Menu

Эдил Байсалов

Эдил Байсалов: "Жакынкы жылдарда биз дагы эле жумушчу күчтү экспорттоого аргасыз болобуз, биз үчүн чет өлкөлөрдө миллиондогон вакансиялар ачык"

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тиешелүү мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин өкүлдөрү менен тышкы эмгек миграциясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын маселелери боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбызды укуктук жактан колдоо, алардын эмгек шарттарын жакшыртуу жана мыйзамдуу ишке орноштуруу маселелери каралды.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын 1,5 миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт жана бул көрсөткүч жылдан жылга өсүүдө.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары эмгек миграциясы Министрлер Кабинетинин ишинин приоритеттүү багыты экенин жана мамлекет чет өлкөлөрдөгү өз жарандарынын эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого бардык күч-аракетин жумшаарын белгиледи.
“Республиканын жетекчилиги Кыргызстандын ичинде жүз миңдеген жумуш орундарын түзүү боюнча күчөтүлгөн тартипте  иш алып барууда. Бирок ошол эле учурда, жакынкы жылдарда биз дагы эле чет өлкөгө жумушчу күчтү экспорттоого аргасыз болобуз. Кеп, биз жаштарыбызды жогорку маяналуу жумуштарга жибергенибиз болуп жатат. Европа менен Азияда, Россияны айтпаганда дагы, биз үчүн миллиондогон вакансиялар ачык, алардын деңгээлине биз дал келебизби мына ошондо. Учурдагы негизги маселе – чет тилдерин, чеберчиликти жана жогорку квалификациялуу кесиптерди окутууну күчөтүү”, – деп жыйынтыктады Эдил Байсалов

Эдил Байсалов өлкөнүн 7-миллионунчу жараны Жакшылыктын өзүнө 1 млн сом, ата-энесине 200.000 сом тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна иш сапарынын алкагында өлкөбүздүн 7 миллионунчу жараны Жакшылыктын ата-энеси болуу бактысына туш келген Валижан жана Айжаркын Абдрасуловдор менен жолугушту.

Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн имаратында Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан 7-миллионунчу жаранга 16 жашка чыкканда 11,5 млн сомго жакын сумадагы каражат топтолчу депозиттик эсеп ачуу үчүн 1 млн сом суммасындагы сертификатты тапшыруу аземи орун алды. Мындан тышкары, наристенин ата-энеси 200 миң сомдук сертификат алат.

Өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек шаарынан жети миллионунчу кыргызстандык менен бир мезгилде төрөлгөн 8 ымыркайдын ата-энелерине да 200 миң сомдон берилет. Балдардын ата-энелерине көрсөтүлгөн суммага сертификат жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан берилет.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерди кыдырды.

Тактап айтканда, ал Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун эс алуу жайынын иши, футбол аянтчасынын, ошондой эле операциялык бөлүмүнүн абалы менен таанышты.

Сапардын алкагында Эдил Байсалов 500 окуучуга эсептелген №3 У.Салиева атындагы орто мектептин аймагында болуп, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты, ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын БАМ кичи районундагы жаңы спорт залынын ачылыш аземине катышты.

Жумушчу сапарынын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары борбордук стадионго барып, машыктыруучулар курамы үчүн жаңы заманбап имараттын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Эдил Байсалов Женевадагы коопсуздук саясаты борборунда Тажикстандын Баткен облусуна куралдуу басып киришинин кесепеттери тууралуу баяндама жасады

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женева шаарына (Швейцария Конфедерациясы) жумушчу сапарынын алкагында Женевадагы коопсуздук саясаты борборунда 2022-жылдын 14-16-сентябрында Баткен облусунун тынч жаткан айылдарына тажик тараптын куралдуу кол салуусунун кайгылуу кесепеттери тууралуу кеңири баяндама жасады.

