Menu

Эдил Байсалов

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов "Ак-Бешим" фестивалына барды

Чүй облусунда өтүп жаткан “Ак-Бешим” фестивалына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Иш чара тарыхый мурастарды сактоо, адеп-ахлактык, патриоттук жана эстетикалык тарбия берүү, ошондой эле туризмди өнүктүрүү максатында уюштурулган.

Фестивалдын катышуучулары  конокторго жергиликтүү продукцияларды жана кол өнөрчүлүк буюмдарын көрсөтүшүп, музыкалык жана бий оюндары тартууланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары өз сөзүндө түрдүү маданияттардын түйүнү болуп калган тарыхый мурасыбызды сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Ак-Бешим конушундагы казуу иштеринин жүрүшүндө буддисттердин храмдары жана христиан чиркөөлөрү табылып, ЮНЕСКО Ак-Бешимге расмий түрдө дүйнөлүк мурастар статусун ыйгарды», – деди ал.

Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери Япониянын Тейкё жана Рюкоку университеттеринин өкүлдөрү  менен биргеликте байыркы Ак-Бешим конушунда жүргүзүп жаткан казуу иштери менен таанышты.

Археологдор бул тарыхый жайда изилдөө, консервациялоо жана музей уюштуруу  иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилешип, мындан ары Ак-Бешим жерин туристтик жай катары өнүктүрүүнү караштырууну сунушташты.

Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов республикадагы тарыхый эстеликтердин туристтик потенциалы зор экендигин белгилеп, буга мисал катары Баткен районундагы Кан-и-Гут үңкүрүн атап өттү.

Эдил Байсалов: Профсоюздар федерациясы эң негизги укук коргоочу уюм болушу керек

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын жаңы жетекчилигин – уюмдун Төрагасы Эмил Кызаевди жана анын орун басарлары Рыскүл Бабаева менен Омор Арстанбековду кабыл алды.

Жолугушууда Эдил Байсалов профсоюздун жаңы шайланган жетекчилерин куттуктап, өлкөнүн учурдагы өнүгүү этабында профсоюздардын ролу маанилүү экендигин белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары профсоюздар системасы башталган реформаларда өзүнүн тийиштүү ролун ойноп, элдин татыктуу жашоосун камсыз кылууда Министрлер Кабинетинин ишенимдүү өнөктөшү болуп калат деген ишенимин билдирди.

«Профсоюздар федерациясы жаңы форматта иштеп баштоосу тийиш, сиздер күчтүү жана көз карандысыз эң негизги укук коргоочу уюм болушуңуздар керек. Биз сиздерден олуттуу жана позитивдүү өзгөрүүлөрдү күтөбүз», – деп белгиледи Эдил Байсалов.

Өз кезегинде Эмил Кызаев көп жылдар бою Профсоюздар федерациясына тийиштүү көңүл бурулбай келгендигин билдирди.

«Биз чоң жоопкерчиликти алдык жана уюмдун ишинин принциптерин жана ыкмаларын толук өзгөртүүгө даярбыз. Профсоюздар федерациясынын ишин таптакыр башка жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, – деп жыйынтыктады Эмил Кызаев.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотуу аракетине каршы чыкты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женева шаарына жумушчу сапарынын алкагында (Швейцария Конфедерациясы) Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) Регионалдык форумунун жабылышында жыйынтыктоочу сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө Эдил Байсалов Россия Федерациясынын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотуу аракетине каршы чыкты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары комиссияга мүчө 56 мамлекеттин делегациясын комиссиянын Чыгыш менен Батыштын ортосундагы кызматташтыктын көпүрөсү катары ишинин тарыхый мандатын сактап калууга чакырды.

«Төрага катары мен Сиздерди Европа экономикалык комиссиясынын өзгөчө ролун жана мандатын сактап калууга жана коргоого чакыргым келет. Бардык трагедиялуу жагдайларга, тараптардын позицияларынын кагылышына жана эмоциялардын күчөшүнө карабастан, биз БУУ ЕЭКти диалог аянтчасы жана кызматташтык көпүрөсү катары сактап калышыбыз керек. Акыркы 75 жыл ичиндеги чыңалуу мезгилдеринде биздин өлкөлөр уюмдун өзгөчө мандатын жогору баалап келген. Комиссиянын негизги мүчөлөрүнүн биринин катышуусун чектөө баарыбызды чектейт», – деди Эдиль Байсалов.

Белгилесек, БУУ Европа экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК) 1947-жылы 28-мартта БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңеши (ЭКОСОС) тарабынан аймактын ичиндеги экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында түзүлгөн. БУУ ЕЭК Бириккен Улуттар Уюмунун беш аймактык экономикалык комиссиясынын бири болуп саналат жана штаб-квартирасы Женевада жайгашкан.

