Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Бишкекте бала бакчанын ордуна 12 кабаттуу үй салып сатып жиберген KGgroup курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов камакка алынды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүү жана пайдалануу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаранын алкагында кылмыш иши козголуп, анын жүрүшүндө курулушка жарыяланган социалдык объектинин ордуна ижарачылар тарабынан турак жайларды мыйзамсыз куруу фактылары аныкталды. 

Жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 30-июлундагы № 417 токтомуна ылайык, «О» ЖЧКсына бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакча салынуусу аныкталды. Бирок, буга карабастан, «Бишкек Главархитектура» мамлекеттик мекемесинин жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында «О» ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөн.  Бул адамдар белгиленген максатты бузуу менен архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыгышып, жана инженердик-техникалык шарттарды жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 12 кабаттуу турак жайдын курулушуна карап, техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболорун жүргүзгөн.

Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында «О» ЖЧКсы мыйзамсыз түрдө 2 көп кабаттуу үйлөрдү куруп, аны сатып жиберишип, Бишкек шаарынын жакынкы райондорунун жашоочулары шаарда жетишсиз болгон бала бакчадан ажыратылган.

Ошентип, мамлекетке 52 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген, ал ушул күнгө чейин «О» СК тарабынан төлөнбөй келген.

2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-ст., «О» ЖЧКсынын ээси – Т.И.А. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда бул кылмыштарга тиешеси бар башка кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК Көлбаев "Күрмөнтү цементти" көзөмөлдөп келгенин билдирди

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) “Күрмөнтү цемент” ишканасынын 93,17% үлүшү Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөнүн билдирди.

Анда бул атайын операцияда атып өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) байланыштуу иштерди тергөөнүн алкагында ишке ашканын кабарлады.

“УКМК Камчы Көлбаевдин тобунун кылмыштуу кирешелерин легалдаштырууга (адалдоо) байланыштуу бир катар кылмыш иштерин иликтөөнү улантып жатат. Тергөөдө Көлбаев жасалма жана жеке компаниялар аркылуу “Күрмөнтү” цемент заводунун ишин көзөмөлгө алганы аныкталды. Ишкананы арзан баада менчикке өткөрүү максатында анын банкрот болушуна жасалма шарттар түзүлгөн”,- деп жазылган маалыматта.
Мунун алдында УКМК Көлбаевдин акчасына сатылып алынды деген 15 асыл тукум жылкы аныкталганын билдирген. Мекемелер аралык баалоо комиссиясы алардын жалпы баасын 79 790 000 сом деп эсептегенин маалымдаган.
“Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун аталган мүлкү кийин аукциондо сатуудан түшкөн каражаттар мамлекеттик бюджетке кайтарылат”,- деп жазылган маалыматта.
УКМК ушул айдын башында Көлбаевдин жалпы наркы 500 миң доллардан ашуун асыл тукум жылкылары мамлекетке алынганын кабарлаган.
Атайын кызмат Көлбаевге байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелери менен иш козголгонун кабарлаган. Анда “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү” кармалганын билдирген.
Ошондой эле Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык жаран кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы бир миллиард долларлык актив камакка алынганын билдирген.
Андан сырткары Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон элүүгө жакын бажы кызматкери иштен бошотулган.

УКМК: Токмокто кыз зордуктаган адамды кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 178.000 сом пара алып жаткан милиционер кармалды

 Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө 2023-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Токмок ШИИБнин кызматкери, милициянын улук лейтенанты М.Д.К. 178 000 сом алып жаткан жеринен кармалган.

 Токмок ШИИБнин кызматкери арыз ээсинин уулу А.Рды зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган.

  Кармалган М.Д.К. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

  Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

УКМК: Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна караштуу дагы 4 кыймылсыз мүлк камакка алынды

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, КР УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата «кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» фактысы боюнча тергөөгө
чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кыймылсыз мүлк объекттери аныкталган:
1. «Илбирс-Саадат» эс алуу борборундагы коттедж;
2. Чолпон-Ата шаарындагы соода борбору;
3. «Коста Браво» эс алуу борборундагы коттедж;
4. «Бурана Резорт» эс алуу борбору.
Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.

УКМК: Ботаникалык бактын ичиндеги жер тилкесин жеке менчикке сатып жиберген Бишкектин "Кадастр" ишканасынын экс-директору камакка алынды

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (УИА) Биология институтунун Э.Гареев атындагы Ботаникалык багынын түштүк тарабында жайгашкан жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды.

Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын жетекчилиги жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан материалдык пайда алуу максатында Кыргыз Республикасынын УИАнын “Көк-Жар” эксперименталдык базасынын балансындагы Бишкек шаарынын И.Ахунбаев көчөсүнүн 1а дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 0,244 га (Ботаникалык бактын түштүк тарабы) жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схемасы уюштурулганы аныкталды. Анда, аталган жер тилкелери Э.Гареев атындагы ботаникалык бактын жалпы тосмосунун ичинде жайгашкандыгына карабастан Бишкек шаарынын мэриясынын жасалма токтомун чыгаруу жолу менен мыйзамсыз укук белгилөөчү документтер берилген. 