Баяндамадан соң Женева борборунун директору, швейцариялык дипломат жана ЕККУнун мурдагы башкы катчысы Томас Гремингер менен өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүдө дипломатиянын инструменттерин колдонуунун мүмкүн болгон жолдору боюнча талкуу болду.

Иш-чара Женевадагы Коопсуздук саясаты боюнча борборунун “Коопсуздук боюнча Женева дебаттарынын” алкагында Кыргыз Республикасынын Женевадагы БУУ кеңсесиндеги жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен өткөрүлдү.

Дебаттын жүрүшүндө баяндамачылар Женева дипломатиялык корпусунун, илимий чөйрөнүн, талдоочулардын, журналисттердин жана студенттердин көптөгөн суроолоруна жооп беришти.  Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары агрессиянын кесепеттерин, көп сандаган адам курмандыктарын, инфраструктуранын кыйроосун жана келтирилген экономикалык зыяндын далилдерн чагылдырган фотокөргөзмө менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Маалымдама: Женевадагы коопсуздук саясаты борбору (GCSP) 1995-жылы Швейцариянын мыйзамдарына ылайык тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту курууга жана колдоого көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн эл аралык фонд. Уюмдун башкаруучу органы болуп 52 мүчө-мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жана Женева кантонунун өкүлдөрү кирген Кеңеш саналат.

Эдил Байсалов: “Өздөн чыккан жат жаман” дегендей куру сын айткан, өзүн-өзү жарнамалаган, мамлекет менен элдин биримдигине доо кетиргендер күчөтүлгөн жоопкерчилик тартат

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында Эвакуациялоо комиссиясынын жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү билдиргендей, учурда Баткен облусундагы 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялардын натыйжасында ички көчүрүлгөн адамдардын саны 137 миңге чукул. Алардын көбү – Баткен облусунда, калгандары Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында жайгаштырылган.

Эдил Байсалов белгилегендей, жер которууга муктаж болгондорду тез арада туруктуу жашаган жерлерине кайтаруу жана калктуу конуштардын талкаланган инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн шарттарды түзүү бардык бийлик органдарынын негизги милдети болуп саналат.

«Мамлекеттик башкаруунун бүткүл системасынын, ошондой эле аскердик командачылыктын иши бардык эвакуациялангандарды жакынкы күндөрдө туруктуу жашаган жерлерине коопсуз кайтып келишин камсыздоого багытталган. Бузулган үйлөрдү жана мүлктөрдү калыбына келтирүү толугу менен мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт. Бул иш атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Калыбына келтирүү мезгилинде бардык ички көчүрүлгөндөр мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоого алынып, өлкө жетекчилигинин көрсөтмөсүнө ылайык тамак-аш, күндө керектелүүчү жана башка буюмдар менен камсыз болушу керек», – деди Эдил Байсалов.

Эвакуациялоо комиссиясынын отурумунун жыйынтыгы боюнча учурда маселелерди ыкчам чечүүгө тоскоолдук кылып жаткан ченемдик укуктук актыларды толуктоо жана тактоо, анын ичинде мамлекеттик бюджеттен жана атайын фонддордон убактылуу жер которгон адамдарды жатакана жана тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын чыгымдарын компенсациялоо үчүн каражат бөлүү жана анын ченемдерин белгилөө тапшырмасы берилди.

Ошондой эле, Эвакуациялоо комиссиясынын төрагасы калк арасында мамлекеттик колдоо алуу үчүн кайрылууга жана убактылуу көчүрүлгөн деп эсептелүүгө укугу жок айрым элементтердин бар экендигине көңүл бурду. Ошондуктан, убактылуу көчүрүлгөндөр үчүн тездетилген тартипте жардам алуу үчүн белгилүү критерийлерди орнотуу милдети коюлду.

Президенттик Администрациянын алдында ведомстволор аралык иштерди координациялай турган атайын жумушчу комиссия түзүлдү. Негизги жоопкерчилик аймактык бийлик органдарына жүктөлөт.

