Menu

Мээрим Жуманазарова

Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазарованы президент куттуктады

Президент Садыр Жапаров Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш жана коло медал алган кыргыз спортчулары Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазарованы куттуктады.

“Мындай жетишкендик улуттук спорттун тарыхында көп деле болгон эмес, ошондуктан бул ийгилик жалпы кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү жана өтө баалуу”, – деди Махмудовго жолдогон куттуктоосунда.

Ал эми Жуманазарованы куттуктаганда таланттуу спортчу кыздар улуттук спорттун тарыхында жаңы барак ачып, өлкөнү дүйнөлүк деңгээлде даңазалаганын белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жапониядагы Жайкы Олимпиадада 3-август күнү грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге алып, өлкөнүн рейтинги жогорулады. 4-августта Айсулуу Тыныбекова алтын үчүн күрөшөт.

Жапониянын борборунда 23-июлда расмий ачылган Олимп оюндарында 200дөн ашуун мамлекеттен 12 миңге жакын спортчу барды. Анда спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат.

Эл аралык мелдешке Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. Алардын тогузу байге ала алган жок. Мамлекет алтын медал тагынгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

Олимпиада 8-августта жыйынтыкталат.

Токио 2020 олимпиадасынын күндөлүгү : Акжол Махмудов күмүш жана Мээрим Жуманазарованын коло медалы

3-августта Азия чемпиону Акжол Махмудов Жапониянын борбору Токио шаарында өтүп жаткан  32-жайкы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта күмүш, айымдар эркин күрөшү боюнча 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова коло медаль утуп, кыргызстандык спорт күйөрмандарын кубанычка бөлөдү.  Бул күндүн жыйынтыктары тууралуу  Токиодон спорттук баяндамачы, Кыргызстандын олимпиадалык делегациясынын басма сөз катчысы Кабыл Макешов маалымдайт.

 Акжолдун алтынга тете күмүш байгеси

Кыргызстандын дүйнөгө тааныткан атактуу балбан Акжол Махмудов 3-августта грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта финалда  Лондон Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, дүйнө  чемпиону жана Европа чемпионатынын беш жолку чемпиону, венгриялык Тамаш Лоринс менен күч сынашып, 2:1 эсебинде бир упай айырма менен атаандашына алтынды алдырып коюп, Токио олимпиадасынын күмүш медалын тагынды. Акжол Махмудов Токио  Олимпиадасында төрт беттеш өткөрдү.  Ал алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда уткан. Чейрек финалда дүйнө чемпионатынын күмүш, Дүйнө кубогунун алтын, күмүш, коло байге ээси, Европанын эки жолку чемпиону, 33 жаштагы азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңген.

Жарым финалдык Акжолдун беттешүүсүнүн биринчи бөлүгүндө алгач бир упайды Европа чемпионаттарынын коло байге ээси, Европа оюндарынын жеңүүчүсү армян балбаны Карапет Чальян алганга үлгүрүп, андан соң  Акжол Махмудов катары менен упайларды алып, эсепти 6:1ге жеткирип, өзүнүн чеберчилигин, шамдагайлыгын көрсөткөн эле. Мелдештин экинчи бөлүгүндө армениялык балбан бир упай алганга үлгүрүп, Акжол Махмудов артыкчылыгын бекемдеп, андан ары атаандашына ыкма жасоого мүмкүнчүлүк бербей артыкчылыгын сактап калган болчу.

Токио олимпидасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов 22 жашка чыгып, баралына жетип, табына келип турган учуру. Ал уландар  арасында Азиянын эки жолку,жаштар арасында дүйнөнүн бир жолку чемпиону аталган. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин  утуп алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынган. Ушул эле жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло байге утуп келген.

2019-жылы январь айында чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионатын жеңип, бир айдан кийин сол тизесинен жаракат алып көп мелдештерге катыша албай Германиядан операция жасатып келген. Жаракатына байланыштуу 2020-жылдагы Кыргызстандын чемпионатына катышкан эмес.

2021-жылы Кыргызстандын чемпионатын жеңип, быйыл март айында Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык квалификациялык олимпиадага жолдомо ойнотулган мелдеште алтын байге утуп, Токио олимпиада оюндарына жолу ачылган.

