Menu

Паракор милиция

УКМК: Кылмыштуу топ түзүп алып, жарандарды коркутуп, акча өндүрүп жүргөн милиционерлерди кармоо уланууда

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан пара талап кылуу жана кылмыштуу чөйрөнү түзүү же ага катышуу фактылары боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек ШИИБнин БМЖККнын ыкчам кызматкери, милициянын майору М.3.М.. жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкы башкармалыгынын 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын капитаны И.К.Ж. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул кызматкерлер КР ИИМ БМЖККнын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ менен түздөн-түз байланышта болгондугу, алар кылмыш ишин козгоо шылтоосу менен баңгизатын жеке колдонуу үчүн сатып алууну көздөгөн адамдардан акча талап кылуу менен алектенгендиги аныкталды. Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда КР УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар КР ИИМдин башка кызматкерлерине карата аларды кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 

КР УКМК ушул сыяктуу кылмыштарга дуушар болгон жарандарды (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. Атын атабоого кепилдик берилет.

УКМК: Ошто милиционерлер үчүн курулган 220 квартираны бөлүштүрүүдө пара алып, кезекте турбагандарга да бөлүштүргөн жетекчилер кармалды

2021-жылы Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн 220 батирлүү үй курулуп, алар кезектүүлүк боюнча батир алышкан. Облустун укук коргоо органдарына батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча көптөгөн даттануулар келип түшкөндөн кийин кылмыш иши козголуп, кийин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдарынын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган.

 Бирок КР Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши кайрадан козголуп, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына өткөрүп берилген.

 Тергөөнүн жүрүшүндө, 2021-жылы Ош облусунун ИИБнын Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги М.Ы.А. жана анын орун басары Ж.М.Р. кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, биринчи кезектеги кызматкерлерди башка аймактарга атайылап которушкан.  Андан кийин Турак-жай жана турмуш-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алышып, акчалай сыйлык алуу учун документтерди бурмалоо жолу менен мурда кезекте турбаган адамдарды биринчи кезектин катарына киргизишкен. 

Тергөө тарабынан чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 25-сентябрында Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси М.Ы.А., анын орун басары Ж.М.Р. жана кызматкер Д.А.К. кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 Учурда тергөө иштери уланууда.

УКМК: Бишкекте жарандарга бангизат сатып, кайра аларды кармап, $5000 чейин пара алып жүрүшкөн 5 милиционер кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Укук коргоо органдарындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн айрым бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан жеке керектөө үчүн синтетикалык дарыларды сатып алуу, адамдардан акча каражаттарын системалуу түрдө талап кылуу фактылары боюнча маалыматтар алынган. 

Тиешелүү текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө алынган маалыматтар тастыкталып, бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү), 343-беренесинин 2-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) жана 262-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыш чөйрөсүн түзүү) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында зарыл болгон тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Тергөө иштеринде, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин системасында ошондой эле анын структуралык жана аймактык бөлүмдөрү, туруктуу кызматкерлер тобу, оперативдүү мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, адамдарды кармоонун кийинки этаптары менен, “кыстармалар” деп аталган Telegram жана WhatsApp мессенджерлери аркылуу жеке колдонуу үчүн синтетикалык баңгизаттарды сатып адамдарды аныкташкан.

 Ошол эле маалда кылмышка тиешеси бар адамдарды уюлдук телефондоруна болжолдуу кармоо процесси тартылып алынып, жана видеоматериалдар кылмыш жоопкерчилигине тартып, тергөө камак жайга камайбыз деп коркутуу менен кармалгандардан акча талап кылуу үчүн колдонулган.

Коркутуулардын жана психологиялык басымдын натыйжасында кармалган жарандар КР ИИМдин аталган кызматкерлерине 20 000 сомдон 5 000 АКШ долларына чейин акча каражатын өткөрүп берүүгө мажбур болушкан, алар талап кылынган сумманы алгандан кийин баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүнүн аныкталган фактыларын жашырып, кармалгандарды бошотушкан.

