Menu

Улукбек Марипов

Сауд Аравиялык кыргыздар Мекке шаарында кыргыз элчиси менен жолугушту

Үстүбүздөгү жылдын 3-4-мартында Мекке шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчилигинин жардамы менен Сауд Арабиянын ар кайсы шаарларынан келген 200дөн ашуун мекендештердин катышуусунда маданий жана спорттук иш-чаралар (футбол, волейбол турнирлери жана ар кандай интеллектуалдык оюндар) уюштурулду.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Элчи У.Марипов мекендештерди жана бардык катышуучуларды Мамлекеттик герб күнү жана Ак калпак күнү менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана жаштарды колдоо боюнча мамлекеттик саясат, ошондой эле Элчилик тарабынан Сауд Арабия жана башка аккредитацияланган өлкөлөр менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берди.
Иш-чаранын катышуучуларына ошондой эле мамлекет башчы тарабынан Тышкы иштер министрлигинин жана республикабыздын чет өлкөлүк мекемелеринин алдына коюлган Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттер жана “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы” тууралуу маалымат берилди.
Бул концепциянын алкагында У.Марипов жаш муундардын кыргыз тилин, үрп-адатын, өлкөнүн тарыхын билүүнүн, ошондой эле ийгиликтүү жана өнүккөн мамлекетти курууга умтулган ар түрдүү маданий, этникалык, диний негиздердеги коомчулукту калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө майрамдык түшкү жана кечки тамак уюштурулуп, турнирлердин жана оюндардын жеңүүчүлөрү баалуу белектерге ээ болушту.
Мындан тышкары, Элчиликтин консулдук кызматкери жеринде Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызматтарды жана консультацияларды көрсөттү.

Улукбек Марипов Кыргызстандын Сауд Аравиядагы Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Марипов Улукбек Асамидинович Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Улукбек Марипов КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси менен, Марипов Улукбек Асамидинович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотулду.

2021-жыл 12-октябрь

Улукбек Марипов Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында ишембиликке катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакта өткөн ишембиликке катышты.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча өтүп жаткан экологиялык акцияга Президенттин Администрациясынын, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери катышты.

Иш-чара алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы, борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, Президенттин Администрациясынын кызматкерлери парктын аймагын таштандылардан тазалады.

«Бүгүн эң сонун күн болууда. Министрлер Кабинети парктарды жана башка коомдук жайларды таштандылардан тазалоого багытталган акцияны колдоого алды жана экологиялык акция бүтүндой өлкө боюнча өтүүдө. Ар бир жаран жаратылышты таза кармап, айлана-чөйрөгө камкор жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу тийиш. Өсүп келе жаткан муунду жаратылышка аяр мамиле кылууга үйрөтүүбүз зарыл. Канчалык жаратылышка аяр мамиле кылсак, ал бизге ошончолук мээримин төгөт», – деди Улукбек Марипов.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет түзүлгөн, мунун өзү экология жаатындагы маселелер мамлекет үчүн маанилүү экендигин айгинелейт.

Иш-чара алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Э.Гареев атындагы Ботаникалык багы илимий-изилдөө институтунун иши менен таанышып чыкты, ошондой эле катуу турмуш-тиричилик жана кооптуу калдыктарды кайра иштетүү тармагында иштеген уюмдардын өкүлдөрү, экология жаатындагы активисттер менен жолугушту.

Улукбек Марипов Ботаникалык бактын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул маселеде мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, ошондой эле донордук уюмдардын күч-аракетин бириктирүү зарыл.

Ошондой эле ал Министрлер Кабинетинин экологиялык ишмердүүлүктү жана экологияны жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы жарандык активисттердин жана волонтерлордун коомдук маанилүү демилгелерин колдоого алаарын белгиледи.

