Menu

Токио-2020 32-Жайкы Олимпиада

Акжол Махмудов: Жеңишиме атамдын, устаттарымдын салымы тоодой

Токио олимпиадасына аттанып жаткан учурда дагы, Токио шаарындагы олимпиадалык айылда да белгилүү балбан, олимпиада оюндарда финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган Азия чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпиону Акжол Махмудов менен  спорттогу алгачкы кадамдары,балбандардын  атаандаштыгы, даярдыгы, олимпадалык таймаштары, алдыдагы максаттары жана атак-даңкка болгон мамилеси жөнүндө кенен “Кыргыз тудей” маалымат сайты үчүн маектешүүгө мүмкүнчүлүк алдым.

Кыргызстандын намысын талашкан көптөгөн спортчулар бар, бирок алардын бардыгы эле жылдыз эмес. Грек-рим күрөшүнүн  балбаны Акжол Махмудовду  спорт күйөрмандары жылдызы жанган келечегинен үмүткөр кылган спортчу катары таанып билген болсо, Токио олимпиадасында каармандыгын, намыскөйлүгүн көрсөтүп, спорт адистердин көңүлүн бурду.

Анын ачык, техникалык жана эмоционалдык күрөш ыкмаларынын аркасында ал үч-төрт эле жылдын ичинде он миңдеген күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө айланып, дүйнөлүк деңгээлдеги эң мыкты балбан экенин далилдеп, тарыхка атын жазып койду.

Акжол Махмудов 1999-жылы  15-апрелде Ош облусунун Араван районунда Жданов атындагы айылда төрөлгөн. 2015-2016-жылдары өспүрүмдөр  арасында Азиянын эки жолку чемпиону  жана 2016-жылы өспүрүмдөр  арасында Дүйнө чемпиону аталган. 2017-жылы Азия чемпиону болуп, ошол 2017-жылы  жаштар арасында Дүйнө биринчилигинин күмүш байге ээси болгон. Азия чемпиону, Азия оюндарынын байге ээси, Кыргызстандын көп жолку чемпиону. Кыргызстандын эл аралык спорт чебери. 2018-жылы Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси аталган. Быйыл Алматы шаарында өткөн континенталдык жолдомо ойнотулган турнирде Токио олимпиадасына жоддомо утуп алган.

Мен спорттук баяндамачы катары аны  2011-жылдын февраль айынан бери билем, ал кезде жаш балбанды аз эле спорт  күйөрмандары  таанычу. Бүгүнкү күндө  өзүнүн ийгиликтери, кайталангыс жеңиштери менен спорт адистердин да көңүлүн буруп, Токио олимпиадасында дагы жылдызы жанып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытты. Ошол эле учурда, анын өмүр баянынын урунттуу учурлары сыр бойдон калгандай.

Акжол менен алгач олимпиадагы аттанаар алдында Бишкектин четиндеги  Кой-Таш эс алуу жайында машыгуусунан кийин маектешип, даярдыгы тууралуу кеп кылган элек. Кийин Токио олимпиадалык айылда дагы бирге болуп, мелдештерине күбө болуп, сүрөөнгө алып, кийин маек курдук.

-Акжол мырза Токио олимпиадасына кандай даярдык менен баратасыз?

-Өзүмө өзүм чынчыл болуп, өзүмдү алдабай, бардык дараметим менен колумдан эмне келсе , алымдын жетишинче толук кандуу даярдык көрдүм. Олимпиаданын бир жылга жылып калышы, биздей жаш балбандар үчүн пайдалуу болуп, жолдомо утуп алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 2020-жыл өтсө, анда жаратым да калыбына келбей, жолдомо албай дагы калышым ыктымал эле. Аллахыма миң мертебе ыраазымын. Эми калганын Токиодогу олимпиадалык таймашуулар көрсөтөт.

-Грек-рим күрөшү менен машыгып, бул спортту тандап  алышыңызга ким себепкер болду эле?

– Мен анда балапандай жаш элем. Алты жаштагы жеткинчек кайсы спортту тандоону билбесе керек. Бул спортту атам тандап, келечегимди баамдап билип, көрөгөчтүк кылса керек. Атам “сен келечекте дүйнө, олимпиада чемпиону болосуң” деп айта берчү. Ошондон бери атамдын ишенимин, үмүтүн актоого аракет кылып келатам.  Анан дагы агам Бексултандын дагы таасири тийди го…Мен спорттогу ийгиликтерди жарата элек учурда эле, агам Бексултан  чоңдор арасында Кыргызстандын чемпиону аталып, Азия чемпионаттарында байгелүү орундарды ээлеп, спорт күйөрмандарына таанылып жүргөн. Мен үлгү,өрнөк болчу адамды алыстан издебей эле, агамды туу тутуп, өрнөк кылып келдим. Жашоомдогу өрнөгүм кыйынчылыктарды жеңген, кайратка, намыска бүлөгөн атам менен агаларым болду.

– Акжол мырза олимпиаданын алдында сизден интервью алсам деген журналисттер арбын болсо керек. Негедир журналисттерден оолак болуп, көп интервью бербей жүрөсүз. Эмне үчүн?

– Мага интервью берип, маектешкен анча жакпайт жана  айрым учурда көпчүлүк журналисттерден баш тартып келатам. Чынында интервью бергенге азырынча эрте деп ойлоп жүргөм. Дүйнөлүк деңгээлдеги ийгиликтерге жетип, олимпиадалык оюндарда байгелүү орундарды ээлегенден кийин гана интервью берсем болот го деп ойлойм.

– Дагы деле болсо, атактуулук боюнча Кыргызстандагы бир нече спортчулар сиз менен ат салыша алышпайт. Сиз буга сыймыктанасызбы?

– Атак-даңк оңой-олтоң келбейт. Ал үчүн тынбай мээнет кылып, талбай машыгып, дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды ээлешиңиз керек. Анан атактуулуктун дагы экинчи тарабы бар. Бул кошумча жоопкерчиликти жүктөйт. Килемге чыгып, сен эми өзүң жөнүндө эмес, өзүңдүн мекениң жөнүндө,  өлкөнүн ар-намыс тууралуу  ойлойсуң. Баардыгы сага ишеним артып турса күйөрмандардын  үмүтүн актай алсаң жакшы. Ал эми жеңилип калсаң кайгырып, капа болосуң. Каталыктарыңды талдоого алып, кайра жоопкерчилигиң эки эсе артат экен.

– Көпчүлүк спортчулар жеңишке жеткенден кийин жылдыз ооруусу менен ооруп, жер баспай калышат эмеспи. Сизде андай учурлар болгонбу?

– Чынын айтайын жаш кезимде кээде  бир аз болуп калган учурлар кездешкен. Бирок мындай болушуна мен жол бербөөгө, жөнөкөй эле болууга аракет кылам. Негизинен күрөш күйөрмандары менен сиз сыяктуу журналисттер эле жылдызга айландырып жиберишет экен.

– Кандай кесипке ээ болууну самаган элеңиз?

-2016-жылы  орто мектепти аяктаарым менен дароо Юридика академиясына  тапшырып, юрист кесибин тандагам. Ошол эле учурда Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында дагы окуп, машыгууларды уланткам. Келечекте спортчулардын укугун коргоп, алардын таламдарын талашкан адис болсом деген тилек бар.

– Үй-бүлөңөрдө дагы спорт менен таанылган агаларыңыз тууралуу айтсаңыз?

– Алгач атам Мухамед тууралуу айтайын. Атам дагы спорт ышкыбозу, жаш кезинде жеңил атлетика менен машыгып, 1992-жылкы Барселона олимпиадасына катышсам деп тилек кылган экен. Ошол тилегин уулдары ишке ашырууга аракет кылып жатабыз. Анан атам футболду жакшы ойногондуктан Араван райондук футбол командасында ойногон. Менин эки  агам Бексултан менен Сыймык  спорт  менен машыккан. Бирөөсү менден эки, экинчиси болсо төрт жаш улуу. Улуу агам Бексултан уландар жана жаштар арасында дүйнө жана Азия чемпионаттарында байгелүү орундарды камсыз кылган. Мен Сыймык агам менен эгиздей бирге жүрүп, күрөш менен Ошто машыга баштаганбыз.  Менин спорттогу алгачы устаттарымдын бири жаш балбан Айбек болуп саналат. Андан кийин Акбаралы агайдан таалим-тарбия алдым. Алтынчы класста Бишкек шаарына көчүп келип, Дене тарбия жана спорт комплексинде Жеңиш Сатыбалдиев агайда машыга баштадым.

