Menu

Акжол Махмудов: Жеңишиме атамдын, устаттарымдын салымы тоодой

Бөлүшүү:

Токио олимпиадасына аттанып жаткан учурда дагы, Токио шаарындагы олимпиадалык айылда да белгилүү балбан, олимпиада оюндарда финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган Азия чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпиону Акжол Махмудов менен  спорттогу алгачкы кадамдары,балбандардын  атаандаштыгы, даярдыгы, олимпадалык таймаштары, алдыдагы максаттары жана атак-даңкка болгон мамилеси жөнүндө кенен “Кыргыз тудей” маалымат сайты үчүн маектешүүгө мүмкүнчүлүк алдым.

Кыргызстандын намысын талашкан көптөгөн спортчулар бар, бирок алардын бардыгы эле жылдыз эмес. Грек-рим күрөшүнүн  балбаны Акжол Махмудовду  спорт күйөрмандары жылдызы жанган келечегинен үмүткөр кылган спортчу катары таанып билген болсо, Токио олимпиадасында каармандыгын, намыскөйлүгүн көрсөтүп, спорт адистердин көңүлүн бурду.

Анын ачык, техникалык жана эмоционалдык күрөш ыкмаларынын аркасында ал үч-төрт эле жылдын ичинде он миңдеген күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө айланып, дүйнөлүк деңгээлдеги эң мыкты балбан экенин далилдеп, тарыхка атын жазып койду.

Акжол Махмудов 1999-жылы  15-апрелде Ош облусунун Араван районунда Жданов атындагы айылда төрөлгөн. 2015-2016-жылдары өспүрүмдөр  арасында Азиянын эки жолку чемпиону  жана 2016-жылы өспүрүмдөр  арасында Дүйнө чемпиону аталган. 2017-жылы Азия чемпиону болуп, ошол 2017-жылы  жаштар арасында Дүйнө биринчилигинин күмүш байге ээси болгон. Азия чемпиону, Азия оюндарынын байге ээси, Кыргызстандын көп жолку чемпиону. Кыргызстандын эл аралык спорт чебери. 2018-жылы Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси аталган. Быйыл Алматы шаарында өткөн континенталдык жолдомо ойнотулган турнирде Токио олимпиадасына жоддомо утуп алган.

Мен спорттук баяндамачы катары аны  2011-жылдын февраль айынан бери билем, ал кезде жаш балбанды аз эле спорт  күйөрмандары  таанычу. Бүгүнкү күндө  өзүнүн ийгиликтери, кайталангыс жеңиштери менен спорт адистердин да көңүлүн буруп, Токио олимпиадасында дагы жылдызы жанып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытты. Ошол эле учурда, анын өмүр баянынын урунттуу учурлары сыр бойдон калгандай.

Акжол менен алгач олимпиадагы аттанаар алдында Бишкектин четиндеги  Кой-Таш эс алуу жайында машыгуусунан кийин маектешип, даярдыгы тууралуу кеп кылган элек. Кийин Токио олимпиадалык айылда дагы бирге болуп, мелдештерине күбө болуп, сүрөөнгө алып, кийин маек курдук.

-Акжол мырза Токио олимпиадасына кандай даярдык менен баратасыз?

-Өзүмө өзүм чынчыл болуп, өзүмдү алдабай, бардык дараметим менен колумдан эмне келсе , алымдын жетишинче толук кандуу даярдык көрдүм. Олимпиаданын бир жылга жылып калышы, биздей жаш балбандар үчүн пайдалуу болуп, жолдомо утуп алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 2020-жыл өтсө, анда жаратым да калыбына келбей, жолдомо албай дагы калышым ыктымал эле. Аллахыма миң мертебе ыраазымын. Эми калганын Токиодогу олимпиадалык таймашуулар көрсөтөт.

-Грек-рим күрөшү менен машыгып, бул спортту тандап  алышыңызга ким себепкер болду эле?