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жер тилкелерин мыйзамсыз берүүдөн келтирилген зыян 31 миллион сомдон ашык сумманы түзөт.

2023-жылдын 19-октябрында чогултулган материалдардын негизинде “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын экс-директору Б.Б.Ж. жана анын орун басары К.М.З. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. 

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо, ошондой эле мыйзамсыз алынган жер тилкелерин мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары улантылууда.

Кылмыштуу топ түзүүгө катышкан дагы бир милиционер кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан пара талап кылуу жана кылмыштуу чөйрөнү түзүү же ага катышуу фактылары боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек ШИИБ Биринчи Май райондук ички иштер башкы башкармалыгынын 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын лейтенанты И.Т.К. кармалды.

Бул кармалган кызматкер КР ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ менен түздөн-түз байланышта болгону, алар кылмыш ишин козгоо шылтоосу менен баңгизатын жеке колдонуу үчүн сатып алууну көздөгөн адамдардан акча талап кылуу менен алектенгендиги аныкталды. Кармалган кызматкер КР ЮМ караштуу ЖАКнын 1-тергөө абагына киргизилди. 

Учурда КР УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар КР ИИМдин башка кызматкерлерине карата аларды кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 

КР УКМК ушул сыяктуу кылмыштарга дуушар болгон жарандарды (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. Атын атабоого кепилдик берилет.

Ысык-Атада секелек кызга нике кыйган имам кармалды

Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын 21 жаштагы тургуну Н. Ш. жашы жете элек, 2008-жылы туулган кызга үйлөнүүгө аракет кылганы, айылдын имамы – 52 жаштагы Р. А аларга нике кыйганы үчүн кармалды.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдагандай, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен кылмыш иши козголду.

Кармалгандар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Быйыл августта Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айылынын имамы 2005-жылы туулган кызды өзүнөн он жаш улуу жаранга никесин кыйганы үчүн кармалган.
Кыргызстанда 2016-жылы 18 жашка жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Анда үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Мыйзамдын негизинде никеге уруксат берген кыздын ата-энеси дагы, нике кыйган имам дагы сот жообуна тартылат.

УКМК: Ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек баланын жазасын жеңилдетүү үчүн ири өлчөмдөгү пара алган Свердловдук райсотунун судьясы камакка алынды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан сот тутумундагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча көрүлгөн пландык иштердин жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов ири өлчөмдө пара алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Мурда маалым болгондой, 2023-жылдын 27-сентябрында ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек баланы эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтыруу үчүн адвокаттын жардамы менен опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы И.Н.А. камакка алынган.

Ошол эле учурда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. көрсөтүлгөн жашы жете элек баланын жакын тууганынан адвокаттын ортомчулугу, ошондой эле жардамчысынын жана катчысынын жардамы аркылуу эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаны берүү үчүн пара алган фактысы аныкталган.

Кылмыш иштерине тиешеси бар адамдардан акча каражаттарын алуу боюнча белгиленген коррупциялык схеманын далилдөө базасын бекемдөө максатында бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында, 2023-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А., ошондой эле адвокат Ы.К.М. камакка алынды.

 Учурда сот тутумунун арасында ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча пландуу иштер жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Адахан Мадумаровдун соту 30-октябрда уланат

18-октябрда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жабык өттү.

Процесске анын адвокаттары гана киргизилди.

Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон. Кийинки отурум 30-октябрга белгиленди.
Саясатчынын адвокаттарынын бири Юлия Богданова буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан, эч кандай маалымат алууга мүмкүн болбой, юридикалык жардам берүү кыйын болуп жатканын айткан. Мадумаров өзүнө коюлган айыпты негизсиз деп баалап келет.
Бийликтин дарегине ачык сын айтып келген Мадумаровду милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талаш жаратып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айткан.

УКМК: Кылмыштуу топ түзүп алып, жарандарды коркутуп, акча өндүрүп жүргөн милиционерлерди кармоо уланууда

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан пара талап кылуу жана кылмыштуу чөйрөнү түзүү же ага катышуу фактылары боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек ШИИБнин БМЖККнын ыкчам кызматкери, милициянын майору М.3.М.. жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкы башкармалыгынын 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын капитаны И.К.Ж. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул кызматкерлер КР ИИМ БМЖККнын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ менен түздөн-түз байланышта болгондугу, алар кылмыш ишин козгоо шылтоосу менен баңгизатын жеке колдонуу үчүн сатып алууну көздөгөн адамдардан акча талап кылуу менен алектенгендиги аныкталды. Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда КР УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар КР ИИМдин башка кызматкерлерине карата аларды кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 

КР УКМК ушул сыяктуу кылмыштарга дуушар болгон жарандарды (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. Атын атабоого кепилдик берилет.

Меню