Ал мага кантип күрөшүүнүн сырларын, ыкмаларын үйрөткөн. Мен аны биринчи машыктыруучуларымдын бири деп эсептейм. Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына сегизинчи классымда кабыл алынгам. Ошондон бери Кыргызстанга эмгек сиңирген устат, Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер, олимпиадалык даражадагы калыс  Мейрамбек Ахметовдон таалим-тарбия алып келем. Ал өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан атактуу балбандар Канатбек Бегалиев, Арсен Эралиев, Каныбек Жолчубеков жана башкалардын устаты болуп, кыргыз спортуна зор салым кошкон залкар инсан болуп саналат.

Өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы Кыргызстандын чемпионатында бир нече жолу “алтын” алып, чоң спортко тагдырымды арнадым. Дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарындагы жеңиштеринен тышкары, Индияда, Грузияда, Финляндияда, Казакстанда, Россияда, Түркияда жана башка чет өлкөлөрдө өткөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп, тажрыйба топтой баштагам. Мени бул күрөшкө шыктандырган Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев болуп саналат.

Үйдө менин  60тан ашуун медалым бар. Сыйлыктардын жарымын туугандарыма жана жакындарыма таратып бердим.

-Эсте калган алгачкы жеңишиңиз кайсы деп жүрөсүз?

– Чоң спорттогу алгачы жеңишим деп, 2015-жылы Индиянын борбору Нью-Дели шаарында өткөн уландар арасындагы Азия чемпионатында бардык атаандаштарымды утуп, алтын медаль тагынган учурду эстейм. Ал учурда мен 12 килограмм салмак түшүрсөм дагы баш байгенин ээси болгом. Мында өзүмө болгон ишеним жаралган. Кийинки жылы да уландар арасында Азия чемпиону аталып, Грузияда өткөн уландар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону болгон элем. Себеби эгемендүүлүк алганы 10 жылдан бери Уран Калилов уландар арасында дүйнө чемпиону болгондон бери кыргыз жигиттери мындай ийгилик жарата элек болчу. Ошол дүйнө чемпионатында, анан Бишкекте өткөн Азия чемпионатында күйөрмандардын купулуна толгондой, жакшы эмоция, сезим тартуулаган күрөш көрсөтө алдым деп ойлойм.

– Эң оор беттешиңиз эсиңиздеби?

– 2017-жылдагы Финляндиядагы  дүйнө Чемпионаттын финалында ирандык балбан менен күч сынашып, аягына чейин 20 секунд калганда утулуп калдым. Ал мени килемдин үстүнөн түртүп жеңишти сууруп кетти. Себеби мен жарым финалда кабыргам сынып, өзүмдү жаман сезип тургам. Намыс үчүн финалга чыгып, кабыргамдын ооруганына карабай теңата күрөшүп, күмүш байгелүү болгом. Финалда кабыргамдын ооруганы да тоскоолдук кылды көрүнөт. Бирок кийин кабыргам катуу ооруп, эки-үч күн жакшы терең дем албай кыйналып  жүрдүм.

– Чоңдор арасында  сиздин салмакта Азияда  атаандаштык күчтүүбү?

– Азия чемпионатына караганда атаандаштарым абдан күчтүү. Ал эми дүйнө чемпионаттарын, олимпиада оюндарын сөз кылбай эле койсок болот. Мындай атаандаштыкты мен эч жерде көрө элекмин!Атаандаштык күчтүү болсо чеберчилик жогорулап, өсүш болот.

– Килемге чыгаардын алдында апкарууну сезесизби?

– Мен олуттуу мелдешке бир ай калганда кабатыр боло баштайм. Мен кээде  көп ойлойм, уктай албай калган учурлар болот. Бирок мелдеш жакындаган сайын, мен тынчып, сабырдуу болгонго аракет кылам. Менде килемге чыкканда эч кандай коркуу, апкаруу сезими болбойт. Атаандашым канчалык атактуу, даңктуу болсо дагы сүрдөбөйм.

– Кандай даярданасыз?

– Атаандашыма жараша дардык көрүп, талдоого алам. Айрымдарын беттеш башталышына чейин тааный билем. Мисалы, балбан ыргытууну жакшы билсе, аны кармоого, андай ыкма жасоого жол бербөөгө аракет кылам.

– Спорттук карьераңыз аяктаган соң эмне менен алектенгиңиз келет?

– Жеке ишкер болуп, жаш спортчуларды моралдык жана материалдык жактан колдосом деп тилек кылып жүрөм. Тажрыйбамды жаштар менен бөлүшкүм, аларга күрөш сырларын үйрөткүм келет.

– Сизди колдогон, демөөрчү болгон адамдар барбы?

– Жергиликтүү спорттук шаймандарды сатуучу компаниялардын бири  керектүү нерселердин бардыгын берип, демөөрчү болуп жүрөт. “Дордой” спорт клубунун жетекчиси Шаршен Касенов, жеке ишкер Дастан Муктаровго өзгөчө рахмат айткым келет. Бутумдан жаракат алып, Германияда операция жасатууга ошол учурдагы Дене тарбия, спорт агентигинин директору Канат Аманкулов агай дагы жардам бергенин унутпайм.

– Күрөштөн башка дагы эмнеге кызыгасыз?

– Жумасына эки-үч жолу бильярд жана теннис ойнойм.Шахматка дагы кызыгып, окуучу кезимде мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлегем. Футболду дагы жакшы ойнойм. Искусствого, адабиятка, поэзияга жана эстарадага да  кайдыгер эмесмин.

– Жергиликтүү балбандардын арасында досторуңуз барбы?

– Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан балбандар Атабек Азизбеков жана Каныбек Жолчубеков менен жакшы  достук мамиледемин. Токио олимпиадасына жолдомо алып, бирге барган Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков менен дагы достук маанайда жүрөм. Достуктун жүгү оор болот.

– Ал эми чет өлкөлүк балбандардан сизге ким жагат?

– Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын беш жолку чемпиону, Рио-де-Жанейро олимпиадасынын коло байге ээси, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло медалдарын уткан өзбекстандык, жердиги казак балбаны Эльмурат Тасмурадовдун курчтугу, күрөшкөнү жагат. Анын оттон, суудан кайра тартпаган мүнөзү бар. Бир заматта  жанар тоодой жарылып, жанын аябай аягына чейин күрөшөт.

– Сиз дүйнөнүн жарымында болуп көрсөңүз керек? Сизге кайсы өлкө жагат?

– Мен отуздан ашуун өлкөдө болгом. Баарынан мага Казакстан жагат. Ал жактын калкы, үрп-адаты жана тамак-ашы биздикине окшош, ошондой эле адамдары менен да оңой тил табышып кетесиң. Нур-Султан жана Алматы шаарларынын архитектурасы да кызыктуу. Жапониянын Токио шаарынын тазалыгы,заманбап имараттары, элинин эмгекчилдиги, ковид пандемия илдеттеринен коркпой олимпиадалык оюндарды каармандык менен өткөргөнү абдан таасирлентти.

– Сизди башка мамлекеттин өкүлү катары күрөшүүгө чакырышкан  учурлар болду беле?

– Ооба, ошол эле Казакстанга чакырышкан. Алматыдан үч бөлмөлүү батир, айына  3 миң АКШ долларын стипендия кылып, бардык шарт түзүп беребиз дешкен. Андан кийин Түркияга да чакыруу болуп, алар ортомчулар аркылуу 200 миң АКШ долларын сунуштаган. Бул 2017-18-жылдар аралыгында болгон окуялар. Мен мекенимди сүйөм! Мага кандай гана акча сунушташпасын эч жакка барбайм! Мен Кыргызстандын кулунумун, кыргызстандык бойдон гана калам.Өзүмдүн мекенимди дүйнөгө таанытуу үчүн күрөшөм. Азыркы башкы максатым – Токио Олимпиада оюндарына алтын байге жеңип алуу болчу. Алтынга бир кадам жетпей калдым. Эми 2024-жылы Париж шаарында өтүүчү олимпиадада күйөрмандардын үмүтүн актоого аракет кылам.