– Мен анда балапандай жаш элем. Алты жаштагы жеткинчек кайсы спортту тандоону билбесе керек. Бул спортту атам тандап, келечегимди баамдап билип, көрөгөчтүк кылса керек. Атам “сен келечекте дүйнө, олимпиада чемпиону болосуң” деп айта берчү. Ошондон бери атамдын ишенимин, үмүтүн актоого аракет кылып келатам.  Анан дагы агам Бексултандын дагы таасири тийди го…Мен спорттогу ийгиликтерди жарата элек учурда эле, агам Бексултан  чоңдор арасында Кыргызстандын чемпиону аталып, Азия чемпионаттарында байгелүү орундарды ээлеп, спорт күйөрмандарына таанылып жүргөн. Мен үлгү,өрнөк болчу адамды алыстан издебей эле, агамды туу тутуп, өрнөк кылып келдим. Жашоомдогу өрнөгүм кыйынчылыктарды жеңген, кайратка, намыска бүлөгөн атам менен агаларым болду.

– Акжол мырза олимпиаданын алдында сизден интервью алсам деген журналисттер арбын болсо керек. Негедир журналисттерден оолак болуп, көп интервью бербей жүрөсүз. Эмне үчүн?

– Мага интервью берип, маектешкен анча жакпайт жана  айрым учурда көпчүлүк журналисттерден баш тартып келатам. Чынында интервью бергенге азырынча эрте деп ойлоп жүргөм. Дүйнөлүк деңгээлдеги ийгиликтерге жетип, олимпиадалык оюндарда байгелүү орундарды ээлегенден кийин гана интервью берсем болот го деп ойлойм.

– Дагы деле болсо, атактуулук боюнча Кыргызстандагы бир нече спортчулар сиз менен ат салыша алышпайт. Сиз буга сыймыктанасызбы?

– Атак-даңк оңой-олтоң келбейт. Ал үчүн тынбай мээнет кылып, талбай машыгып, дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды ээлешиңиз керек. Анан атактуулуктун дагы экинчи тарабы бар. Бул кошумча жоопкерчиликти жүктөйт. Килемге чыгып, сен эми өзүң жөнүндө эмес, өзүңдүн мекениң жөнүндө,  өлкөнүн ар-намыс тууралуу  ойлойсуң. Баардыгы сага ишеним артып турса күйөрмандардын  үмүтүн актай алсаң жакшы. Ал эми жеңилип калсаң кайгырып, капа болосуң. Каталыктарыңды талдоого алып, кайра жоопкерчилигиң эки эсе артат экен.

– Көпчүлүк спортчулар жеңишке жеткенден кийин жылдыз ооруусу менен ооруп, жер баспай калышат эмеспи. Сизде андай учурлар болгонбу?

– Чынын айтайын жаш кезимде кээде  бир аз болуп калган учурлар кездешкен. Бирок мындай болушуна мен жол бербөөгө, жөнөкөй эле болууга аракет кылам. Негизинен күрөш күйөрмандары менен сиз сыяктуу журналисттер эле жылдызга айландырып жиберишет экен.

– Кандай кесипке ээ болууну самаган элеңиз?

-2016-жылы  орто мектепти аяктаарым менен дароо Юридика академиясына  тапшырып, юрист кесибин тандагам. Ошол эле учурда Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында дагы окуп, машыгууларды уланткам. Келечекте спортчулардын укугун коргоп, алардын таламдарын талашкан адис болсом деген тилек бар.

– Үй-бүлөңөрдө дагы спорт менен таанылган агаларыңыз тууралуу айтсаңыз?

– Алгач атам Мухамед тууралуу айтайын. Атам дагы спорт ышкыбозу, жаш кезинде жеңил атлетика менен машыгып, 1992-жылкы Барселона олимпиадасына катышсам деп тилек кылган экен. Ошол тилегин уулдары ишке ашырууга аракет кылып жатабыз. Анан атам футболду жакшы ойногондуктан Араван райондук футбол командасында ойногон. Менин эки  агам Бексултан менен Сыймык  спорт  менен машыккан. Бирөөсү менден эки, экинчиси болсо төрт жаш улуу. Улуу агам Бексултан уландар жана жаштар арасында дүйнө жана Азия чемпионаттарында байгелүү орундарды камсыз кылган. Мен Сыймык агам менен эгиздей бирге жүрүп, күрөш менен Ошто машыга баштаганбыз.  Менин спорттогу алгачы устаттарымдын бири жаш балбан Айбек болуп саналат. Андан кийин Акбаралы агайдан таалим-тарбия алдым. Алтынчы класста Бишкек шаарына көчүп келип, Дене тарбия жана спорт комплексинде Жеңиш Сатыбалдиев агайда машыга баштадым.