Эдил Байсалов ошондой эле азыркы оор күндөрдө бийликтин ишине болгон ишенимди кетирип, араздашууга аракет кылып жаткан чагымчыл сөздөр бар экенин белгиледи.

«Азыр куру сын айтуу, өзүн-өзү жарнамалоо учуру эмес экенин айткым келет. Азыр мамлекеттин, элдин биримдиги керек, элибизде бекеринен “Өздөн чыккан жат жаман” деп айтылбаса керек. Өзгөчө кырдаал режиминде улуттук биримдикке, элдин ишенимине доо кетирүү жана мамлекеттик бийлик органдарынын иш-аракеттеринин жана коомдун аракеттеринин маңызын бурмалоо максатын көздөп, негизсиз билдирүү жасаган адамдар мыйзам алдында күчөтүлгөн жоопкерчилик тартат. Учурда эң негизги максат – мамлекетибизди бардык тармакта бекемдөө», – деп белгиледи Эдил Байсалов.

Эдил Байсалов “Азаттык" радиосунун ишмердигин “Тап-таза бузукулук!” деп уяткарды

КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн Тwitter социалдык тармагындагы баракчасында “Азаттык” радиосун кескин сынга алды.

“Мына эми карагылачы. Стандарттын стандарты дегендердин кылганын. “Эмнеси болсо да өнүгүү болбосун! Мамлекетке каршы чыккандын баары таза! Өкмөттүкү дайым туура эмес” деген логиканын кесепети. Токтоткула мындайыңарды. Бул эркиндик эмес. Тап-таза бузукулук!” – деп жазды Эдил Байсалов.

“Бул жердеги маскаралык бул “Азаттык радиосундагы” биз жогорку деңгээлдеги кесипкөйлөр деп эсептегендер тирешүү жана карама-каршы коюу максатында бир сөзмөрдүн эки жыл мурунку эски видеосун жаңы жаңылык катары жарыялоону чечкендиги. Бул аталган редакциядагы жана жалпы басма сөздөгү жакшы эмес ситуациянын реалдуу иллюстрациясы”, – дейт Байсалов.

Эсиңиздерге сала кетсек, 14-август күнү Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Ырыс Жекшеналиев өзүнүн “Полит Узник” баракчасында абактан араң кутулган УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевдин 2 жыл мурунку Жетим-Тоо боюнча видеосун жаңы жаңылык катары жарыялаган. Аны аңдабай “Азаттык” радиосу да жаңы жанылык катары “Сегизбаевдин Жетим-Тоодогу кенди иштетүүгө каршы пикири жарыяланды” деп элге жар сала баштаган.

Эдил Байсаловдун уяткаруусунан кийин “Азаттык” өз жаңылыгын алып салган.

УКМКнын тергөө абагында каза болгон фактыларды иликтеген комиссия ишин аяктады

УКМКнын СИЗОсунда болгон учурда каза тапкан Бакыт Асанбаев менен Марат Казакпаевдин өлүмүнүн фактыларды иликтөө боюнча жумушчу комиссия ишин аяктады.

Көрсөтмөгө ылайык, комиссия мүчөлөрүнө УКМКнын тергөө абагынын имаратына кирүүгө, тергөө амалдары жүрүп жаткан камакка алынгандардын өздүк делолору, видеокөзөмөлдөөлөрдүн жазуулары менен танышууга,  ошондой эле УКМКнын кызматкерлери, тергөө абагында кармалып турган адамдар менен байланышууга толук мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Комиссия өз ишинин жүрүшүндө 12 отурум өткөрсө, анын  беши УКМКнын СИЗОсунда, жетөө Өкмөт үйүндө болду.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматы угулуп, Б. Асанбаев менен М.Казакпаев камакта болгон учурдагы СИЗОнун байкоочу камералардагы жазуусу, тергөө абагынын эсеп-кысап документтери көрүлдү. Аны менен катар каза болгон адамдар менен чогу кармалгандар, СИЗОнун кызматкерлери суралып, бул кылмыш иштерин тергеген УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрү менен баарлашуу болду.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча комиссия Б.Асанбаев менен М.Казакпаевдин күтүүсүз өлүмүнө алып келген жагдайлардын трагедиялуу айкалышы жөнүндө алдын ала корутундуга келди.