– Көпчүлүк спорт адистери сиздин мүмкүнчүлүгүңүз жогору деп ойлошкон. Токио олимпиадасынан кийин кандай сезимде болдуңуз?

– Бул Токио олимпиадасындагы таймашуулар оңой болгон жок. Олимпиадага дүйнөнүн ар тарабынан тандалган эң мыкты спортчулар катышты. Ар бир балбан олимпиаданы уткусу келди.  Жеңишке жетүү үчүн колдон келгендин бардыгын жасадым. Ал алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда утуп алдым. Чейрек финалда дүйнө чемпионатынын күмүш, Дүйнө кубогунун алтын, күмүш, коло байге ээси, Европанын эки жолку чемпиону, 33 жаштагы азербайжандык тажрыйбалуу балбан Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңип алууга жетиштим.

Жарым финалдык беттешүү абдан курч мүнөздө, атаандаштык менен өттү.  Биринчи бөлүгүндө алгач бир упайды Европа чемпионаттарынын коло байге ээси, Европа оюндарынын жеңүүчүсү армян балбаны Карапет Чальян алганга үлгүрүп, андан соң мен катары менен упайларды алып, эсепти 6:1ге жеткирдим. Мелдештин экинчи бөлүгүндө армениялык балбан бир упай алганга үлгүрүп, мен дагы артыкчылыкты бекемдеп, андан ары атаандашыма ыкма жасоого мүмкүнчүлүк бербей утуп алдым. Финалда Лондон Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, дүйнө чемпиону жана Европа чемпионатынын беш жолку чемпиону, венгриялык Тамаш Лоринс менен күч сынашып, 2:1 эсебинде бир упай айырма менен атаандашыма алтынды алдырып коюп, Токио Олимпиадасынын күмүш медалын тагындым. Алтын алууну максат кылып, көп мээнет кылып, машыккан элем. Аллахка чексиз мактоолор, ыраазычылык болсун. Буйрук экен, эң өкүнүчтүүсү кыргыз элиме финалда жакшы эмоция, күчтүү сезим тартуулай албай, алардын үмүтүн актай алганым жок. Элибиз Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Ош шаарында, үйлөрүндө теледен мага күйөрман болушуп, сүрөөнгө алып турушкан экен. Бардык күйөрмандарым ыраазычылык билдирем. Бул күмүш байге жеке менин ийгилигим эмес. Бул жалпы элибиздин, устаттарымдын, ата-энемдин ийгилиги, жеңиши. Айрыкча жеке устатым Мейрамбек Ахметовдун салымы тоодой.  Эмне демекчимин, алдыда далай ашуулар, далай таймаштар, сыноолор турат.

2016-жылдын 14-сентябры эсимде. Мен анда 17 жашта элем, уландар арасындагы дүйнө чемпиону болсом деген кыялдарым  ошол күнү орундалган. Жеңиштин бийик сересинде туруп, биздин өлкөнүн Гимн жаңырып, Кыргыз туусу обого көтөрүлгөндө укмуштуудай айтып бүткүс сезимдерди башымдан өткөрдүм эле. Эгерде кудай буйруп, кийинки Париж шаарнында олимпиада чемпиону болгон күндө дагы, мен ал күндү эч качан унутпайм.

-Жакшы маегиңиз үчүн рахмат! Өзүңүз айткандай эми Париж олимпиадасында спорт күйөрмандардын үмүтүн актап, алтын медаль тагынууңузга тилектешпиз!

Кабыл Макешов, Токио олимпиадалык делегациянын пресс-атташеси, спорттук баяндамачы

 Атайын “Кыргыз тудей” сайтынын окурмандары үчүн

Бишкекте Токиодон кайтып келген улуттук олимпиадалык команданын мүчөлөрүн сый-урмат менен тосуп алуу салтанаты болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта, борбордук Ала-Тоо аянтында Токио шаарында (Япония) өткөн XXXII жайкы олимпиада оюндарынан кайтып келген улуттук курама команданын мүчөлөрүн сый-урмат менен тосуп алуу салтанатына катышты.

Олимпиадачыларды «Манас» эл аралык аэропортунда Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова тосуп алышты.

Салтанаттуу жолугушуудан кийин чакан пресс-конференция өткөрүлүп, анда журналисттер спортчулар менен машыктыруучуларга коомчулукту кызыктырган суроолорду берип, жооп алышты.

Мамлекет башчысынын катышуусу менен негизги майрамдык иш-чаралар борбордун Ала-Тоо аянтында өттү.

Өлкөнүн намысын коргогон спортчуларга жана машыктыруучуларга ыраазычылык билдирүү үчүн Мамлекет башчысы менен бирге миңдеген кыргызстандыктар келишти.

Садыр Жапаров команданын мүчөлөрү менен машыктыруучуларын жакшы маанайда тосуп алып, аларды Токиодогу жайкы олимпиада оюндарына ийгиликтүү катышып, Мекенине жеңиш менен кайтып келиши менен куттуктады.

«Олимпиадалык медалдарды, спорттук мыкты жыйынтыктарды, спортчуларыбыздын жетишкендиктерин өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына татыктуу белек деп эсептеймин. Сиздер бардык кыргызстандык  күйөрмандардын үмүтүн актап, элибизди кубанычка  бөлөдүңөр!

Олимпиада оюндарында дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөсүнөн 12 миңден ашык спортчу катышууда. Ал эми Кыргызстандан 16 спортчу катышып,  күрөш боюнча улуттук командабыз 3 медаль утуп алды. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшүнүн тарыхында биринчи жолу Олимпиада оюндарынын эки медалына ээ болдук. Баатыр энелерибиз Кыз Сайкалдын, Жаңыл Мырзанын руху тирүү экен, алардын кайратын, баатыр мүнөзүн кыздарыбыз көтөрүп жүргөн экен, эчен ирет Азия чемпионаттарын, дүйнө биринчиликтерин утуп жүргөн Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынын күмүш медалын, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медалын жеңип алып, жалпыбызды сүйүнтүп отурушат.

Күрөш өнөрүнүн эң мыкты үлгүсүн көрсөтүп, чеберчилиги менен көпчүлүктү суктандырган Акжол Махмудовду өзгөчө белгилегим келет!  Уул-кыздары үчүн күйгөн жүз миңдеген мекендештерибиз мелдешүүлөрдү түз ободо көрүп, бүтүндөй Кыргызстан силерди сүрөп турду. Мен да финалдык беттештерди үй-бүлөм менен чогуу көрдүм. Силер зор чеберчиликти, эрк-кайратты көрсөтүп, өлкөбүздүн намысы үчүн күрөштүңүздөр.

Жеңишке жетүү оңой-олтоң жумуш эмес, анткени Олимпиада оюндарына төгөрөктүн төрт бурчунан топтолгон эң мыкты спортчулар катышат. Ар бир өлкө уул-кыздарынын эң күчтүүсүн, эң мыктысын, намыска жараган азаматын аттандырат. Алардын арасынан суурулуп чыгуу,  анан да  медаль утуу —  чоң ийгилик!

Спортчулардын ийгиликтеринин башаты шык-жөндөмгө, кажыбас эркке, ошондой эле машыктыруучунун чеберчилигине негизделген.

Спорттогу ийгилик — бул чоң эмгек, ошондой эле мекенчилдиктин үлгүсү. Анткени, Сиздердин жеңиш миңдеген жаштардын жүрөгүн толкутуп, илгери шыктандырат. Силерди өрнөк тутуп, силердей болгусу келгендердин катарынан далай чемпиондордун чыгышына ишенемин.

Дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук жетишкендиктер мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн эң таасын көрсөткүчү. XXI кылымда күчтүү жана дени сак улут гана атаандаштыкка туруштук бере алат.

Силер Кыргызстандын даңазасын  дүйнөлүк деңгээлде арттырдыңар», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын курама командасынын башкы, улук жана биринчи машыктыруучуларына өтөгөн эмгеги, сабырдуулугу жана мээрими үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

«Сиздердин мээнетиңиздердин аркасында биздин спортчуларыбыз  ийгиликтерге жетишүүдө.

Ошондой эле биздин спортчуларыбыздын ата-энелерине да ыраазычылык билдирем. Спортчулардын  өнүгүүсүндө ата-энелердин ролун баалоо кыйын, сиздер балдарыңыздардын спорттогу ийгиликтерине жана жыйынтыктарына чоң таасир этесиздер.