Ал мага кантип күрөшүүнүн сырларын, ыкмаларын үйрөткөн. Мен аны биринчи машыктыруучуларымдын бири деп эсептейм. Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына сегизинчи классымда кабыл алынгам. Ошондон бери Кыргызстанга эмгек сиңирген устат, Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер, олимпиадалык даражадагы калыс  Мейрамбек Ахметовдон таалим-тарбия алып келем. Ал өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан атактуу балбандар Канатбек Бегалиев, Арсен Эралиев, Каныбек Жолчубеков жана башкалардын устаты болуп, кыргыз спортуна зор салым кошкон залкар инсан болуп саналат.

Өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы Кыргызстандын чемпионатында бир нече жолу “алтын” алып, чоң спортко тагдырымды арнадым. Дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарындагы жеңиштеринен тышкары, Индияда, Грузияда, Финляндияда, Казакстанда, Россияда, Түркияда жана башка чет өлкөлөрдө өткөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп, тажрыйба топтой баштагам. Мени бул күрөшкө шыктандырган Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев болуп саналат.

Үйдө менин  60тан ашуун медалым бар. Сыйлыктардын жарымын туугандарыма жана жакындарыма таратып бердим.

-Эсте калган алгачкы жеңишиңиз кайсы деп жүрөсүз?

– Чоң спорттогу алгачы жеңишим деп, 2015-жылы Индиянын борбору Нью-Дели шаарында өткөн уландар арасындагы Азия чемпионатында бардык атаандаштарымды утуп, алтын медаль тагынган учурду эстейм. Ал учурда мен 12 килограмм салмак түшүрсөм дагы баш байгенин ээси болгом. Мында өзүмө болгон ишеним жаралган. Кийинки жылы да уландар арасында Азия чемпиону аталып, Грузияда өткөн уландар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону болгон элем. Себеби эгемендүүлүк алганы 10 жылдан бери Уран Калилов уландар арасында дүйнө чемпиону болгондон бери кыргыз жигиттери мындай ийгилик жарата элек болчу. Ошол дүйнө чемпионатында, анан Бишкекте өткөн Азия чемпионатында күйөрмандардын купулуна толгондой, жакшы эмоция, сезим тартуулаган күрөш көрсөтө алдым деп ойлойм.

– Эң оор беттешиңиз эсиңиздеби?

– 2017-жылдагы Финляндиядагы  дүйнө Чемпионаттын финалында ирандык балбан менен күч сынашып, аягына чейин 20 секунд калганда утулуп калдым. Ал мени килемдин үстүнөн түртүп жеңишти сууруп кетти. Себеби мен жарым финалда кабыргам сынып, өзүмдү жаман сезип тургам. Намыс үчүн финалга чыгып, кабыргамдын ооруганына карабай теңата күрөшүп, күмүш байгелүү болгом. Финалда кабыргамдын ооруганы да тоскоолдук кылды көрүнөт. Бирок кийин кабыргам катуу ооруп, эки-үч күн жакшы терең дем албай кыйналып  жүрдүм.

– Чоңдор арасында  сиздин салмакта Азияда  атаандаштык күчтүүбү?

– Азия чемпионатына караганда атаандаштарым абдан күчтүү. Ал эми дүйнө чемпионаттарын, олимпиада оюндарын сөз кылбай эле койсок болот. Мындай атаандаштыкты мен эч жерде көрө элекмин!Атаандаштык күчтүү болсо чеберчилик жогорулап, өсүш болот.

– Килемге чыгаардын алдында апкарууну сезесизби?

