Menu

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы

Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулду

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров 26-октябрда эртең менен Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду.

Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлү Мирбек Мунарбек уулу билдирди.

Буга чейин анын адвокаты Мадумаровдун саламаттыгы начарлап кеткенин, ооруканага жаткырлышы керектигин билдирген.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 18-октябрда Мадумаровго козголгон кылмыш ишине байланыштуу алдын ала соттук угуу жабык өткөн. Жараянга анын адвокаттары гана киргизилген. Кийинки отурум 30-октябрга белгиленген.
Саясатчынын адвокаттарынын бири Юлия Богданова буга чейин ишке “жашыруун” деген белги коюлгандыктан, эч кандай маалымат алууга мүмкүн болбой, юридикалык жардам берүү кыйын болуп жатканын маалымдаган. Мадумаров өзүнө каршы ачылган кылмыш ишинин саясий өңүтү бар экенин айтып келет.
Бийликтин дарегине ачык сын айтып келген депутатты милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талаш жаратып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айткан.

Адахан Мадумаровдун соту 30-октябрда уланат

18-октябрда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жабык өттү.

Процесске анын адвокаттары гана киргизилди.

Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон. Кийинки отурум 30-октябрга белгиленди.
Саясатчынын адвокаттарынын бири Юлия Богданова буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан, эч кандай маалымат алууга мүмкүн болбой, юридикалык жардам берүү кыйын болуп жатканын айткан. Мадумаров өзүнө коюлган айыпты негизсиз деп баалап келет.
Бийликтин дарегине ачык сын айтып келген Мадумаровду милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талаш жаратып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айткан.

Камактагы Адахан Мадумаров ИИМде "Бүтүн Кыргызстан" партиясы шайлоодо талапкерден алган $50.000 боюнча беш сааттай сурак берди

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 23-сентябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкы башкармалыгында беш сааттай сурак берди. Бул тууралуу журналисттерге саясатчынын адвокаты Майрамбек Жумабеков билдирди.

Анын сөзүнө караганда, буга чейин Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган.

“Адахан Мадумаров “андан бери сегиз жыл өтүптүр. Мен эч нерсени билбейм. Биздин партия акча чогултпайт. Талапкерлерден акча чогултуу партиянын уставында да жок” деп айтты”, – деди Майрамбек Жумабеков.

Ички иштер министрлиги жазылган арыз жана Адахан Мадумаровдун суракка алынышы тууралуу маалымат бере элек.

Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармап кеткен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.
Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.
Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.
Адахан Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош – Баткен – Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.
Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

УКМК: Бийликти күч менен басып алууга жашыруун даярданган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү кармалды

КР УКМК тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө өлкөдө массалык нааразылык акцияларын жана ири толкундоолор, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзгөн “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин бети ачылып, бөгөт коюлду.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык баш аламандыкка чакыруу”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 6-июлунда КР УКМК тарабынан “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.  

Тинтүү учурунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын партиялык материалдарынан тышкары бул партиянын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары жана реквизиттери алынды. Мындан тышкары, тинтүүлөрдүн натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынды.

Маалымат үчүн: Кармалган материалдарда төмөнкүдөй кайрылуулар болгон: «Ансыз деле төңкөрүш керек». «Революция болсо токтойт баардык иш. 2 жылдан бери айтып келе жатам. Бул бийлик созду тушунбойт. Муштумду тушунот. Буларды уруп же жок кылып токтотосуздар. Революция болот по любому. Бараарда революцияга башынарды кылычка сайып барыныздар»; «Барыныздар Кастет, дубинка, Сухой пайок алып алыныздар, дубинка алып ал. Милиция же кара кепкачанды корсон эле башка чап дароо ойлонбой»; «дубинка, Коктейл молотовго алып алгыла, керек болот. Баарын оптом орттоп салгылачы кулун асманга сапырып. Болду артка жол жок согушса согушабыз акмактар адырандаган сарт менен уйгур зектер».

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын З.У.А. жана Т.И.М. аттуу активдүү жактоочулары КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97беренесинин негизинде КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу  жайына киргизилди. Калган кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

А.Мадумаровдун тарапташтарынын, анын ичинде З.У.А. жана Т.И.М.дин аракеттери “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын борбордук штабы тарабынан координацияланып турган, тактап айтканда, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын катчылыгынын кызматкерлери тарабынан А.Мадумаровдун жер-жерлерде тарапташтары менен туруктуу байланышта болуп, мобилдик тиркемелерде, мессенджерлерде жана социалдык тармактарда “тайпаларды” түзүү аркылуу тыкыс байланышта болуп, массалык баш аламандыкка даярдык көрүү менен байланышкан нааразылык акцияларын уюштурууда партиянын катардагы мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу үчүн деструктивдүү таасир берип турушкан.

УКМК органдары тарабынан коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

 

Меню