Спортчу уул-кыздарыбыздын ийгиликтерине дагы көп ирет чогуу кубаналы.

Урматтуу спортчулар, машыктыруучулар! Олимпиада оюндарында Кыргызстандын атын чыгарып, намыска жарадыңар. Силер Олимпиада оюндарынын медалдарына гана эмес, Кыргыз мамлекетинин жогорку сыйлыктарына да татыктуусуздар.

Олимпиадалык команданын мүчөлөрүнө жана машыктыруучуларына чың ден соолук каалайм, жаңы жеңиштерди багындыра беришиңерге  тилектешмин.

Жашасын, Кыргызстан!

Жашасын, кыргыз спорту!», — деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Олимпиадачылардын урматына кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт болду.

Иш-чараны Коомдук телерадиокорпорациясы түз алып көрсөттү.

Эске салсак, Токио-2020 Олимпиада оюндары Кыргызстандын спорт тарыхындагы эң ийгиликтүү оюн болду.

Балбандар Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова эки күмүш жана бир коло медалга ээ болуу менен мыкты натыйжаларды көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, бүгүн олимпиадалык команданын 11 мүчөсү өз Мекенине кайтып келишти, Японияда калган ата мекендик спортчулар бир нече күндөн кийин кайтышат.

Жакын арада улуттук курама команда толук курамда чогулгандан кийин олимпиадачыларды жана машыктыруучуларды расмий түрдө сыйлоо иш-чарасы болот.

Токио-2020: Жөө күлүк Дарья Маслова марафондук жарышта байгеге илинбей калды. Жабылыш аземде тууну балбан Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат

7-августта Токио жайкы олимпиада оюндарынын кыз-келиндер арасындагы марафондук 42 киломерт 195 метр жарыштары Саппоро шаарында өттү. Марафонго  Токио убактысы боюнча саат 7.00дө, бишкек убактысы боюнча таңкы саат 4.00дө  старт берилди.  Марафондук жарышта Кыргызстандын намысын коргогон өлкөгө эмгек сиңирген спорт чебери Дарья Маслова байгелүү орундарга жетпей калды.  Жабылыш аземде Кыргыз Республикасынын туусун эркин күрөш боюнча эл аралык спорт чебери Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат.

Бул тууралуу Токиодон Кыргызстандын олимпиадалык командасынын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди. 7-августта жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, белгилүү жөө күлүк Дарья Маслова Токио  олимпиада оюндарынын  марафондук жарышына катышты. 42 киломерт 195 метр аралыкка марафондук жарыш Саппоро шаарында өттү. Мелдеште дүйнө жүзүнөн тандалып, Токио олимпиадасына жолдомо алышкан 88 жөө күлүк мөрөй талашты. 21 километр 100 метр жарым марафонду Дарья Маслова 1 саат 15 мүнөт 27 секунда чуркап, топ башындагы жөө күлүктөрдөн калышпай жүгүрдү. Ал эми калган аралыкта ортоңку топто жүрдү. Ошентип  Азия жана Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова 42 киломерт 195 метр аралыкты 2 саат  35 мүнөт 27 секундда чуркап өтүп, марага 36-болуп келди. Бул марафондук жарышта 27 жаштагы кениялык Перес Депчирчир марага биринчи келип, Токио олимпиадасынын чемпиону аталды. Ал бул аралыкты 2 саат 27 мүнөт 20 секундда чуркап өттү. Перес Депчирчир  жарым марафондук жарышта дүйнө чемпиону да болгон. Экинчи орунду дагы кениялынк Бриджит Косгей ээлеп, марага  2 саат 27 мүнөт 36 секундда келип, күмүш байгелүү болду. Коло байгенин ээси АКШнын өкүлү Молли Зайдель болуп, ал марага 2 саат 27 мүнөт 46 секундда келди. Марафонго катышкан 88 жөө күлүктүн 73ү гана марага жетти. Калган 15 спортчу ара жолдон калып калышты.

Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Азия чемпиону Маслова Дарья Владимировна 1995-жылы 6-майда Каракол шаарында туулган.  Ал жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери. 2014-жылдын уландар арасында  Тайбэй шаарында өткөн Азия  Чемпионатында  3000 жана 5000 метр аралыктагы жарыштарда марага биринчи келип, 2 алтын тагынган.2015-жылдын чондор арасында  Кытайда өткөн Азия  Чемпионатында  3000 метрге жарышта 3- орун ээлеген. 2015-жылдагы  Түштүк Кореяда өткөн Универсиада оюндарында  5000 метрге чуркоодо коло байгелүү болгон.2016-жылы  Рио-Де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарында  10 км аралыктагы жарышта 19- орунга жеткен. 2017-жылдын чоңдор арасында  Индияда өткөн Азия  Чемпионатында 10 км аралыктагы жарышта  1-орунду ээлеп, Азия чемпиону аталган.  2018-жылы  Индонезиянын борбору Жакарта шаарындагы Азия оюндарында  5 жана 10 км аралыктардагы жарышта  1-орунду ээлеп, Азия оюндарынын чемпиону болуп, 2 алтын медаль тагынган.

Устаты Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, маркум Виктор Борисов болсо, олимпиадалык марафонго даярдаган учурдагы машыктыруучусу Татьяна Борисова болуп саналат.    4-август күнү Дарья Маслова устаты, Азия оюндарынын чемпиону Татьяна Борисова менен Токио шаарынан Саппоро шаарына учуп кетишкен.

Жабылыш аземде тууну балбан Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат

23-июлда расмий башталган Токио олимпиадалык оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышууда. Алардын он үчү байге ала албады. Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш байгелүү болсо, Мээрим Жуманазарова коло медалдын ээси болду. Байгелердин жалпы көрсөткүчү боюнча 2 күмүш, 1 коло медалы менен Кыргызстан кечээ  67-орунда турса, учурда  68-орунга жылып калды. Биринчи саптагы Кытай өлкөсүнүн учурда 36 алтын, 26 күмүш, 17 коло медалы бар. Экинчи орунда 31 алтын, 36 күмүш, 32 коло байге уткан АКШ турат. Оюн ээси Жапония 24 алтын, 11 күмүш, 16 коло медаль утуп, үчүнчү орунда келатат. Төртүнчү орунда Улуу Британия турат. Эл аралык олимпиада комитетинин желеги астында катышып жаткан Орусиянын учурда 17 алтын, 23 күмүш жана 22 коло медалы бар. Алар бешинчи тепкичте турат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан алдыда. Алар учурда 2 алтын, 1 коло байгеси менен 35-орунда келатат.Мурдакы олимпиадалык оюндарда ийгилик жаратып келген Казакстандын учурдагы 7 коло байгеси менен 79 орунга илинүүдө. Бир күмүш байгелүү Түркмөнстан 74-орунда келүүдө. Мелдештер жыйынтыкталып жаткандыктан бул орундар дагы жылышып, сандар өзгөрүп кетиши ыктымал.   Олимпиада оюндарына катышкан 206 өлкөнүн 83 мамлекеттин спортчулары байгелүү орундарды ээлеп турушат.

8-августта  олимпиаданын жабылыш аземи болот. Жабылыш аземде Кыргыз Республикасынын туусун эркин күрөш боюнча эл аралык спорт чебери Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат.

Келечегинен үмүткөр кылган 22 жаштагы балбан Эрназар Акматалиев Нарын облусунун Нарын районундагы Орто-Нура айылында төрөлгөн. Жети жашынан бери күрөш менен машыгып келатат. 2015-жылы Индияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында коло байге тагынып, чоң спортко тагдырын арнаган.

2018-жылы эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын катарына кабыл алынган. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча эки жолку чемпиону. 2018-жылы Эрназар жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси болгон. 2019-жылы Иранда өткөн Тахти кубогунда алтын байге утуп, олжолуу келген.  2021-жылы  Украинада өткөн эл аралык турнирде дагы финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.

Ал 6-августта Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси, индиялык 27 жаштагы Баджранг Пуния  менен теңата күрөшүп, 3:3 эсебинде тең чыгышып, калыстар артыкчылыкты индиялык балбанга берип коюшту. Ал эми индиялык Баджранг Пуния  жарым финалда утулуп, Эрназар коло байгеге талапкер болбой калды.