– Мен олуттуу мелдешке бир ай калганда кабатыр боло баштайм. Мен кээде  көп ойлойм, уктай албай калган учурлар болот. Бирок мелдеш жакындаган сайын, мен тынчып, сабырдуу болгонго аракет кылам. Менде килемге чыкканда эч кандай коркуу, апкаруу сезими болбойт. Атаандашым канчалык атактуу, даңктуу болсо дагы сүрдөбөйм.

– Кандай даярданасыз?

– Атаандашыма жараша дардык көрүп, талдоого алам. Айрымдарын беттеш башталышына чейин тааный билем. Мисалы, балбан ыргытууну жакшы билсе, аны кармоого, андай ыкма жасоого жол бербөөгө аракет кылам.

– Спорттук карьераңыз аяктаган соң эмне менен алектенгиңиз келет?

– Жеке ишкер болуп, жаш спортчуларды моралдык жана материалдык жактан колдосом деп тилек кылып жүрөм. Тажрыйбамды жаштар менен бөлүшкүм, аларга күрөш сырларын үйрөткүм келет.

– Сизди колдогон, демөөрчү болгон адамдар барбы?

– Жергиликтүү спорттук шаймандарды сатуучу компаниялардын бири  керектүү нерселердин бардыгын берип, демөөрчү болуп жүрөт. “Дордой” спорт клубунун жетекчиси Шаршен Касенов, жеке ишкер Дастан Муктаровго өзгөчө рахмат айткым келет. Бутумдан жаракат алып, Германияда операция жасатууга ошол учурдагы Дене тарбия, спорт агентигинин директору Канат Аманкулов агай дагы жардам бергенин унутпайм.

– Күрөштөн башка дагы эмнеге кызыгасыз?

– Жумасына эки-үч жолу бильярд жана теннис ойнойм.Шахматка дагы кызыгып, окуучу кезимде мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлегем. Футболду дагы жакшы ойнойм. Искусствого, адабиятка, поэзияга жана эстарадага да  кайдыгер эмесмин.

– Жергиликтүү балбандардын арасында досторуңуз барбы?

– Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан балбандар Атабек Азизбеков жана Каныбек Жолчубеков менен жакшы  достук мамиледемин. Токио олимпиадасына жолдомо алып, бирге барган Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков менен дагы достук маанайда жүрөм. Достуктун жүгү оор болот.

– Ал эми чет өлкөлүк балбандардан сизге ким жагат?

– Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын беш жолку чемпиону, Рио-де-Жанейро олимпиадасынын коло байге ээси, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло медалдарын уткан өзбекстандык, жердиги казак балбаны Эльмурат Тасмурадовдун курчтугу, күрөшкөнү жагат. Анын оттон, суудан кайра тартпаган мүнөзү бар. Бир заматта  жанар тоодой жарылып, жанын аябай аягына чейин күрөшөт.

– Сиз дүйнөнүн жарымында болуп көрсөңүз керек? Сизге кайсы өлкө жагат?

– Мен отуздан ашуун өлкөдө болгом. Баарынан мага Казакстан жагат. Ал жактын калкы, үрп-адаты жана тамак-ашы биздикине окшош, ошондой эле адамдары менен да оңой тил табышып кетесиң. Нур-Султан жана Алматы шаарларынын архитектурасы да кызыктуу. Жапониянын Токио шаарынын тазалыгы,заманбап имараттары, элинин эмгекчилдиги, ковид пандемия илдеттеринен коркпой олимпиадалык оюндарды каармандык менен өткөргөнү абдан таасирлентти.

– Сизди башка мамлекеттин өкүлү катары күрөшүүгө чакырышкан  учурлар болду беле?

– Ооба, ошол эле Казакстанга чакырышкан. Алматыдан үч бөлмөлүү батир, айына  3 миң АКШ долларын стипендия кылып, бардык шарт түзүп беребиз дешкен. Андан кийин Түркияга да чакыруу болуп, алар ортомчулар аркылуу 200 миң АКШ долларын сунуштаган. Бул 2017-18-жылдар аралыгында болгон окуялар. Мен мекенимди сүйөм! Мага кандай гана акча сунушташпасын эч жакка барбайм! Мен Кыргызстандын кулунумун, кыргызстандык бойдон гана калам.Өзүмдүн мекенимди дүйнөгө таанытуу үчүн күрөшөм. Азыркы башкы максатым – Токио Олимпиада оюндарына алтын байге жеңип алуу болчу. Алтынга бир кадам жетпей калдым. Эми 2024-жылы Париж шаарында өтүүчү олимпиадада күйөрмандардын үмүтүн актоого аракет кылам.