Улукбек Марипов: Уюлдук идентификациялоо тутуму калктын мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө онлайн режимде жеткиликтүүлүгүн жогорулатат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов уюлдук идентификациялоо тутуму жана «Текшер» уюлдук тиркемесинин иши менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, санариптештирүү – дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүдөгү негизги рычаг болуп саналат.

«Байланыш – бул санариптештирүүнүн негизи. Уюлдук телефон адам колундагы натыйжалуу аспап болуп саналат, ошондуктан бүгүнкү күндө ар кыл ресурстардын уюлдук байланышта интеграцияланышы дүйнөлүк тренд болуп калды. Биздин өлкөдө да мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр процессин жеңилдетүүгө өбөлгө түзүүчү иштер жүрүүдө. Үстүбүздөгү жылдын май айында мобилдик жабдуулар аркылуу уюлдук идентификациялоону киргизүү маселеси көтөрүлгөн, натыйжада мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессин жеңилдетүүгө жана ага калктын онлайн форматта жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк пайда болот. «Текшер» уюлдук тиркемеси ар бирибизге товардын таңгагынын кодун сканерлеп, анын сапатын жана мыйзамдуулугун текшерүүгө, ал эми контрафакт аныкталган учурда ал тууралуу текшерүү органдарына маалымдоого мүмкүнчүлүк берет», – деди ал.

Белгиленгендей, уюлдук идентификациялоо тутуму электрондук тейлөө алуу процессин жеңилдетип, бюрократиялык процесстерди кыскартып, калк менен физикалык байланышты жоюп, коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтөт. Тиркеменин жардамы аркылуу жакын арада онлайн режимдеги мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн пайдаланууга болот.

Министрлер Кабинетинин башчысы тиркеменин «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз-ара аракеттешүү тутуму менен интеграциялашуусунун маанилүүлүгүн белгиледи жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине тийиштүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, ал мамлекеттик тармактык органдарга дары-дармек каражаттарын маркировкалоо инфраструктурасын түзүү боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.

«Дары-дармек каражаттарын маркировкалоо – медикаменттерди көзөмөлдөөнүн маанилүү баскычы. Бул багыттагы ишти тездетүү зарыл. «Текшер» тиркмеси аркылуу дары-дармек тууралуу, анын катталышы жана сапаты боюнча  толук маалымат алууга болот. Бул чаралар дары-дармек менен камсыздоо жаатын тартипке салып, аларга карата бааны жөнгө салууга мүмкүндүк берет», – деди Улукбек Марипов.

Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле Уюлдук идентификациялоо тутуму жана «Текшер» уюлдук тиркемесинин бетачары өткөн Альфа-Телеком» ЖАК, DATA-борбор, контакт-борбор жана компаниянын IT-дирекциясынын иши тууралуу отчет менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы «Альфа-Телеком» ЖАКта өткөн көчмө жыйындын жүрүшүндө Уюлдук идентификациялоо тутуму жана «Текшер» уюлдук тиркемесинин бетачары менен таанышты. Ошондой эле Улукбек Мариповго компаниянын иши тууралуу отчет сунушталды, андан соң ал DATA-борбор, контакт-борбор жана компаниянын IT-дирекциясынын иши менен жакындан таанышып чыкты.

Улукбек Марипов: Чүйдү айланып өтүүчү канал курулат

Сугат суу маселесин чечүү үчүн Чүйдү айланып өтүүчү канал курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Пирамида” телеканалына курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, долбоор 2021-жылы башталат.

“Чүйдү, Панфиловдон “Орто токой” суу сактагычына чейин кыдырып келдим. Азыр бак-дарактар, малина тиккендер дагы көбөйдү. Экинчиден, сууну сарамжал пайдалануу боюнча ирээттүү план жок… Мисалы “Орто токой” суу сактагычынан максималдуу түрдө 120 куб суу чыгып турду. Бул тилекке каршы, айрым райондорго – Москва, Панфилов, Жайылга жетпейт. “Орто тойкойдон” чыккан суу Кеминден кийин 17 чакырым, 30 куб суу жоголуп жерге сиңип кетет. Ошону жоготпоо максатында айланып өтүүчү канал курушубуз керек. Бул чоң долбоор болот. Быйыл ошону баштайбыз деп турабыз. Бул президенттин дагы көзөмөлүндө. Мындан сырткары Чыгыш жана Түштүк Чүй каналын кеңейтип, курууну пландап жатабыз”, – деди Марипов.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, ушул жылдын июль айына карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 230,7 миң гектар аянттан жыйналды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3% аз.