Ошентип кыргызстандык спортчулар Токио олимпиадасын 7-августта жыйынтыктады.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы, Токио олимпиадасындагы пресс-атташе

Улукбек Марипов: Айсулуу алган «күмүш» алтынга тете

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Токиодогу XXXII жайкы Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүсү, кыз-келиндер арасындагы күрөштө күмүш медалды жеңип алган Айсулуу Тыныбекованы куттуктады.

«Айсулуу, мен сизди Олимпиадалык оюндарда ийгиликтүү оюн көрсөткөнүңүз үчүн чын ниеттен куттуктайм. Жалпы мекендештердин атынан сизге айтаарым – сиз Азаматсыз! Бүгүнкү «күмүшүңүз» алтынга тете. Бул жалпыбызга зор дем берет. Биз сиз жана Олимпиадалык курама команданын жалпы мүчөлөрү менен сыймыктанабыз. Айсулуу, сизге жана сиздин ата-энеңизге жеңиш үчүн, жаркын маанай үчүн, өз өлкөбүз үчүн сыймыктануу мүмкүнчүлүгүн тартуулагандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз!», – деди Улукбек Марипов.

Ал белгилегендей, Олимпиадалык оюндар атамекендик спортчулар үчүн эл аралык аренадагы жаңы жана бийик жеңиштерге секирик жасоо үчүн жол салып, өлкөдө спортту жайылтууга жана ага жаштарды тартууга өбөлгө түзөт.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасында грек-рим стилиндеги балбан Акжол Махмудовдун күмүш медалы жана кыз-келиндер арасындагы күрөштө күч сынашкан Мээрим Жуманазарованын коло медалы бар.

Токио-2020: Азия чемпиону Айаал Лазерев 5-августта беттешке чыгат

5-август күнү Токио олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта Кыргызстандын намысын коргойт. Бул тууралуу Токиодон спорттук баяндамачы, олимпиадалык делегациянын басма сөз катчысы Кабыл Макешов кабарлады. Күч сынашуулар бишкек убактысы менен саат 8:10до башталат.

Эркин күрөш боюнча 126 кг салмакта   Азия чемпиону Айаал Лазарев 1986-жылы 19-мартта Орусиянын Якутск шаарында туулган.

Учурда ал оттой жанган 35 жашта, улуту-якут. Атасы да эркин күрөш менен машыгып, СССРдин спорт чебери болгон. Айаал Лазаревдин чоң аталары да балбандын тукумдарынан. Үч бир туугандын ортончусу. Агасы илим жолунда, карындашы-студент. Айаал Лазарев Якутиянын Дене тарбия, спорт институтун бүткөн.

2010-жылы Орусиядан Кыргызстанга көчүп келип, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алып, 2011-жылдан бери тандалма команданын курамына кабыл алынып, Кыргызстандын намысын коргоп келатат. Эркин күрөш менен 10 жашынан бери машыгат. Кыргызстандын эл аралык спорт чебери.

2013-жылы Индия өлкөсүнүн борбору Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпионатында үчүнчү орунду камсыз кылган.

2015-жылы Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында өткөн Азия чемпионатында биринчи орунду ээлеп, Азия чемпиону аталып, алтын медаль уткан.

2016-жылы Таиланд өлкөсүндө өткөн  Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынган.

2016-жылы  мурдагы Астана (учурдагы Нур-Султан) шаарында өткөн Азиялык олимпиадалык турнирде  жарым финалда жеңишке жетип, коло байгелүү болгон.

Кийин  аны уткан атаандашы допинг менен кармалып, оңдой берди болуп, 11-майда Айаал Лазаревге  Рио-де-Жанейро олимпиадасына катышууга жолдомо ыйгарылып, жолу ачылып, олимпиадага катышып, 15-орунга илинген.

Айаал Азия чемпионаттарында үч жолу коло байге уткан (2010, 2013, 2016). 2020-жылы Белград шаарында өткөн дүйнө Кубогунда үчүнчү орунду ээлеген. Быйыл 2021-жылы Алматыда өткөн Азия чемпионатында финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болгон. Ушул Алматы шаарында өткөн Азия континенталдык олимпиадага жолдомо ойнотулган турнирде Индиянын өкүлүнө жеңилип калып, Токио олимпиадасына жолдомо албай калган. Бирок, индиялык балбандын кызытма колдонгону аныкталып, ал алган жолдомо Айаал Лазаревге ыйгарылган.  Мындай окуя экинчи ирет кайталанып, Айаалдын жолу экинчи ирет олимпиадага ачылып турат. Ал эл аралык турнирлердин  көп жолку жеңүүчүсү болуп саналат.

Өлкөнүн тандалган балбандарынын тобундагы Айаал Лазарев бир нече жолу ийгилик жаратып, Кыргызстандын чемпиону аталган.

Айаал Ысык-Көлдө машыгуудан өтүп, Орусиянын балбандары менен бирге даярдык көрдү.

Кыргызстанга келгенден берки жеке устаты- жаштар арасында дүйнө чемпиону,  тандалма команданын улук машыктыруучусу Сүймөнкул Табылды уулу.

Башкы устат- Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Руслан Маджинов кеп-кеңешин айтып жүрөт.

Токио олимпиадасындагы Айаал Лазаревдун алгачкы атаандашы АКШнын өкүлү 21 жаштагы Гейбл Стивенсон болмокчу. Ал жаш болсо дагы Панамерикалык оюндардын чемпиону болуп саналат. Эгерде Айаал утуп алса, анда чейрек финалда канадалык же түркиялык балбан менен күч сынашат.

Ошондой эле 6-августта эркин күрөш боюнча Токио олимпиадасында  65 килограмм салмакта  Эрназар Акматалиев күчүн сынашууга катышат. Анын атаандаштары 5-августта түштөн кийин анык болот.

Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, белгилүү жөө күлүк Дарья Маслова Токио  олимпиада оюндарынын акыркы күнүндө  8-августта марафондук жарышка чыгат.  4-август күнү Дарья Маслова устаты, Азия оюндарынын чемпиону Татьяна Борисова менен Токио шаарынан Саппоро шаарына учуп кетишти. Себеби 42 километр 195 метр марафондук жарыштар ушул шаарда өткөрүлөт.

23-июлда расмий башталган Токио олимпиадалык оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышууда. Алардын ону байге ала албады. Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медалдын ээлери болушту. Байгелердин жалпы көрсөткүчү боюнча 2 күмүш, 1 коло медалы менен Кыргызстан  61-орунда турат. Биринчи саптагы Кытай өлкөсүнүн учурда 32 алтын, 22 күмүш, 16 коло медалы бар. Экинчи орунда 26 алтын, 31 күмүш, 23 коло байге уткан АКШ турат. Оюн ээсши Жапония 21 алтын, 7 күмүш, 12 коло медаль утуп, үчүнчү орунда келатат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан алдыда. Алар учурда 2 алтын, 1 коло байгеси менен 30-орунда турат.Мурдакы олимпиадалык оюндарда ийгилик жаратып келген Казакстандын учурдагы 4 коло байгеси 75 орунга илинүүдө. Бир күмүш байгелүү Түркмөнстан 71-орунда.

Токио олимпиадасында Эл аралык Олимпиада комитети  тарабынан спорттун 33 түрү боюнча рекорддук 339 комплект медаль ойнотулуп жатат. Алардын ичинде спорттун жаңы беш түрү бар жана жалпысынан жаңы 34 иш-чара өткөрүлүүдө. Жайкы оюндарга катышып жаткан спортчулардын 48.8% кыз-келиндер түздү.

Спорттун жаңы беш түрүнө каратэ, скейтбордиң, спорттук альпинизм, бейсбол/софтбол жана сөрфиң кирген. Бейсбол менен софтбол Олимпиаданын программасында негизинен “жаңы” деле эмес, бирок аталган оюндар боюнча Бээжин шаарында 2008-жылы өткөн Олимпиададан бери мелдеш өткөрүлө элек болчу.

Токио олимпиадасы 8-августта жыйынтыкталат.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы, Токио олимпиадасындагы пресс-атташе

Токио 2020 олимпиадасынын күндөлүгү : Акжол Махмудов күмүш жана Мээрим Жуманазарованын коло медалы

3-августта Азия чемпиону Акжол Махмудов Жапониянын борбору Токио шаарында өтүп жаткан  32-жайкы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта күмүш, айымдар эркин күрөшү боюнча 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова коло медаль утуп, кыргызстандык спорт күйөрмандарын кубанычка бөлөдү.  Бул күндүн жыйынтыктары тууралуу  Токиодон спорттук баяндамачы, Кыргызстандын олимпиадалык делегациясынын басма сөз катчысы Кабыл Макешов маалымдайт.

