Menu

Күрмөнтү цемент заводу

УКМК Көлбаев "Күрмөнтү цементти" көзөмөлдөп келгенин билдирди

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) “Күрмөнтү цемент” ишканасынын 93,17% үлүшү Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөнүн билдирди.

Анда бул атайын операцияда атып өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) байланыштуу иштерди тергөөнүн алкагында ишке ашканын кабарлады.

“УКМК Камчы Көлбаевдин тобунун кылмыштуу кирешелерин легалдаштырууга (адалдоо) байланыштуу бир катар кылмыш иштерин иликтөөнү улантып жатат. Тергөөдө Көлбаев жасалма жана жеке компаниялар аркылуу “Күрмөнтү” цемент заводунун ишин көзөмөлгө алганы аныкталды. Ишкананы арзан баада менчикке өткөрүү максатында анын банкрот болушуна жасалма шарттар түзүлгөн”,- деп жазылган маалыматта.
Мунун алдында УКМК Көлбаевдин акчасына сатылып алынды деген 15 асыл тукум жылкы аныкталганын билдирген. Мекемелер аралык баалоо комиссиясы алардын жалпы баасын 79 790 000 сом деп эсептегенин маалымдаган.
“Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун аталган мүлкү кийин аукциондо сатуудан түшкөн каражаттар мамлекеттик бюджетке кайтарылат”,- деп жазылган маалыматта.
УКМК ушул айдын башында Көлбаевдин жалпы наркы 500 миң доллардан ашуун асыл тукум жылкылары мамлекетке алынганын кабарлаган.
Атайын кызмат Көлбаевге байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелери менен иш козголгонун кабарлаган. Анда “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү” кармалганын билдирген.
Ошондой эле Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык жаран кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы бир миллиард долларлык актив камакка алынганын билдирген.
Андан сырткары Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон элүүгө жакын бажы кызматкери иштен бошотулган.
Меню