Анын ичинен күндүн ысыгынан жана сугат суунун жетишсиздигинен буудайдын түшүмү 41,4%, арпаныкы 57,9% кыскарды. Буга байланыштуу буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40% кымбаттады.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповдун Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосу

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Куттуктоо тексти:

“Кымбаттуу мекендештер,

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди маанилүү даталардын бири – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайм!

Мындан отуз жыл мурда – 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаттары Көз карандысыздык жөнүндө декларацияны кабыл алган. Бул Кыргызстанды көз карандысыз демократиялык мамлекет катары жарыялаган чыныгы тарыхый документ болгон.

Кыргызстан эли ондогон кылымдарга созулган катаал жолду басып өтүү менен кайрадан өнүгүү жолун тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Кыргызстандыктар биримдиктүү, ынтымактуу жана эмгекчилдигине жараша бардык сыноолордон татыктуу өтүп, өз мамлекеттүүлүгүн сактап кала алды.

Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулуктун, ар кыл эл аралык жана аймактык уюмдардын толук кандуу мүчөсү болду. Биз мурдагы Советтер Союзунун аймагында алгачкылардан болуп өз валютабызды ишке киргизип, чек араларды чындоо, жеке армияны түзүү, мамлекеттик башкаруу институттарын уюштуруу жана жарандык коомду өнүктүрүү боюнча иштерди баштадык.

Биз улуу жолдун баштапкы этабында турабыз. Алдыда дагы көп иштерди аткаруубуз керек. Бүгүнкү кундө биз бардык күч-аракетибизди ата мекендик экономиканы мындан ары өнүктүрүүгө багыттообуз зарыл.

Кичи жана орто бизнести колдоого алуу, бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү санариптештирүу, коррупцияга каршы күрөшүү, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү сыяктуу милдеттерди кыска мөөнөттө чечүү үстүндө иш алып бармакчыбыз.

Аймактарды, өз продукцияларын экспорттоого ыңгайлашкан айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн, бул багыттагы ишканаларды колдоого алууга, өлкөнүн тышкы чектерин чындоого, мамлекеттик башкаруунун ачык-айкын жана натыйжалуу тутумун негиздөөгө олуттуу басым жасалат.

Ушундай жол аркылуу гана биз өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүнө ишенимдүү шарттарды түзүп, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууну камсыздай алабыз.

Бирок бардык коюлган максаттарга элдин колдоосу аркылуу гана жетишүү мүмкун экендигин белгилей кетүү зарыл.

Кыргызстанда 80 ашуун улуттун өкүлдөрү ынтымактуу чоң үй-бүлө катары жашап келет. Биздин күчүбүз элдердин биримдигинде жана ынтымагында.

Урматтуу мекендештер,

Ушул майрам күнү жалпыңыздарга чың ден-соолук, жаркын маанай, ачык асман, бакубаттуулук жана алдыга койгон максаттардын ишке ашуусун каалайм! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу чечими билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министрлиги белгилегендей, билим берүү процессин салттуу окутууну кайра баштоодо коомдук саламаттыкты сактоо маселелери, мындай форматтын пайдасы жана тобокелчилиги жана башка факторлору эске алынышы керек.