 Акжолдун алтынга тете күмүш байгеси

Кыргызстандын дүйнөгө тааныткан атактуу балбан Акжол Махмудов 3-августта грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта финалда  Лондон Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, дүйнө  чемпиону жана Европа чемпионатынын беш жолку чемпиону, венгриялык Тамаш Лоринс менен күч сынашып, 2:1 эсебинде бир упай айырма менен атаандашына алтынды алдырып коюп, Токио олимпиадасынын күмүш медалын тагынды. Акжол Махмудов Токио  Олимпиадасында төрт беттеш өткөрдү.  Ал алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда уткан. Чейрек финалда дүйнө чемпионатынын күмүш, Дүйнө кубогунун алтын, күмүш, коло байге ээси, Европанын эки жолку чемпиону, 33 жаштагы азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңген.

Жарым финалдык Акжолдун беттешүүсүнүн биринчи бөлүгүндө алгач бир упайды Европа чемпионаттарынын коло байге ээси, Европа оюндарынын жеңүүчүсү армян балбаны Карапет Чальян алганга үлгүрүп, андан соң  Акжол Махмудов катары менен упайларды алып, эсепти 6:1ге жеткирип, өзүнүн чеберчилигин, шамдагайлыгын көрсөткөн эле. Мелдештин экинчи бөлүгүндө армениялык балбан бир упай алганга үлгүрүп, Акжол Махмудов артыкчылыгын бекемдеп, андан ары атаандашына ыкма жасоого мүмкүнчүлүк бербей артыкчылыгын сактап калган болчу.

Токио олимпидасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов 22 жашка чыгып, баралына жетип, табына келип турган учуру. Ал уландар  арасында Азиянын эки жолку,жаштар арасында дүйнөнүн бир жолку чемпиону аталган. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин  утуп алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынган. Ушул эле жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло байге утуп келген.

2019-жылы январь айында чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионатын жеңип, бир айдан кийин сол тизесинен жаракат алып көп мелдештерге катыша албай Германиядан операция жасатып келген. Жаракатына байланыштуу 2020-жылдагы Кыргызстандын чемпионатына катышкан эмес.

2021-жылы Кыргызстандын чемпионатын жеңип, быйыл март айында Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык квалификациялык олимпиадага жолдомо ойнотулган мелдеште алтын байге утуп, Токио олимпиада оюндарына жолу ачылган.

-Акжол кыргыз тарыхында грек-рим күрөшү боюнча олимпиада оюндарында күмүш байге уткан  эң жаш балбан болуп саналат. Буга чейин кыргыз спортчуларынан грек-рим күрөшү боюнча 2008-жылы Бээжин олимпиадасында финалга Канат Бегалиев гана чыгып, ал дагы күмүш байгелүү болгон,-дейт Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Канат Аманкулов.

Мелдештен кийин Акжол Махмудовго жолукканымда ал бул жеңишин, күмүш байгесин кыргыз элине, ата-энесине, досторуна арнаганын, президентибиз Садыр Жапаров өзү телефон чалып куттуктаганын айтып, жалпы күйөрмандарга терең ыраазычылыгын билдирип, 4-августта финалда алтын медаль үчүн күрөшө турган Айсулуу Тыныбековага, коло байгеге талапкер Атабек Азисбековго ийгилик, жеңиш каалады.

Мээнеткеч Мээрим Жуманазарованын коло медалы

3-августта Азия чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси Мээрим Жуманазарова Токио Олимпиада оюндарында  айымдар эркин күрөшү боюнча 68 кг салмакка чейинки категорияда коло байге утуп, Кыргызстандын  калкын сүйүнтү.

Кечээ 2-августта  Мээрим Жуманазарова алгачкы беттешүүдө Европа чемпиону, Европа оюндарынын күмүш байге ээси, болгариялык Мими Николова Христованы 7:5 эсебинде  артыкчылык менен жеңип алган. Чейрек финалда Африканын 10 жолку чемпиону, Ислам тилектештик оюндарынын чемпиону, 33 жаштагы нигериялык Блессин Оборудудуга 2:3 эсеби менен бир упайга утулуп калган. Кечинде оңдой берди болуп нигериялык спортчу финалга чыгып,  Мээримге коло байгеге талапкерлердин беттешүүсүнө чыгууга мүмкүнчүлүк ачылган эле. Ал дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Европа чемпиону 24 жаштагы  азербайжандык Элис Манолова менен күч сынашып, аны утуп, коло байге үчүн күрөшкө жолун ачыкан.  Андан соң Лондон Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси, дүйнөнүн эки жолку  чемпиону жана Азия чемпиону, 30 жаштагы монголиялык Баттсетсег Соронзонболд менен Токио Олимипиадасынын коло байгеси үчүн күч сынашып, 10:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

-Мээрим Жуманазарова 2020-жылы дүйнө кубогунун  жеңүүчүсү болгон, ал эми ага чейин Азиянын коло жана алтын байгелерин утуп, жаштар арасында дүйнө чемпонаттарынын жеңүүчүсү аталган. Азия чемпиону болуп саналат. Ага алгач күрөш сырларын үйрөткөн атасы, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Дүйшөн Жуманазаров агайыбыз. Спорттук бийиктиктерге, жеңиштерге жеткирген устаты өлкөбүздүн дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабековдун мээнети тоодой. Мээрим устатынын акыл-насааттарын угуп, кеп-кеңешин туура аткарып, ийгиликке жетти , -дейт Жогорку Кеңештин депутаты, КР айымдар күрөш федерациясынын вице-президенти, улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев.

Токио олимпиадасынын коло байгесин уткан Мээрим Жуманазарова менен жолукканымда ал алтын медаль утууну максат кылып келгенин, бир аз каталык кетип, ал мүдөөсүнө жетпей калганын, куру кетпей коло байге менен мекенине баратканын, бул ийгилик жети-сегиз жылдык мээнеттин үзүрү экенин, алдыда Азия оюндары, Париж олимпиадасынын таймашуулары турганын, жеңишин кыргыз элине, ата-энесине арнаганын айтып,  алыста болсо дагы сүрөөнгө алып турган жалпы күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирди.

Айсулуу Тыныбекова алтын медаль үчүн күрөшөт  

Кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын финалына жолдомо алып, 4-августта 62 килограмм салмакта Токио олимпиадасынын алтын медалы үчүн  күч сынашат.

Айсулуу  жарым финалда дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, Европа чемпиону, украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңип алган.  Ал эми чейрек финалда румыниялык спортчу Кристина Тунде менен беттешип, 6:2 эсебинде далысын килемге таза тийгизип уткан. Ага чейин биринчи атаандашы 31 жаштагы Европа чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү жана дүйнө чемпионатынын байге ээси, латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңип алган.

-Атактуу балбан Айсулуу Тыныбекова кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат. Ал кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнөнүн чемпиону (2019) жана дүйнө биринчилигинде коло байгенин ээси (2017), Азиянын 3 жолку чемпиону (2016, 2017, 2019), Азия Оюндарынын чемпиону (2018) жана коло байгесинин ээси (2014), Дүйнө биринчилигинин Кубогунун чемпиону (2020), эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү болуп саналат. Айсулууну дене тарбияга жана спортко эмгек сиңирген ишмер жана эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабеков машыктырып, ушундай даражага жеткирип келеатат. Кыргыз спортчуларын колдоп, бүгүн борбор калаабыздагы аянтка жүздөгөн эл чогулганын Токиодон угуп, биз дагы кубанып турабыз. Эми финалдык беттеште дагы Айсулуунун атын атап, дем-күч берип, сүрөп, колдоп туралы,-дейт Дүйнөлүк күрөш биримдигинин Азия континенти боюнча вице-президенти, Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын президенти, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, генерал Мелис Турганбаев.

