Menu

Бишкек

Бишкек: Алгачкы электробустардын келиши кийинки жылга калды

Бишкекке алгачкы электробустар келерки жылдын башында келерин борбор калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирди.

Анын айтымында, коомдук автоунаанын бул түрүнөн 120сы сатылып алынды:

“120 электробус эмдиги жылы 1-2-кварталда келип калат. Электр энергиясы менен жүрүүчү бул автобустар өтө ыңгайлуу. Троллейбустай сапаты жакшы, ага караганда мобилдүү. Бир заряд менен 300 чакырымга чейин жүрө алат”.

Бишкек Азия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар насыяга электр менен жүрүүчү 350 автобус сатып алууну чечкени 2020-жылы белгилүү болгон. Кийин 350 эмес, 120 автобус тууралуу гана айтылып калган.

Электробустардын келери 2022-жылдын сентябры, кийин 2023-жылдын экинчи кварталы деген да убада берилген.

Бишкек: Жаңы автобустар эки күн бекер иштейт, үч жаңы каттам ачылды

Бишкекте  31-августта мэрия Кытайдан сатып келген жаңы автобустар жолго чыгып, алар Эгемендик жана Билим күндөрүнө карата эки күн бою жүргүнчүлөрдү бекер ташымай болуп жатканын шаар башкармалыгы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, №15 (Ак-Ордо – Калыс-Ордо), №51 (7-апрель – Манас проспекти (айланма)) жана №52 (12-кичи район – Көлмө) деген үч жаңы каттам ачылды, ошондой эле маршруттук кичи автобустар тейлеп келген №100, №105, №152, №195, №212 деген каттамдарга да жаңы автобустар коюлду.

Бишкекте коомдук транспорт маселеси курч социалдык көйгөйлөрдүн бири. Автобус жана троллейбус жетишсиз болгондуктан жүргүнчүлөрдү негизинен жеке ишканаларга таандык маршруттук кичи автобустар тейлейт. Алар экологияны бузуп, жол коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканы, шаарда муниципалдык автобустар көбүрөөк болушу керектиги көптөн бери айтылып келет.

Жакында борбор калаага Кытайдын сатып алынуучу 1000 автобустун алгачкы 25и келген. Газ менен жүрүүчү бул автобустардын 500ү быйыл, калганы 500ү келерки жылы ташылып келери айтылган.

Бишкекте муниципалдык автобус айдаганга 1500 айдоочу керек болуп жатканын, алардын айлык маянасы 50 миң сомдон болорун мэриянын басма сөз кызматы 15-августта жарыялаган.

Бишкекте өзбек өндүрүшүнөн чыккан автобустар жүрө баштады

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов 22-июнда, журналисттерге берген маегинде борбор калаага Өзбекстандан чыгарылган 50 автобус келгенин кабарлады.

Анын маалыматына караганда, бул автобустар 22-июндан тартып 1-июлга чейин элди бекер ташыйт.

“Автобустар шаардагы беш линияга кирип жатат. Элди көндүрүү максатында жүргүнчүлөрдү убактылуу бекер ташып турат”, – деди Кудайбергенов.

Кыргыз өкмөтү Өзбекстандын “Самарканд-авто” заводу менен “Исузу” маркасындагы 350 автобусту алуу боюнча келишимге кол койгону кабарланган. Автобустардын экинчи партиясы октябрга чейин келери күтүлүүдө.

Учурда Бишкекте мэрияга караштуу транспорт ишканасынын 140 троллейбусу, 110 автобусу иштейт. Мындан сырткары жеке фирмалардын 20га жакын автобусу эл ташыйт.

Расмий маалыматка ылайык, шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн Бишкекке кеминде миңге жакын автобус керек.

Борбор калаада муниципалдык троллейбустар менен автобустардан тышкары жүргүнчүлөрдү 41 жеке компаниянын кичи автобустары (маршруткалар) тейлейт. Бир күндө жолго мындай автобустардын миңге жакыны чыгат.

Учурда кичи автобустардын жол киреси – 10 сом, автобус менен троллейбустардыкы – 8 сом.

СOVID-19: Бишкекке чектөөлөр кирбейт, көзөмөл күчөйт

Коронавирустан улам Бишкектеги кафе-ресторан, кинотеатр, балдар аянттары баштаган эл көп топтолуучу жайлар жарым-жартылай гана иштейт. Вице-мэр Виктория Мозгачева мындай чечим 15-июнда мэриянын жыйынында кабыл алынганын билдирди.

“Бишкекте жапырт чогулууга былтыр коюлган чектөөлөр алынган эмес. Алар азыр да күчүндө. Ага байланыштуу байма-байма рейд жүрүүдө. Эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөп туруучу мобилдик топтордун саны көбөйтүлгөн”.

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатканын 15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирген.

Бишкек жана Ош шаарлары “кызыл зонага” киргизилген.

Ушул күндөрү оору жуккандардын арасында кеминде 100 бейтаптын акыбалы өтө оор деп бааланууда.

Акыркы эки жумада эле вирустан 100гө чукул киши каза болду.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 110 миң кишиден ашты. Анын 103 миңдейи сакайып, 1900дөн көбү көз жумду.

Улукбек Марипов жана Бишкек шаарынын мэринин м.а. Бактыбек Кудайбергенов шаардык көйгөйлөрдү талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады.

«Унаалардын агымын азайтуу жана шаардык транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү үчүн Бишкек шаарына заманбап жана экологиялык жактан таза автобустарды жана троллейбустарды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү керек. Бишкек шаары коомдук автопаркты түп-тамырынан бери масштабдуу жаңыртууга жана кеңейтүүгө муктаж. Мындан бир нече күн мурда жаралган транспорттук көйгөй кайталанбашы тийиш», – деп белгиледи ал.

Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин көңүлүн шаардык чөйрөнү жакшыртууга багытталган комплекстиүү чараларды кабыл алуу зарылдыгына бурду.

«Бишкек шаарынын борборунда абалы начар, басууга мүмкүн болбогон жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар кездешет. Мындан тышкары, бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу, баш-аламан курулуштар, арыктардагы суунун жетишсиздиги, сугат тутумунун бузулгандыгы, же жоктугу сыяктуу маселелер нааразычылыктарды туудурууда. Бишкек шаары – биздин өлкөнүн борбору, ошондуктан муниципалдык бийлик күн сайын жана тутумдуу түрдө шаардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу, шаардыктардын ыңгайлуу жана коопсуз жашоосу үчүн шарттарды түзүү үстүндө иш алып баруулары керек. Шаар инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен шаардык бийликтен учурдагы көчөлөрдүн биринде жалаң жөө жүргүнчүлөр үчүн каралган көчөнү түзүү боюнча сунуш киргизүүнү тездетүүнү өтүнөм», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Жолугушууга катышкан BPC Group улук вице-президенти Тохир Абдукадыров коомдук транспортто электрондук билет берүү тутумун ишке киргизүүнү караган «Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук транспортун өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруунун аралык жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов билдиргендей, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун камсыздоо максатында аталган долбоорду ишке ашырууну улантуу зарыл.

«Бул тутум муниципалдык коомдук транспортто гана киргизилген. Мындай валидаторлорду жүргүнчүлөрдү ташыган жеке унаа каражаттарында орнотуу мүмкүнчүлүгүн кароо менен аны пайдаланууну кеңейтүү зарыл. Бишкек шаарынын коомдук транспортундагы эсептешүү толугу менен накталай эмес түрдө жүргүзүлүшү керек», – деп жыйынтыктады ал.

Меню