Тергөөдө акыркы 2 жылда гана болгон 200дөн ашык ушул сыяктуу фактылар боюнча маалыматтар алынып, синтетикалык баңги заттарына каршы күрөшүү жаатындагы өлкөдөгү иш жүзүндөгү кырдаалды жашыруунун мурда болуп көрбөгөндөй фактылары жөнүндө күбөлөндүрөт.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, КР ИИМдин учурдагы кызматкерлери «Б.К.», «Э.А., «Н.К.», «Б.И. жана У.Ч. КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмыштуу схемага тиешеси бар ИИМдин бардык кызматкерлерин аныктоого жана кармоого багытталган иш-чаралар улантылууда жана тиешелүү далилдер табылар замат кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.

Кыргыз Республикасынын УКМК бардык жарандарга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин бул тобунун аракеттеринен жабыр тарткан жана ушул сыяктуу фактылар болсо жарандарды билдирүүнү өтүнөт, анонимдүүлүко кепилдик берилет.

УКМК: Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК тарабынан КР ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда жума сайын берилип турчу 10-15 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам издөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери милициянын капитаны А.Ч.Т. кармалды.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул иш боюнча Бишкек ШИИБинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы К.Б. УКМКга алып келинди.  А.Ч. жана К.Б.га карата жашаган жеринде, автоунааларда, ошондой эле кызматтык бөлмөлөрдө тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалган А.Ч. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМ: Бишкектеги укалоо салонунун ээсин опузалап, ай сайын пара алып жүргөн милиционер кармалды

ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантат.
ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкектеги укалоо салондорунун биринин ээсинен ар дайым опузалап акча каражатын алып келген Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыйгарым укуктуу аймактык тескөөчүсү С.О. кармашты.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыйгарым укуктуу аймактык тескөөчүсү С.О. эки жыл бою укалоо салонунун үстүнөн калкалоосу үчүн айына 4 миң сомдон алып жүргөн. Андан сырткары, 2021-жылдын ноябрь айында милиция кызматкери коркутуу жолу менен укалоо салонунун ээсинен 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган.
Бул акча каражаттар ай сайын “О деньги” электрондук капчык аркылуу которулуп турган. Ал терминалдардын биринде 5 миң сом акча каражатын алуу учурунда кармалды.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголду.
Ички иштер министрлиги өз катарларынан коррупцияга аралашкан кызматкерлерди аныктоо боюнча чараларды көрүүдө.
Азыркы учурда ички иштер органдарынын айрым кызматкерлеринин жасаган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер уланып жатат.

УКМК: Өзгөндө жаш кыздар аркылуу карапайым жарандарды зордуктоого же баңгизатты колдонууга азгырып, ири суммадагы акчаларды өндүрүп жүрүшкөн милиционерлер кармалды

КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, Өзгөн РИИБнин жана Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринин ичинен түзүлгөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, КР ИИМнин аталган эки аймактык бөлүмүнүн айрым ыкчам кызматкерлери карапайым жарандардан узак убакыт бою “опузалап талап кылуу” схемасын уюштурушкан, алар башка карапайым жарандарды, негизинен жаш кыздарды, коркутуп-үркүтүү жана шантаж жолу менен аларды кылмыштуу иш-аракеттерине тартышкан. Бул схема зордуктоо же баңгизатты колдонууга азгыруу фактылары боюнча кылмышка тартылган жарандардан жасалма арыз материалдарын алуудан турган. Андан ары текшерүүгө жамынып, кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуп, жабырлануучуларды “акчасын төлөп берүүгө” мажбурлашкан. Бирок иш жүзүндө, текшерүү фактысын жашыруу үчүн жабырлануучуларга карата кайрылуулар процессуалдык каттоодон өткөн эмес.

Өзгөн РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты А.Н.Б. жана Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери милициянын майору Ж.Т.К. жана милициянын капитаны М.С.Ж. 2023-жылдын 30-апрелинде, кармалгандарга карата жасалма ыкчам-иликтөө иш-чаралары, камакка алуу жана суракка алуу түрүндөгү иш-чараларды өткөрүп, маселени оң тарапка чечип берүү үчүн үч жарандан 250 миң сом алышкан.