Атабек Азисбеков коло байге үчүн талапкер

Олимпиадага грек-рим күрөшү боюнча 97 кг салмак боюнча катышып жаткан Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков чейрек финалда мурдагы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, армениялык Артур Алексанян менен күрөшкөн. Армениялык спортчу кыргыз балбанын 4:1 эсебинде жеңип алган. Ал Үзүр Жусупбековдон кийин дагы 2 атаандашын утуп, финалга чейин жеткендигине байланыштуу Үзүр Жузупбеков коло байгеге талапкерлердин беттешине чыгууга укук алган.

Жусупбеков коло медаль үчүн беттешке чейин Финляндиянын  тажрыйбалуу балбаны Арви Мартин Саволайненди жеңсе, анда коло байге үчүн иран спортчусу Мухамедхажы Сарави менен күрөшмөк. Тилекке каршы, спортчу 1:4 эсебинде финляндиялык балбанга алдырып коюп, байгелүү орунга илинбей калды.

-Кыргызстандын олимпиадалык командасынын капитаны Атабек Азисбеков грек-рим күрөшү боюнча 1/8 финалда дүйнө жана Европа чемпионаттарынын жеңүүчүсү, венгриялык Виктор Лоринцке 1:6 эсебинде утулуп калды. Оңдой берди болуп Виктор Лоринц финалга чейин жете турган болсо, Атабектин коло үчүн таймашууга мүмкүнчүлүгү пайда болду. 4-августта Атабек Азисбеков коло байгеге талапкерлердин таймашында Рио-де-Жанейро олимпиадасынын коло байге ээси, дүйнө чемпонаттарында күмүш жана коло медаль уткан, Европа чемпионаттарынын жеңүүчүсү, германиялык Денис Максимилиан Кудла менен күч сынашат. Аны утса коло медаль үчүн күрөшүүгө жолу ачылат.-дейт Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, олимпиадалык команданын жетекчилеринин бири Саламат Эргешов.

Беттешүүлөр Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталат.

3-августта Токио олимпиадасынын жеңил атлетика боюнча мелдштерине кыргызстандык эл аралык спорт чебери Нурсултан Кеңешбеков да катышты. Ал 5000 метр аралыктагы жарыштарда мөрөй талашып, финалдык топко кошулбай калды.

Кыргызстандан жалпы 16 спортчу спорттун 7 түрү боюнча Олимпиадага жолдомо алган. Мамлекет алтын медаль алгандарга 10 миллион сом, күмүш байгеге жети миллион сом, коло медаль үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

23-июлда башталган Токио-2020 Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат.

Токио олимпиадасынан пресс-атташе Кабыл Макешов

Токиодо дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

Бүгүн, 3-августта Токио Олимпиада оюндарынын таймашуулары курч мүнөздө улантылып жатат.  Кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн жандырган балбан кызыбыз, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Токиодон олмпиадалык делегациянын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди. Айсулуу  62 килгограмм салмакта алгачкы атаандашы, латвиялык,  31 жаштагы Анастасия Григорьева Европа чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү жана дүйнө чемпионатынын байге ээси Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда Азия жана дүйнө чемпиону  Айсулуу Тыныбекова румыниялык Криста Тунде Инже менен күрөшүп,аны дагы мөөнөтүнөн мурда далысын килемге таза тийгизип, чеберчилигин көрсөтүү менен   утуп алды. Ошентип Айсулуу жарым финалга чыкты. Жарым финалда украиналык, Европа чемпиону, дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Ирина Коляденко менен күрөшөт. Айсулуу бул атаандашын 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында утуп алган.

Ушул күнү грек-рим күрөшүнөн 87 килограмм салмакта эл аралык спорт чебери, Кыргызстандын олимпиадалык командасынын капитаны Атабек Азизбеков мелдешти баштап, венгриялык, Европа чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси, 31 жаштагы Виктор Леринцке 1:6 эсебинде утулуп калды. Эгер Виктор Леринц финалга чыкса, Атабек Азизбеков коло байге үчүн талапкерлердин таймашында күч сынашат.

3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 68 клограмм салмакта Мээрим Жуманазарова  коло байге үчүн талапкерлердин таймашында азербайжандык, Европа чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси 25 жаштагы Элис Манолованы 4:1 эсебинде жеңди. Эми ал кечинде коло байге үчүн монголиялык Батцецег Соронзонболд менен күрөшөт.

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чепиону балбан Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта  коло байге үчүн талапкерлердин беттешинде финляндиялык, жаштар арасында дүйнө чемпиону, 22 жаштагы Арви Мартин Совалайненге жеңилди.

Бүгүн, 3-августта кечинде кыргызстандык күйөрмүандардын үмүтүн жандырып турган Азия чемпиону, уландар арасында дүйнө чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалда алтын медаль үчүн күрөшөт. Акжолдун финалдагы атаандашы Лондон олимпиадасынын күмүш байге ээси, дүйнө чемпиону, Европанын беш жолку чемпиону, венгриялык Таман Леринц  болуп саналат. Финалдык таймаш 3-августта Бишкек убактысы боюнча саат 15:15тен өткөндө башталат.

Ошондой эле 3-августта жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков да  5000 метр аралыкка жарым финалда чуркап, мөрөй талашат. Элүүдөн ашуун күлүктөн 15и тандалып, финалдык жарыштары 6-августта болмокчу.

Балбандарды жана жөө күлүктү сүрөөнгө алып, колдоп туралы.

Токио олимпиадасынан пресс-атташе Кабыл Макешов

Токио олимпиадасынын күндөлүгү: Акжол Махмудов финалга чыкты, Мээрим Жуманазарова менен Үзүр Жусупбеков коло байге үчүн күрөшөт

Бүгүн, 2-августта Азия чемпиону Акжол Махмудов Жапониянын борбору Токио шаарында өтүп жаткан  32-жайкы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта Азия чемпиону, кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалдык таймашууда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолун ачып, баш байгеге талапкер болду. Бул күндүн жыйынтыктары тууралуу  Токиодон спорттук баяндамачы, Кыргызстандын олимпиадалык делегациясынын пресс атташеси Кабыл Макешов билдирет.

Жарым финалдык Акжолдун беттешүүсүнүн биринчи бөлүгүндө алгач бир упайды Европа чемпионаттарынын коло байге ээси, Европа оюндарынын жеңүүчүсү армян балбаны Карапет Чальян алганга үлгүрдү. Андан соң  Акжол Махмудов катары менен упайларды алып, эсепти 6:1ге жеткирип, өзүнүн чеберчилигин, шамдагайлыгын көрсөттү. Мелдештин экинчи бөлүгүндө армениялык балбан бир упай алганга үлгүрүп, Акжол Махмудов артыкчылыгын бекемдеп, андан ары атаандашына ыкма жасоого мүмкүнчүлүк бербей артыкчылыгын сактап калды.

Эртең менен Акжол Махмудов буга чейин үч беттеш өткөргөн. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда уткан. Чейрек финалда дүйнө чемпионатынын күмүш, Дүйнө кубогунун алтын, күмүш, коло байге ээси, Европанын эки жолку чемпиону, 33 жаштагы азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңген.

Алдыда алтын байге үчүн Лондон олимпиадасынын күмүш байге ээси, дүйнө чемпиону, Европанын беш жолку чемпиону, венгриялык Таман Леринц менен күрөшөт. Финалдык таймаш 3-августта Бишкек убактысы боюнча саат 15:15тен өткөндө башталат.

Финалга чыккан  Акжол Махмудов 22 жашка чыгып, баралына жетип, табына келип турган учуру. Ал уландар  арасында Азиянын эки жолку,жаштар арасында дүйнөнүн бир жолку чемпиону аталган.

2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынды. Ушул эле жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло байге утуп алган.

2019-жылы январь айында чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионатын жеңип, бир айдан кийин сол тизесинен жаракат алып көп мелдештерге катыша албай Германиядан операция жасатып келген. Жаракатына байланыштуу 2020-жылдагы Кыргызстандын чемпионатына катышкан эмес.

2021-жылы Кыргызстандын чемпионатын жеңип, быйыл март айында Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык квалификациялык олимпиадага жолдомо ойнотулган мелдеште алтын байге утуп, Токио олимпиада оюндарына жолу ачылган.

Ушул  2-август күнү күрөштүн ушул грек-рим түрүнөн 97 килограмм салмактагы Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков армениялык, учурдагы олимпиада чемпиону Артур Алексанянга утулуп калды. Бирок армениялык балбан финалга чыккандыктан Үзүр Жусупбеков коло байгеге талапкерлер менен 3-августта эртең менен күрөшкө чыгат.

2-августта кыз-келиндер эркин күрөшүнөн 68 килограмм салмакта Токио олимпиадасына катышып жаткан Мээрим Жуманазарова чейрек финалда Африканын 10 жолку чемпиону, Ислам тилектештик оюндрынын чемпиону, 33 жаштагы нигериялык Блессин Оборудудуга 2:3 эсеби менен утулуп калды. Азия чемпиону, дүйнө кубогунун жеңүүчүсү  Мээрим Жуманазарова алгачкы беттешүүдө Европа чемпиону, Европа оюндарынын күмүш байге ээси, болгариялык Мими Николова Христованы 7:5 эсебинде жеңип алган. Кечинде оңдой берди болуп нигериялык спортчу финалга чыгып,  Мээримге коло байгеге талапкерлердин беттешүүсүнө чыгууга мүмкүнчүлүк ачылды. Ал дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Европа чемпиону 24 жаштагы  азербайжандык Элис Манолова менен күч сынашат. Аны утса коло байге үчүн күрөшкө жолу ачылат.

2-августта Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада кыз-келиндер эркин күрөшүнөн 76 килограмм салмакта килемге чыкккан жаштар арасындагы дүйнө чемпиону, Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөштө дүйнө чемпиону, Европанын 4 жолку чемпиону, 29 жаштагы түркиялык Ясемин Адарга жеңилип, 5-орунду ээледи.

Айпери Медет кызы таймаштарын 1-августта баштап, алгач Рио-де-Жанейро олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону, 29 жаштагы  казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1 утуп алган. Ал эми чейрек финалда Лондон олимпиадасынын чемпиону, Рио-де-Жанейро олимпиадасынын күмүш байге ээси, Европанын үч жолку чемпиону,30 жаштагы орусиялык Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алган. Жарым финалда дүйнөнүн беш жолку чемпиону, америкалык Аделин Мариа Грейге 2:3 эсеби бир упай айырма менен жеңилген.

Бүгүн, 2-августта эртеңки 3-августтагы таймаштардын чучукулагы тартылып, 62 кг салмакта  дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешүүдө латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшөрү анык болду.Спортчулар 1/8 финалдан баштайт.  31 жаштагы Анастасия Григорьева Европа чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү жана дүйнө чемпионатынын байге ээси болуп саналат.

Ошондой эле  3-августта күрөшө турган грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбековдун да биринчи атаандашы аныкталып,  ал венгриялык Виктор Лёринц менен күч сынашат. Алар дагы  87 килограмм салмактагы күрөшүн 1/8 финалдан баштайт.

Беттешүүлөр Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталат.

3-августта Токио олимпиадасынын жеңил атлетика боюнча мелдештерине кыргызстандык эл аралык спорт чебери Нурсултан Кеңешбеков да катышат. Ал 5000 метр аралыктагы жарыштарда мөрөй талашат.

 

Токио олимпиадасынан пресс-атташе Кабыл Макешов

Улукбек Марипов: Биздин Олимпиадачылар, биз сиздер менен сыймыктанабыз!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Токио (Япония) шаарындагы XXXII жайкы Олимпиадалык оюндарга катышып жаткан Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрүнө кайрылды.

«Кымбаттуу спортчулар,

Бүтүндөй өлкө Олимпиада оюндарындагы сиздердин катышууңуздардагы оюндарды толкундануу менен кунт коюп көрүүдө. Олимпиадалык оюндарга катышуу – бул ар бир спортчу үчүн чоң намыс, ошол эле учурда анын кесипкөйлүгүн жана сиңирген эмгегинин таанылышы.

Биздин Олимпиадалык курама командабыз машыктыруучу курам менен биргеликте сыймактынууга татыктуу. Сиздер өлкөбүздүн намысын мыкты деңгээлде коргоп жатасыздар. Сиздер өжөрлүгүңүздөргө, эмгекчилдигиңиздерге жана тайманбас духуңарга жараша олимпиадалык деңгээлге татыктуу экендигиңиздерди далилдей алдыңыздар.

Сиздердин ар бириңиздер – күжүрмөн жоокерсиздер, биз сиздерге ишенип, ар бир жыйынтыкка кубанып турабыз. Сиздер биз үчүн жеңүүчү жана баатырсыздар! Биз сиздердин жеңишке ишенебиз жана бул таймаштарда Кыргыз Республикасынын желеги дагы да желбирейт деп үмүттөнөбүз!», – деди Улукбек Марипов».

Азия чемпиону Акжол Махмудов олимпиаданын жарым финалына чыкты

Бүгүн, 2-августта Токио шаарындагы Макухари Мессе Борборунда олимпиада оюндарында  спорттук күрөш боюнча кыргыз балбандар Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков күч сынашууларга катышып, Азия чемпиону Акжол Махмудов жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Токио шаарынан Кыргызстандын олимпиадалык командасынын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов  билдирди.

Грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта Кыргыз Республикасынын эл аралык спорт чебери Акжол Махмудов 1/8 финалда Тунис өлкөсүнүн өкүлү Ламьед Маафин менен күч сынашып, атаандашын мөөнөтүнөн мурда 11:0 эсеби менен утуп алды.

Чейрек финалда кыргызстандык Акжол Махмудов  33 жаштагы дасыккан балбан, Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, Европанын эки жолку чемпиону,дүйнө кубогунун жана Европа оюндарынын жеңүүчүсү, азербайжандык Рафиг Хусейновду дагы мөөнөтүнөн мурда 9:1 эсеби менен жеңип, жарым финалга чыкты.

Эми кечинде Акжол Махмудов жарым финалда  27 жаштагы Европа чемпионатынын жана Европа оюндарынын күмүш байге ээси, армениялык Карапет Чальян менен күрөшөт.

22 жаштагы Акжол Махмудов эл аралык класстагы спорт чебери, Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. 2015-2016-жылдары өспүрүмдөр  арасында Азиянын эки жолку чемпиону  жана 2016-жылы өспүрүмдөр  арасында Дүйнө чемпиону аталган. 2017-жылы Азия чемпиону болуп, ошол 2017-жылы  жаштар арасында Дүйнө биринчилигинин күмүш байге ээси болгон. Кыргызстандын көп жолку чемпиону.2018-жылы Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси болгон.

Быйыл апрель айында Алматыда өткөн континенталдык жолдомо ойнотулган турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.

Ал эми 97 кг салмакта Токио олимпиадасына катышып жаткан  Азия чемпиону Үзүр Жузупбеков 1/8 финалда армениялык, олимпиада чемпиону Артур Алексанян менен алгачкы беттешүүгө чыгып, атаандашына алдырып койду.Эгерде армениялык балбан финалга чыкса Үзүр Жусупбеков коло байгеге талапкерлердин бири болуп, дагы күрөшүп калышы мүмкүн.

Бүгүн, 2-августта кыз-келиндер эркин күрөш боюнча 68 килограмм салмакта Токио олимпиадасына катышып жаткан Азия чемпиону Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашы 2021-жылы Европанын чемпиону, болгариялык Мими Николова Христованы  7:5 эсебинде утуп алды.  Мээрим 5:4 эсебинде утулуп жатып, акыркы секундада эки упай алып жеңишти жетти.

Тилекке каршы Мээрим  Жуманазарова чейрек финалда нигериялык атаандашы Блессинг Оборудудуга 2:3 эсеби менен утулуп калды.

Бул Мээрим Жуманазарованын алгачкы Олимпиадасы болуп саналат. Эми нигериялык кыз финалга чыкса, Мээрим коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Бүгүн, 2-августта эртеңки 3-августтагы таймаштардын чучукулагы тартылып, 62 кг салмакта  дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешүүдө латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшөрү анык болду.Спортчулар 1/8 финалдан баштайт.  31 жаштагы Анастасия Григорьева Европа чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү жана дүйнө чемпионатынын байге ээси болуп саналат.

Ошондой эле  3-августта күрөшө турган грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбековдун да биринчи атаандашв аныкталып,  ал венгриялык Виктор Лёринц менен күч сынашат. Алар дагы  87 килограмм салмактагы күрөшүн 1/8 финалдан баштайт.

Беттешүүлөр Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталат.

Токио олимпиадасынан пресс-атташе Кабыл Макешов

Меню