Учурда билим берүүнүн бардык баскычтарындагы билим берүү мекемелеринде кенже жана техникалык персоналды кошкондо 152 миң 827 кызматкер эмгектенет. Ошол эле учурда, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 12-августуна карата 56 миң 114 кызматкерге COVID-19га каршы 1 дозадан кем эмес эмдөө жүргүзүлгөн, бул 36,7%ды түзөт. Жамааттык иммунитетти түзүү үчүн кызматкерлердин 70%дан кем эмес эмдөө керек, башкача айтканда, өлкөдөгү 52 миңден кем эмес билим берүү кызматкерлери эмдөөдөн өтүү абзел.

Билим берүүнүн бардык баскычтарындагы билим берүү мекемелеринде окуу жылынын башталышын кийинкиге жылдыруу жайкы туристтик сезондун узартылышына да салым кошот, бул туризм секторун калыбына келтирүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.

Токтомдун кабыл алынышы билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысына, ошондой эле окуу процессине таасирин тийгизбейт.

Мындан тышкары, окуу жылы 11-сентябрдан кийин башталган бир катар чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынган.

Улукбек Марипов: Айсулуу алган «күмүш» алтынга тете

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Токиодогу XXXII жайкы Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүсү, кыз-келиндер арасындагы күрөштө күмүш медалды жеңип алган Айсулуу Тыныбекованы куттуктады.

«Айсулуу, мен сизди Олимпиадалык оюндарда ийгиликтүү оюн көрсөткөнүңүз үчүн чын ниеттен куттуктайм. Жалпы мекендештердин атынан сизге айтаарым – сиз Азаматсыз! Бүгүнкү «күмүшүңүз» алтынга тете. Бул жалпыбызга зор дем берет. Биз сиз жана Олимпиадалык курама команданын жалпы мүчөлөрү менен сыймыктанабыз. Айсулуу, сизге жана сиздин ата-энеңизге жеңиш үчүн, жаркын маанай үчүн, өз өлкөбүз үчүн сыймыктануу мүмкүнчүлүгүн тартуулагандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз!», – деди Улукбек Марипов.

Ал белгилегендей, Олимпиадалык оюндар атамекендик спортчулар үчүн эл аралык аренадагы жаңы жана бийик жеңиштерге секирик жасоо үчүн жол салып, өлкөдө спортту жайылтууга жана ага жаштарды тартууга өбөлгө түзөт.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасында грек-рим стилиндеги балбан Акжол Махмудовдун күмүш медалы жана кыз-келиндер арасындагы күрөштө күч сынашкан Мээрим Жуманазарованын коло медалы бар.

Улукбек Марипов: Республиканын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтүүсү тийиш

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо алкагында пландаштырылган иш-чаралар эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтүүсү тийиш. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов юбилейлик датаны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.

Жоопкер мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары белгилүү датага карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Белгиленгендей, бүтүндөй республика боюнча 40 ашуун иш-чаранын өткөрүлүшү пландаштырылган.

Борбордо аскер парады, эмгекчилердин парады өтүп, облустарда театралдаштырылган оюндар, концерттер, төкмө акындар айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, дизайнер жана кол өнөрчүлөрдүн, «Манас» эпосун айтуучулардын фестивалы өткөрүлөт.

Министрлер Кабинетинин башчысы Улукбек Марипов иш-чаралардын жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылы биз Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдайбыз. Бул майрам ар бир кыргызстандык үчүн өзгөчө маанилүү даталардын бири. Юбилейлик датаны майрамдоого арналган иш-чаралар коомдук коопсуздуктун камсыздалышын жана эпидемиологиялык талаптардын сакталышын эске алуу менен өтүүсү тийиш. Баткен облусундагы турак-жайларды, социалдык жана аскер объектилеринин курулушун жыйынтыктоого артыкчылыктуу маани берилиши кажет», – деди ал.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Улукбек Марипов мамлекеттик органдарга, анын ичинде майрамдык иш-чараларды уюштурууга жана Баткен облусундагы курулуш иштерин тездетүүгө финансылык каражаттарды өз мөөнөтүндө бөлүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Меню