Ушундай иштердин кайталанбашы учун комиссия зарыл чаралардын комплексин сунуш кылды.

«Министрлер Кабинети мамлекет башчысынын тапшырмасы менен убактылуу кармоочу жайды, СИЗОну жана бардык пенитенциардык системаны толугу менен кайра түзүүнү пландаштырууда. Жакынкы жылдарда бул маселе коомду гумандаштыруунун, тергөө абагынын жана жаза өтөө жайларынын шарттарын жакшыртуунун алкагында эң артыкчылыктуу багыттардын бири болот», – деди – комиссиянын төрагасы Эдил Байсалов.

Эдил Байсалов Нью-Йорктогу БУУ штаб-квартирасында өтүп жаткан ЭКОСОС калкасы астындагы Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумга катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2022-жылдын 5-июлунан 18-июлуна чейин Нью-Йорктогу БУУ штаб-квартирасында өтүп жаткан БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин (ЭКОСОС) калкасы астындагы Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумга катышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУ Европа экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) региондору үчүн туруктуу өнүктүрүү боюнча аймактык форумунун төрагасы катары «Аймактардан келген билдирүүлөр» сессиясында баяндама жасады. Өз сөзүндө Э.Байсалов ТӨМгө жетишүү үчүн прогрессти тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, БУУ ЕЭКтин региондогу туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө биримдикти түзүү, макулдашылган саясатты жана өз ара үйрөнүүнү жогорулатуу платформасы катары ролун белгиледи.

Эдил Байсалов ошондой эле «2030-жылга карата ТӨМгө жетишүүнү тездетүү: кризистерди жана кыйынчылыктарды жеңүү» темасындагы Министрлердин тегерек столуна катышты. БУУнун башкы трибунасында сүйлөгөн сөзүндө ал Кыргызстан эл аралык туруктуу өнүгүү күн тартибин жана «эч кимди артта калтырбоо» глобалдык милдеттенмени ишке ашырууга умтуларын белгиледи. Туруктуу өнүгүү максаттары мамлекеттик өнүгүүнүн негизги документтерине интеграцияланганы баса белгиленди. Ал Кыргыз Республикасынын тоо күн тартибиндеги демилгелерине кеңири токтолду.

Белгилей кетсек, Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумдун жыйынтыгы боюнча Министрлик декларация кабыл алынат, анда кыргыз тарап Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгилөө бөлүгүндө эки чечүүчү пунктту камтый алды.

Эдил Байсаловдун Саясий форумдун ишине катышуусунун алкагында ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү, атап айтканда БУУ Башкы катчысынын орун басары, БУУ Өнүктүрүү программасынын администраторунун орун басары Уша Рао-Монари менен жолугушуусу болуп өттү, анын жүрүшүндө эл аралык кызматташтыктын учурдагы жана актуалдуу маселелери талкууланды.

Эдил Байсалов коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн кошумча дозасын алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун эмдөө бөлмөсүндө коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын кошумча дозасын алды.

Белгилей кетсек, Эдил Байсалов буга чейин үстүбүздөгү жылдын башында коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөнүн кошумча дозасын алган. Учурда ал вакцинанын экинчи бустердик дозасын алууда.
Буга чейин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн толук курсунан (2 доза) өткөн.

Маалымат үчүн: толук эмдөөдөн кийин адамдарда COVID-19дан коргонуунун жогорку деңгээли иштелип чыгат. Убакыттын өтүшү менен инфекциядан коргонуу начарлайт, бирок вакциналар оорунун күчөп кетүүсү, ооруканага кабылуу жана өлүм коркунучун азайтууда натыйжалуу болуп саналат.