Жумушчу тилдер катары француз, англис жана орус тилдери саналат. Уюмга 56 мамлекет: Европа өлкөлөрү, АКШ, Канада, Түркия Республикасы, Израиль мамлекети, Борбор Азия өлкөлөрү кирет. Кыргыз Республикасы 1993-жылдын 30-июлунда Комиссиянын толук кандуу мүчөсү болгон.

Женевада Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык форуму өтүүдө

Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын Регионалдык форуму өтүүдө.

Форумду ачып жатып, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары COVID-19 пандемиясы бүткүл дүйнөгө олуттуу таасирин гана тийгизбестен, туруктуу өнүгүүнү жана 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн Күн тартибин ишке ашырууну камсыздоо аракеттерине да өз таасирин тийгизгендигин белгиледи.

Эдил Байсалов ошондой эле Кыргыз Республикасы тарабынан туруктуу өнүктүрүүнүн багыттарын ишке ашыру боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди, атап айтканда,  туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттар 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына интеграцияланган.

«Биздин 6,5-миллион калкыбыздын жарымынан ашууну 25 жашка чейинки жаштар, өлкө Президенти Садыр Жапаров тарабынан балдар жана жаштар үчүн билим берүү жана саламаттык сактоо деңгээлин жогорулатуу боюнча жалпы улуттук максат жарыяланган. Бул максатты ишке ашыруу мектеп мугалимдеринин эмгек акысын кеминде 80%га жана үч эседен ашык жогорулатуу менен башталды. Биз так илимдер, математика, маалымат технологиялары жана чет тилдер боюнча жогорку квалификациялуу мугалимдердин жаңы муунун ишке тартуу жана даярдоо боюнча активдүү кампанияны баштоодобуз. Үчүнчү күн катары менен COVID-19 инфекциясынын жаңы учурлары катталган жок. Биз эмдөө өнөктүгүн ийгиликтүү өткөрдүк жана өнүгүп келе жаткан жаш өлкө катары COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кесепеттерди калыбына келтирип баштоого умтулуудабыз», – деди Эдил Байсалов жана Министрлер Кабинети тарабынан калктын аяр катмары үчүн тышкы таасирлерди жумшартуу боюнча тийиштүү чаралар кабыл алынып жаткандыгын белгиледи.

Белгилесек, БУУнун Европа экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК) 1947-жылы 28-мартта БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңеши (ЭКОСОС) тарабынан аймактын ичиндеги экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында түзүлгөн. БУУ ЕЭК Бириккен Улуттар Уюмунун беш аймактык экономикалык комиссиясынын бири болуп саналат жана штаб-квартирасы Женевада жайгашкан.

Жумушчу тилдер катары француз, англис жана орус тилдери саналат. Уюмга 56 мамлекет: Европа өлкөлөрү, АКШ, Канада, Түркия Республикасы, Израиль мамлекети, Борбор Азия өлкөлөрү кирет. Кыргыз Республикасы 1993-жылдын 30-июлунда Комиссиянын толук кандуу мүчөсү болгон.

Кыргызстандыктар мындан ары Улуу Британиянын сезондук айыл чарба жумуштарына барып иштеп келе алат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын жарандарына Улуу Британиянын сезондук айыл чарба жумушчуларынын мамлекеттик программасына катышуу мүмкүндүгүн берүү жөнүндө Макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Документке Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен AGRI HR компаниясы кол койду.

Эдил Байсалов белгилегендей, бул кызматташтык кыргыз-британ мамилелерин бекемдейт.

«Бүгүнкү күндө мекендештерди мыйзамдуу түрдө жумушка орноштуруу максатында дүйнөнүн алдыңкы экономикасына ээ болгон Улуу Британия мамлекети менен кызматташуу түзүлүүдө. Бул жалаң эле каражат табуу эмес, жергиликтүү маданият жана эмгек этикасы, алдыңкы технологиялар, эмгекти уюштуруу жана башка жаңычылдыктар менен таанышууга да шарт түзөт. Министрлер Кабинети эмгек мигранттары үчүн жаңы багыттарды ачуу боюнча жигердүү иштерди улантат. Бул иш артыкчылыктуу саналат жана антикризистик чаралар жаатында маанилүү орунду ээлейт», – деди ал.

Белгиленгендей, программага ылайык, жарандар эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин республикага кайтып келүүгө милдеттүү.

2019-жылдан тартып Улуу Британияда өкмөттүк программа ишке кирген, анын алкагында Улуу Британиядагы айыл чарба иштерине чет элдик жарандарды тартуу үчүн квоталар бөлүнөт, ага ылайык, жыл сайын бир катар өлкөлөрдүн жарандары ишке тартылат.

Эдил Байсалов: «Кыргызстан дагы үч миң жыл бою БУУнун мүчөсү жана эгемендүү мамлекет катары калат»

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2023-2027-жылдарга БУУ туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык боюнча рамкалык програмасынын бетачарында сөз сүйлөп, анда бул иш-чаранын Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алынгандыгына 30 жыл толгон күнү өткөрүлүп жаткандыгы маанилүү экендигин белгиледи.

«Биздин өлкө БУУга мүчө болгондугуна 30 жыл толду жана бул убакыт аралыгында жарандардын жаңы мууну өсүп чыкты. Биз жаш, намыстуу жана алга умтулган өлкөбүз. Калкыбыздын үчтөн экисинен ашууну – отуз жашка чейинки жаштар. Ошондуктан, эгемендүүлүктүн алгачкы отуз жылдык жыйынтыгын белгилеп жатып, биздин элибиз өзүнүн эгемендүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн жогору баалап, кийинки үч миң жылда БУУга мүчө болуп кала берет деп айта алабыз», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары .

Эдил Байсалов жакынкы жылдарда Кыргызстандагы БУУнун агенттиктеринин ишинде ийкемдүүлүк жана республиканын жетекчилиги тарабынан бекитилген өлкөнү туруктуу өнүктүрүү программасынын артыкчылыктуу багыттарын колдоо зарылдыгын белгиледи.

Бүгүн ЮНДАФ Стратегиялык координациялык комитетинин жыйыны Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин жана мүчөлөрүнүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун тутумунун бардык кеңсе өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусунун бир катар социалдык объектилерине барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерге барды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары «Манас Ордо» улуттук комплексине барып, музейдин экспозциясы менен таанышты. Ал маалымдагандай, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жакынкы арада республиканын булуң-бурчунан «Манас Ордого» милдеттүү түрдө экскурсияга келүүчү мектеп окуучуларын жылы бою кабыл алууга жөндөмдүү 200 орундук мейманкана курууга киришүү зарыл.

Мындан тышкары Эдил Байсалов Кызыл-Жылдыз айылындагы Манас райондук дарыгерлер борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жакында оңдоодон өткөн имаратынын абалы менен таанышты.

Андан соң ал Покровкадагы аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге барды.

Эдил Байсалов мекеменин инфраструктурасын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оңдоо иштерин жүргүзүү жана мекеменин имаратынын курулушун аяктоо сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Эдил Байсалов, вице-премьер: "Өмүрбек Текебаев, сиз кеңеш берип жүрүп акыркы он жылда көрдүк, мамлекет кандай абалга кептелгенин"

КР Министрлер кабинетинин вице-премьери Эдил Байсалов өзүнүн facebook социалдык тармагындагы баракчасында атамекенчи Өмүрбек Текебаевди сынга алды:
Текебаевге жооп:
Президенттин Министрлерди чогултуп чогулуш өткөргөнүн көрө элекмин дейт. Эл көрүп туруш керек дейт. Биринчиден президент эл көрсүн деп популисттик менен силер окшоп иш кылбайт.
Экинчиден керек учурда министрлерге күн-түнү, керек болсо түнкү саат 3-4 төрдө телефон чалып же смс менен тапшырмаларды берип турат.
Ыкчам чечүүчү маселелер чыгып калганда тиешелүү министрлерди үйүнө да чогултат. Муну көп эле жолу көрүп жүрөбүз. Министрлер калп айттырбайт. Негизги министрлерди бир жумада бир эки жолу эмес, күндө чогултат.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасын күн сайын чакырып, ал аркылуу да бир топ тапшырмаларды берип турат.
Андыктан сиздин болжолдоп айткан акылыңыздын президентке кереги жок. Сиз кеңеш берип жүрүп акыркы он жылда көрдүк мамлекет кандай абалга кептелгенин.
Силер бийликке келгениңерден кийин өлкөнү башкарууга дараметиңер жетпегенин далилдегенсиңер. Ошондуктан, башка адамдарга акыл үйрөтүп, ооз ачканга акыңар жок. Болду эми, жетишет да! Эл дагы баарын көрүп, билип турат. Бийликти жөнү жок сындай берүүгө эч кандай олуттуу жүйөө жок. Негизгиси эл, мамлекет үчүн иш жүрүп жатат. Буйруса, Кыргызстан силердин популисттик кеп-кеңешиңерсиз деле гүлдөгөн мамлекеттердин бирине айланат.
Кыргыз элибиз айкөл, кечиримдүү элбиз да.
Ошол үчүн сиз бүгүн эл аралап талапкер болуп эл алдында сүйлөп жүрөсүз.
Сиз азыр элдин таразасына туруп атасыз. Президент толук мурун болбогондой таза жана айкын шайлоо өткөзүү боюнча тапшырма берди. Эл күбө: эч кымындай административдик ресурс бир да тарапка иштетилбей, кийлигишүү жок эсе! Эл аралык коомчулук да көрүп турат. Бирок, президент жооп бербейт деп эле, аны бир тараптуу каралоого да жол бербейбиз. Түзүлгөн жаңы Өкмөт конституциялык мандатка ээ. Толук кандуу иштеп атат. Конструктивдүү сын айтылсын. Азыркы абалга кимдер жооптуу экенин Элибиз жакшы билет! Акыйнек айтышып, муруңкуларга шылтай бергенге азыр бир мүнөт убакыт да жок. Ошондой болсо дагы, биз жоопсуз калтырбайбыз ар кандай асылууларды. Эл чечсин кимдики чын. Шайлоонун максаты ошондо эмеспи!