Мындан сырткары, жасалган кылмыштын далилин жашыруу максатында 2023-жылдын 4-майында мыйзамсыз кармоо жана жасалма ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан учуру жазылып алынган жарандык объектиден көзөмөл камерасынын бекитилген диски мыйзамсыз алынган. 

Ушул жылдын 12-майында КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Ош облусунун Өзгөн районунун жана Өзгөн районунун  Куршаб айылдык милиция бөлүмүнүн имаратында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп,  натыйжасында кылмыштуу аракеттерди тастыктаган маалыматтар алынган.

Көрсөтүлгөн милиция кызматкерлери кармалып, КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №25 тергөө абагына камакка алынды.

УКМК: Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

Кечээ, 3-апрелде КР УКМК Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу)  боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын жаранына карата сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 20 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын банк картасына которуу учурунда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын лейтенанты Ж.А.Т. кармалды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бишкектин Биринчи май раймилициясынын кызматкерлери массаждык салондорго "крыша" болуп беребиз деп ай сайын $1000 алып жүргөндүгү үчүн кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Укук коргоо органдарындагы коррупциялык өрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, 2023-жылдын 24-мартында Биринчи май РИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери массаждык салондордун ээлеринен аларды “калкалоо үчүн” системалуу түрдө опузалап акча алуу фактысы боюнча кармалышты.

Тактап айтканда, Биринчи май РИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Э.Д.Т., улук ыкчам кызматкери М.Ж.К. жана ыкчам кызматкери Д.А.Б. кармалды. 

Жогорудагы кызматкерлер кылмыштуу сүлөшүүлөргө барып, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан массаждык салондордун ээлеринен акча каражаттарын алуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкандыгы аныкталган.

Биринчи май РИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери борбор калаанын массаж салондорунда негизсиз рейддерди жүргүзүшкөн, негизги максат катары аларды “калкалоо үчүн” ай сайын акы алып туруу болгон. Акынын баасы 500дөн 1000 АКШ долларына чейин болгон.

Белгилей кетсек, массаждык салондордун ээлери менен Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы өзү сүйлөшүп, өзүнүн кызмат абалын колдонуп, иштеп жаткан бизнесин мажбурлап жабуу менен коркутуп, ай сайын “акы төлөө” шартын койгон.

Салон ээлери баш тарткан учурда, түшкөн арыздык материалдардын негизинде рейддик иш-чараларды жүргүзүп, аларды камакка алуу түрүндөгү кесепеттерге алып келет деп коркутушкан.

Акча каражаттарын алуу процессинде бул кызматкерлер ар кандай ыкмаларды, анын ичинде бир жолу колдонулуучу электрондук банк карталарын, ишенимдүү акча алмаштыруу жайларын жана башкаларды колдонушкан.

Кармалгандар КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

КР УКМК жогорудагы адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен жапа чеккен адамдарды кайрылууга чакырат, берилген маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик берилет.

УКМК: Опузалап 50.000 сом пара алып жаткан жеринен Токмок шаардык милициясынын улук тергөөчүсү кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө, КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 7-мартында 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Б.Б.К. кармалды. 

Тергөөчү Б.Б.К. кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу астында жарандардан бир нече жолу опузалап акча алуу менен алектенгени аныкталган. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Б.Б.К Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди..

Нарын райондук милициясынын начальнигинин орун басары жана тергөөчүсү 20.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалышты

Кечээ, 21-февралында опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМК кызматкерлери жана КР ИИМдин Нарын облусу боюнча ИИБ ички иликтөө кызматкерлери менен биргеликте 20 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки тергөө иштери боюнча орун басары Т.у.К. жана тергөө кызматынын тергөөчүсү Б.А.М. кармалды.

Аталган кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгү (жылмакай ок атуучу куралды сактоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш иши туралуу Нарын районунун бир топ тургундарынын баш коргоо чарасына оң чечим чыгаруу үчүн алдын ала сүйлөшүп алып, Нарын районунун тургундарынан 40 000 сом талап кылган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгү анча оор эмес кылмыштарга тиешелүү, анда жаза айыппул түрүндө гана каралган, эркинен ажыратуу каралган эмес.

Учурда кармалгандар Нарын шаарынын ИИБнын УКЖсына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Меню