Menu

Мансур Мовлаев

Чечен активисти Мовлаев УКМКнын тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирди

Кыргызстанда кармалып, камакка алынган чеченстандык активист Мансур Мовлаев коопсуздук кызматынын тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирди. Ал бул тууралуу 31-октябрда Бишкек шаардык сотунда өткөн апелляциялык арыздар боюнча соттук отурумдун башында айтып үлгүрдү.

“Урматтуу судья, мени тергөө абагында кыйнап жатышат. Мени соттон баш тартууга мажбурлап жатышат”, – деди ал.

Мовланов сөзүн аягына чыгара алган жок. Соттук коллегиянын төрагасы отурум жоопкер тараптын апелляциялык арызы сот өндүрүшүнө келе электигин айтып, жараянды 16-ноябрга дайындады.

Адвокат Бакыт Автандил Мансур Мовлаевдин билдирүүсү боюнча прокуратурага жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрыларын журналисттерге жараяндан кийин маалымдады.

Украинадагы согушка каршы пикирин ачык билдирип, чечен президентин сындап келген активист Мансур Мовлаев былтыр өмүрүнөн кооптонуп, Орусиядан качып чыккан. Быйыл августта Кыргызстандын коопсуздук кызматы аны Ысык-Көлдөн кармаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында колго түшүрүлгөнүн билдирген.

Коопсуздук кызматынын маалыматында 28 жаштагы Мовлаев Сириядагы эл аралык террордук уюмду каржылоо маскатында Кыргызстандагы колунда бар адамдарды карактоону көздөгөн деп шек саналып жатканы жазылган. Мекеме ошондой эле ал быйыл январда Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, орус жарандыгы тууралуу жасалма паспорт менен жүргөнүн кошумчалаган.

Мовлаевге “Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүү” беренеси менен айып тагылып, 4-октябрда ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен аягында мекенине депортациялоо менен алты айга эркинен ажыратылган.

Активист соттогу акыркы сөзүндө Чеченстанга депортацияланса, чечен күч органдарынын кыйноосуна кабыларын айтып, канча жыл берилсе да бул жакта жазасын өтөөнү суранган. Апелляциялык арызда да кылмыш беренесиндеги эң жогорку жаза – эки жылга эркиндигинен ажыратуу суралган.

 

Рамзан Кадыровду сындаган чечен активисти жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргызстандан депортацияланат

Бишкектин Биринчи Май райондук соту чечен активисти Мансур Мовлаевди Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөнү үчүн 6 айга камакка алып, андан ары өлкөдөн депортациялоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Кавказ.Реалии” басылмасы жазды.

Өкүм тууралуу басылмага Мовлаевдин жактоочусу Бакыт Автандил билдирди. Анын айтымында, Мовлаев чечен коопсуздук күчтөрүнүн кыйноолорунан корккондуктан, Кыргызстанда жаза берүүнү суранган.

“Адвокаттарым айткандай, мен жазамды өтөөгө даярмын. Менин беренемде айып пул төлөө каралса да, өмүрүмдү сактап калуу үчүн эки жылга эркинен ажыратууну суранам. Бул беренеде каралган эң чоң жазаны өтөөгө даярмын. Өз өмүрүмдү сактап калуу үчүн бул жерде кеминде он жыл түрмөдө отурууга даярмын”,-деген Мовлаев акыркы сөзүндө.

Быйыл августта Мансур Мовлаев 21-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камалган. Эл аралык издөөдө жүргөн активист Ысык-Көлдө кармалганын атайын кызмат билдирген. “Шектүү радикалдуу идеологияны карманат” жана “орус жарандыгы бар жасалма паспорт менен Кыргызстанга кирген” деп айыпталып жаткан.

VC.RU сайтындагы маалымат боюнча, 28 жаштагы Мовлаев – таэквондо боюнча Чеченстандын чемпиону, спорт чебери. Ал Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун негизги сынчыларынын бири экени айтылган. Мовлаев 2020-жылы токулган иш боюнча үч жылга соттолуп, 2022-жылы эркиндикке чыккан. Бирок кайра кармалып, Шалин райондук ички иштер бөлүмүнөн качып чыккан.

Кыргызстандагы байларды карактоо үчүн келген Чеченстандык Мансур Мовлаев кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чеченстандык активист Мансур Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында ал Ысык-Көл облусунун аймагында колго түшүрүлгөнүн билдирди.

Мекеме 21-августта тараткан маалыматында 28 жаштагы шектүү радикалдуу идеологияны карманарын, ал Сириядагы эл аралык террордук уюмду каржылоо маскатында анын эмиссарларынын көрсөтмөсү боюнча Кыргызстандагы колунда бар адамдарды карактоо ниетин көздөп жүргөнүн, быйыл январда Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп келип, орус жарандыгы тууралуу жасалма паспорт менен жүргөнү аныкталганын белгиледи.

“Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Мыйзамсыз аракеттерди документтештирүү боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Улуттук коопсуздук органдары террордук жана диний-экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштерди улантууда”, – деп билдирди УКМК.

Чеченстандык активист менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери абактан жолугуп чыкканын жетекчиси Бакыт Рысбеков 21-августта “Азаттыкка” билдирди. Анын сөзүнө караганда, Мансур Мовлаев эч кандай кыйноого кабылбаганын, кармоо учурунда колу жана буту тытылып кеткенин айткан. Бул убактылуу кармоочу жайдагы медициналык китепчесине жазылган.

“Мансур Мовлаев эгерде Кыргызстандан экстрадиция болсо, барган жеринен сөзсүз кыйноого кабыларын айтыптыр”, – деди Рысбеков.

Адвокат Илгиз Насыров шектүүнүн бөгөт чарасы 21-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда караларын айтты. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып коюлганы айтылууда.

VC.RU сайтындагы маалымат боюнча, Мовлаев Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун негизги сынчыларынын бири. Ал 2020-жылы үч жылга соттолуп, 2022-жылы эркиндикке чыккан. Бирок кайра кармалып, Шалин райондук ички иштер бөлүмүнөн качып чыккан.

Меню