Menu

Ботаникалык бак

УКМК: Ботаникалык бактын ичиндеги жер тилкесин жеке менчикке сатып жиберген Бишкектин "Кадастр" ишканасынын экс-директору камакка алынды

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (УИА) Биология институтунун Э.Гареев атындагы Ботаникалык багынын түштүк тарабында жайгашкан жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды.

Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын жетекчилиги жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан материалдык пайда алуу максатында Кыргыз Республикасынын УИАнын “Көк-Жар” эксперименталдык базасынын балансындагы Бишкек шаарынын И.Ахунбаев көчөсүнүн 1а дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 0,244 га (Ботаникалык бактын түштүк тарабы) жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схемасы уюштурулганы аныкталды. Анда, аталган жер тилкелери Э.Гареев атындагы ботаникалык бактын жалпы тосмосунун ичинде жайгашкандыгына карабастан Бишкек шаарынын мэриясынын жасалма токтомун чыгаруу жолу менен мыйзамсыз укук белгилөөчү документтер берилген. 

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жер тилкелерин мыйзамсыз берүүдөн келтирилген зыян 31 миллион сомдон ашык сумманы түзөт.

2023-жылдын 19-октябрында чогултулган материалдардын негизинде “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын экс-директору Б.Б.Ж. жана анын орун басары К.М.З. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. 

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо, ошондой эле мыйзамсыз алынган жер тилкелерин мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары улантылууда.

Меню