меню