– Көпчүлүк спорт адистери сиздин мүмкүнчүлүгүңүз жогору деп ойлошкон. Токио олимпиадасынан кийин кандай сезимде болдуңуз?

– Бул Токио олимпиадасындагы таймашуулар оңой болгон жок. Олимпиадага дүйнөнүн ар тарабынан тандалган эң мыкты спортчулар катышты. Ар бир балбан олимпиаданы уткусу келди.  Жеңишке жетүү үчүн колдон келгендин бардыгын жасадым. Ал алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда утуп алдым. Чейрек финалда дүйнө чемпионатынын күмүш, Дүйнө кубогунун алтын, күмүш, коло байге ээси, Европанын эки жолку чемпиону, 33 жаштагы азербайжандык тажрыйбалуу балбан Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңип алууга жетиштим.

Жарым финалдык беттешүү абдан курч мүнөздө, атаандаштык менен өттү.  Биринчи бөлүгүндө алгач бир упайды Европа чемпионаттарынын коло байге ээси, Европа оюндарынын жеңүүчүсү армян балбаны Карапет Чальян алганга үлгүрүп, андан соң мен катары менен упайларды алып, эсепти 6:1ге жеткирдим. Мелдештин экинчи бөлүгүндө армениялык балбан бир упай алганга үлгүрүп, мен дагы артыкчылыкты бекемдеп, андан ары атаандашыма ыкма жасоого мүмкүнчүлүк бербей утуп алдым. Финалда Лондон Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, дүйнө чемпиону жана Европа чемпионатынын беш жолку чемпиону, венгриялык Тамаш Лоринс менен күч сынашып, 2:1 эсебинде бир упай айырма менен атаандашыма алтынды алдырып коюп, Токио Олимпиадасынын күмүш медалын тагындым. Алтын алууну максат кылып, көп мээнет кылып, машыккан элем. Аллахка чексиз мактоолор, ыраазычылык болсун. Буйрук экен, эң өкүнүчтүүсү кыргыз элиме финалда жакшы эмоция, күчтүү сезим тартуулай албай, алардын үмүтүн актай алганым жок. Элибиз Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Ош шаарында, үйлөрүндө теледен мага күйөрман болушуп, сүрөөнгө алып турушкан экен. Бардык күйөрмандарым ыраазычылык билдирем. Бул күмүш байге жеке менин ийгилигим эмес. Бул жалпы элибиздин, устаттарымдын, ата-энемдин ийгилиги, жеңиши. Айрыкча жеке устатым Мейрамбек Ахметовдун салымы тоодой.  Эмне демекчимин, алдыда далай ашуулар, далай таймаштар, сыноолор турат.

2016-жылдын 14-сентябры эсимде. Мен анда 17 жашта элем, уландар арасындагы дүйнө чемпиону болсом деген кыялдарым  ошол күнү орундалган. Жеңиштин бийик сересинде туруп, биздин өлкөнүн Гимн жаңырып, Кыргыз туусу обого көтөрүлгөндө укмуштуудай айтып бүткүс сезимдерди башымдан өткөрдүм эле. Эгерде кудай буйруп, кийинки Париж шаарнында олимпиада чемпиону болгон күндө дагы, мен ал күндү эч качан унутпайм.

-Жакшы маегиңиз үчүн рахмат! Өзүңүз айткандай эми Париж олимпиадасында спорт күйөрмандардын үмүтүн актап, алтын медаль тагынууңузга тилектешпиз!

Кабыл Макешов, Токио олимпиадалык делегациянын пресс-атташеси, спорттук баяндамачы

 Атайын “Кыргыз тудей” сайтынын окурмандары үчүн

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: