Menu

Жүк 200

Россия-Украина согушуна катышып каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүүдө кенемте төлөбөө сунушталууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Чет өлкөлөрдө каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу чаралары тууралуу” Министрлер кабинетинин токтомуна сунушталган өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга алып чыкты.

Документте Кыргызстанга “Жүк-200дү” жеткирүүнү каржылоо ишин Тышкы иштер министрлигинин Тышкы миграция департаментинен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борборуна өткөрүп берүү сунушу жазылган.

Мындан тышкары “Жүк-200” жеткирүү үчүн мамлекет тарабынан бир жолу берилүүчү жардам акчанын көлөмүн өзгөртүү сунушталууда. Ага ылайык, чет өлкөлөрдөгү ритуалдык кызматтардын баасына жана алар менен Кыргызстандын ортосунда аба байланышынын бар-жоктугуна жараша жардамдын суммасы 39 мамлекет үчүн көбөйүп, төрт мамлекет үчүн азайтылат.

Ошондой эле “эгер Кыргызстандын укук коргоо органдары чет өлкөдө каза болгон жарандын тиешелүү мекемелердин уруксатысыз куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышканын ырастаса”, алардын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн мамлекеттен жардам акча бөлүп бербөө сунушталууда. Негиздеме-маалымкатта Кыргызстандын мыйзамдарында өлкө жарандарынын “башка мамлекеттердин аймактарындагы куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышуусуна” тыюу салынары белгиленген.

Буга чейин Украинадагы согушта Кыргызстандын 10 жараны каза болгону ырасталган. Алардын ичинен сегиз кишинин сөөгү Кыргызстанда жерге берилген. Бул жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн кенемте төлөнгөн-төлөнбөгөнү боюнча так маалыматтар жок.

“Чет өлкөлөрдө каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу чаралары тууралуу” токтомдун азыркы редакциясына ылайык, Орусиядан кыргызстандыктардын сөөгүн алып келүү үчүн аймагына жараша 70 миң рублден 120 миң рублге чейин кенемте төлөнөт. Сунушталып жаткан долбоордо бул сумманы 80 миң рублден 130 рублге чейин көбөйтүү каралган.

2023-жылдын алты айында чет өлкөлөрдөн мекенине 297 кыргызстандыктын сөөгү алып келинген. Былтыр бир жыл ичинде Кыргызстанга 350 “Жүк-200” жеткирилген. Алардын 200дөн ашууну Орусияда каза болгон жарандар.

Алты айда чет өлкөлөрдөн 297 кыргыз жаранынын сөөгү келди

Быйыл алты айда чет өлкөлөрдөн мекенине 297 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, былтыр бир жыл ичинде чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине келген. Алардын 200дөн ашууну Орусияда каза болгон.

2021-жылы Кыргызстанга четтен 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп алып келинген.

“Жүк-200” алып келүү иши Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте консулдуктардын жардамы менен жүргүзүлүп келет.

Буга чейин чет жакта каза болгон мигранттардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн мамлекеттен жардам акчаны алуудагы бюрократия маселеси орчундуу болуп жатканы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да көтөрүлгөн.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. Акыркы 30 жыл ичинде 650 миңден ашуун кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алган.

Меню