КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган, анда алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан пара талап кылынган.
2021-жылдын 4-октябрында Ош шаардык ИИБ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, пара алып жаткан жеринен Ош шаардык ИИБ №5-шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү милициянын лейтенанты «А.Т.» кармалды. Кармалган адам КР жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда КР УКМК тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