Вакцинадан баштапкы коргонуу азая баштаганда, коргоону жогорулатуу үчүн вакцинанын кошумча дозасы талап кылынат, ал бустердик доза деп аталат. Бул кошумча доза адамды оорудан коргоо үчүн көбүрөөк антителолорду пайда кылат. Бустердик доза вакцинанын эффективдүүлүгүн жогорулатат жана коронавирустук инфекциянын жаңы штаммдарынан жакшыраак коргоону камсыздайт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эмдөө коронавирус инфекциясында жеке жана жамааттык иммунитетти түзүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы экенин эскертет. Мындан тышкары, эмдөө – жарандарды коронавирустун күчөп кетүүсүнөн жана зыяндуу кесепеттеринен коргоонун эң ишенимдүү жолу болуп саналат.

Өлкөдө менчик медициналык мекемелер текшерилет

Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн жумушчу комиссия жеке менчик медициналык жайларды текшере баштады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов журналисттерге билдирди.

“Сарыктын оор түрлөрү, керек болсо ВИЧ жуктурган учурлар бар. Көбүнчө стоматология, косметология сыяктуу клиникалардан жуктурушат. Алар бизнес сыяктуу кабыл алынып, эч ким текшербейт экен. Бул маселени тыкыр текшерип чыгышыбыз керек”, – деди Байсалов.

18-июнда Улуттук госпиталда 41 жаштагы аял көз жумган. Жакындарынын айтымында, маркум менчик клиникадан липосакция операциясын жасаткандан кийин өзүнө келе албай, эс-учун жоготкон абалда госпиталга жеткирилгенден соң каза болгон.

Май айында Саламаттык сактоо министрлиги лицензиялык талаптарга жооп бербеген 111 менчик медициналык мекеме жабыларын билдирген. Мындан тышкары инфекциялык көзөмөл стандарттары сакталбаган 148 менчик медициналык кабинет менен клиника аныкталганы кабарланган.

Эдил Байсалов Генпрокуратуранын министр А.Бейшеналиевге каршы козгогон бир кылмыш ишиндеги одоно калпты ачыкка чыгарды

4-июнь күнү КР Башкы прокуратурасы КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшшеналиевге каршы козголгон дагы бир кылмыш иши тууралу кеңири маалымат таратып, аны өлкөдөн 55.000.000 сомду мыйзамсыз Түркияга которуп чыгарып кетип, өлкөгө ири өлчөмдө – 55.000.000 сом зыян келтирген деп айыптаган болчу.

Төмөндө прокуратуранын ал пресс-релизинин толук текстин жарыялайбыз:

“Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги кээбир кызмат адамдары менен биргеликте өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөп, мамлекетке каршы контракт түзгөндүгү аныкталды.
2021-жылдын 08-июлунда “M.V.ch” Бахрейн компаниясы жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда Саламаттык сактоо министрлигинде дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча мамлекеттик мекемелерге акысыз негизде кызмат көрсөтүү боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Бирок, ага карабастан Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги, кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте тендер өткөрбөй туруп, Түркиянын “TC. I. T.” Компаниясы менен келишим түзүп, 54 млн. 836 миң 316 сом которгон.
Ал эми Бахрейн компаниясы менен түзүлгөн меморандумга ылайык долбоорду эч кандай мамлекеттик чыгымдарсыз бекер ишке ашмак. Бирок, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жеке кызыкчылыктардын негизинде дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын орнотууда атайылап пайдасыз келишим түзгөн.
Натыйжада, мамлекетке 54 млн. 836 миң 316 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337 (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренелери (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.”
Бул маалыматты жарыялаган ЖМКлардын биринин Твиттердеги баракчасына КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Гммм. Которуп чыгарып кеткен? Жаңылыштык. Акча өз ордунда эле турат. Тескерисинче биз министрди ошол дары-мафияга каршы күрөшкө бөлүнгөн акчаны өздөштүрбөй ордунда калтырганы үчүн урушканбыз“, деп таң калуу менен комментарий жазды.
Меню