Menu

Паракор милиция

УКМК: Кочкор-Ата шаардык милициясынын кызматкери 50.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы жана КР ИИМ Жалал-Абад облусу боюнча ички иликтөө бөлүмүнүн ички иликтөө кызматы менен бирдикте, 2022-жылдын 15-декабрында 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери «Э.Ш.К. кармалды. 

Такталгандай, «Э.Ш.К» аттуу Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери, Кочкор-Ата шаарынын тургунун кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, маселени оң жагына чечип берүү үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кылган. 

Бул факты боюнча УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-берененин 1-бөлүмүндө (опузалап пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон. 

Кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

УКМК: Чүй облусунун Москва райондук милициясынын тергөөчүлөрү пара алып жаткан жеринен кармалышты

КР УКМК тарабынан, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында акча талап кылуу фактысы боюнча коррупцияга бөгөт коюунун алкагында, 2022-жылдын 26-августунда Москва районунун ИИБнын тергөө кызматынын кызматкерлери, милициянын капитаны Э.А.К. жана милициянын лейтенанты А.А.К. кармалды

Аталган милиция кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен «К.И.К.» аттуу жарандан сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын токтотуу үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары алууга аракет кылышкан. 

Натыйжада К.И.К. аттуу жаран Москва РИИБ кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен КР УКМКсына кайрылган. 2022-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталган.

Бул факты боюнча 2022-жылдын 26-августунда КР ИИМдин ички кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, кызматтык бөлмөсүнөн белгиленген сумманын бир бөлүгүн, тагырагы 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурунда Москва районунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүлөрү Э.А.К. жана А.А.К. кармалды.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Бишкектин Ленин райондук ИИБ 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында Ленин райондук ИИБ 1-ШМБ башчысы милициянын подполковниги Ч.А. пара алып жаткан жеринен кармалды, анын аракеттеринде жарандардан түшкөн арыздарды кароодо коррупциялык схемаларды уюштуруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган. 

2022-жылдын 25-августунда Ч.А. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

      Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Чет элдик жарандан $2000 пара алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын 2 кызматкери кармалды

КР УКМК укук коргоо органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 28-июлунда КР ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек шаардык Ленин райондук ИИБ Тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Ж.Т.С. жана кылмыш издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери милициянын капитаны Б.Т.С. кармалды.
УКМК тарабынан аныкталган боюнча, тергөөчү Ж.Т.С. тергөө алдындагы текшерүү материалдарын токтоткондугу үчүн чет элдик жаран К.М.П.дан 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү (Пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү КР Жазык-процесуалдык кодексинин 96 жана 97-беренесинин негизинде кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМК: Сузак райондук милициясынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери пара алып жаткан учурунда кармалышты - видео

Бүгүн, 21-июнда КР УКМК жана КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте Жалал-Абад областынын Сузак райондук ИИБ кылмыш иликтөөсүнүн ыкчам кызматкерлери 15 000 сом акча каражатын пара катары алып жаткан учурунда кармалышты.

Такталгандай, К.А.А. жана Э.А.А. аттуу Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Сузак районунун жашочусун  кылмыш жообуна тартуу менен коркутуп, жасалма арыз материалдарын жасашып, оң чечим чыгарып беребиз дешип 40 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан, анын 25 000 сомун мурда алышкан.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча КР УКМК Жалал-Абад башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду.

Кармалгандар УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

УКМК: Бишкектин Ленин райондук ИИБнын тергөөчүсү 250 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу түрдө көрүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын ИИББнын Ленин райондук ШИИБнын тергөө кызматынын ага тергөөчүсү милициянын капитаны Ж.С.Т. чет элдик инвестордон акча талап кылып, алып жаткан жеринен кармалды.

Тергөөчү Ж.С.Т. 380 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМне жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган Түркиянын жараны Д.Ш. 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча каражатын талап кылган. 

КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ленин районунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү Ж.С.Т. келип түшкөн арызды кароонун оң натыйжасы үчүн чет элдик инвестордон 250 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Кыргыз Республикасынын УКМК ишкерлерди жана инвесторлорду мамлекеттик, муниципалдык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү опузалап акча талап кылган учурда Кыргыз Республикасынын УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө 0 (312) 66-04-75; 62-65-04 телефон номери аркылуу кайрылууну өтүнөт.

Фото - УКМК: Ош шаардык милициянын кызматкери опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган, анда алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан пара талап кылынган.

2021-жылдын 4-октябрында Ош шаардык ИИБ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, пара алып жаткан жеринен Ош шаардык ИИБ №5-шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү милициянын лейтенанты «А.Т.» кармалды. Кармалган адам КР жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.

УКМК: Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери кармалды

Кечээ, 9-сентябрда КР УКМК тарабынан укук коргоо органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык ШИИБ Биринчи май райондук ИИБ Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери милициянын майору «Д.М.К.» кармалды

Такталган боюнча, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери милициянын майору «Д.М.К.» алдамчылык кылды деп жоопко тартуу туралуу коркутуу менен, Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургуну “АША” аттуу жарандан улуттук элементтерден жасалган кымбат баалуу сувенир жана 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында,  кармалган адам тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чараларды андан ары ишке ашыруу үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Меню