Эдил Байсалов: Биздин регион динамикалуу, билимдүү, интеграциялашкан, тынч жана туруктуу аймак катары гана дүйнөдө маанилүү ролду ойной алат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Европа биримдиги жана Борбор Азия ортосундагы бизнес-өнөктөштүк» бизнес-форумуна катышты.

Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргыз Республикасында мындай форум алгач ирет өтүүдө жана ал Кыргыз Республикасы жана Европа биримдиги жана Борбор Азиядагы өнөктөштөр алдында турган маанилүү маселелерди талкуулоого арналган.

«Жаратылыштык жана адамдык ресурстарга бай Борбор Азия мамлекеттерин айрым алып караганда, регион олуттуу мааниге ээ болуусу үчүн анын чакандыгы жана ыраак жайгашкандыгы тоскоолдук жаратат, ошол эле учурда жалпысынан регон катары биз Европа Биримдигине өз «көз-карашыбызды» сунуштай алабыз. Биздин регион динамикалуу, билимдүү, интеграциялашкан, тынч жана туруктуу аймак, демек, мунун өзү – биз дүйнөдө өзгөчө орунга ээ болобуз дегенди билдирет. Ошондой эле бул биздин регионду өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарыл дегенди түшүндүрөт», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Ал белгилегендей, биз күч-аракеттерди бириктирүү менен гана өлкөлөрүбүздүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн, сооданын акыйкат эрежелерин жана чыныгы атаандаштыкты орнотуп, суу ресурстарын башкарууну, экстремизмге каршы күрөштү камсыздап, жакырчылыкты төмөндөтүп, курч социалдык көйгөйлөрдү чечип, этностор ортосундагы биримдикке өбөлгө түзүп, заманбап дүйнөдөгү башка коркунучтарды жеңип чыгууга, биринчи кезекте биздин өлкөлөрдү климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоого жана анын кесепеттерин жумшартууга мүмкүндүк алабыз.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов форум алкагында иштелип чыккан идеялар жана сунуштар биздин өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыгып, иш-чарага катышуучу өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын оңдуу багытта өнүгүүсүнө жана анын чыңдалышына өз салымын кошот, ошондой эле жаңы өз ара пайдалуу демилгелерди ишке ашырууга көмөк берет деген ишенимин билдирди.

Эдил Байсалов: Жаңы Министрлер Кабинети жогорку квалификациялуу адистерди ишке тартат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасындагы JICA Туруктуу өкүлү Немото Наоюки менен жолугушту.

Эдил Байсалов Япония Өкмөтүнө эки өлкө ортосундагы кызматташтык алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен иш күчөтүлөөрүн белгиледи.

Тараптар мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселесин талкуулады. Тактап айтканда, кеп Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялар программасы (JDS) тууралуу жүрдү.

Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгилегендей, жаңы Министрлер Кабинети жогорку квалификациялуу адистерди ишке тартууга умтулууда.

«Сиздерге белгилүү болгондой, реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн күчтүү кадрлар керек. JDS програмасы боюнча билим алган мамлекеттик кызматкерлердин жумушчу орду гана сакталбастан, алар окуусун аяктаган соң карьералык өсүүсү камсыздалат. Биз аталган программа жана башка өнүктүрүү долбоорлору алкагында кызматташтыгыбызды күчтөндүрөбүз», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Меню