-Акжол кыргыз тарыхында грек-рим күрөшү боюнча олимпиада оюндарында күмүш байге уткан  эң жаш балбан болуп саналат. Буга чейин кыргыз спортчуларынан грек-рим күрөшү боюнча 2008-жылы Бээжин олимпиадасында финалга Канат Бегалиев гана чыгып, ал дагы күмүш байгелүү болгон,-дейт Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Канат Аманкулов.

Мелдештен кийин Акжол Махмудовго жолукканымда ал бул жеңишин, күмүш байгесин кыргыз элине, ата-энесине, досторуна арнаганын, президентибиз Садыр Жапаров өзү телефон чалып куттуктаганын айтып, жалпы күйөрмандарга терең ыраазычылыгын билдирип, 4-августта финалда алтын медаль үчүн күрөшө турган Айсулуу Тыныбековага, коло байгеге талапкер Атабек Азисбековго ийгилик, жеңиш каалады.

Мээнеткеч Мээрим Жуманазарованын коло медалы

3-августта Азия чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси Мээрим Жуманазарова Токио Олимпиада оюндарында  айымдар эркин күрөшү боюнча 68 кг салмакка чейинки категорияда коло байге утуп, Кыргызстандын  калкын сүйүнтү.

Кечээ 2-августта  Мээрим Жуманазарова алгачкы беттешүүдө Европа чемпиону, Европа оюндарынын күмүш байге ээси, болгариялык Мими Николова Христованы 7:5 эсебинде  артыкчылык менен жеңип алган. Чейрек финалда Африканын 10 жолку чемпиону, Ислам тилектештик оюндарынын чемпиону, 33 жаштагы нигериялык Блессин Оборудудуга 2:3 эсеби менен бир упайга утулуп калган. Кечинде оңдой берди болуп нигериялык спортчу финалга чыгып,  Мээримге коло байгеге талапкерлердин беттешүүсүнө чыгууга мүмкүнчүлүк ачылган эле. Ал дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Европа чемпиону 24 жаштагы  азербайжандык Элис Манолова менен күч сынашып, аны утуп, коло байге үчүн күрөшкө жолун ачыкан.  Андан соң Лондон Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси, дүйнөнүн эки жолку  чемпиону жана Азия чемпиону, 30 жаштагы монголиялык Баттсетсег Соронзонболд менен Токио Олимипиадасынын коло байгеси үчүн күч сынашып, 10:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

-Мээрим Жуманазарова 2020-жылы дүйнө кубогунун  жеңүүчүсү болгон, ал эми ага чейин Азиянын коло жана алтын байгелерин утуп, жаштар арасында дүйнө чемпонаттарынын жеңүүчүсү аталган. Азия чемпиону болуп саналат. Ага алгач күрөш сырларын үйрөткөн атасы, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Дүйшөн Жуманазаров агайыбыз. Спорттук бийиктиктерге, жеңиштерге жеткирген устаты өлкөбүздүн дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабековдун мээнети тоодой. Мээрим устатынын акыл-насааттарын угуп, кеп-кеңешин туура аткарып, ийгиликке жетти , -дейт Жогорку Кеңештин депутаты, КР айымдар күрөш федерациясынын вице-президенти, улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев.

Токио олимпиадасынын коло байгесин уткан Мээрим Жуманазарова менен жолукканымда ал алтын медаль утууну максат кылып келгенин, бир аз каталык кетип, ал мүдөөсүнө жетпей калганын, куру кетпей коло байге менен мекенине баратканын, бул ийгилик жети-сегиз жылдык мээнеттин үзүрү экенин, алдыда Азия оюндары, Париж олимпиадасынын таймашуулары турганын, жеңишин кыргыз элине, ата-энесине арнаганын айтып,  алыста болсо дагы сүрөөнгө алып турган жалпы күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирди.

Айсулуу Тыныбекова алтын медаль үчүн күрөшөт  

Кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын финалына жолдомо алып, 4-августта 62 килограмм салмакта Токио олимпиадасынын алтын медалы үчүн  күч сынашат.

Айсулуу  жарым финалда дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, Европа чемпиону, украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңип алган.  Ал эми чейрек финалда румыниялык спортчу Кристина Тунде менен беттешип, 6:2 эсебинде далысын килемге таза тийгизип уткан. Ага чейин биринчи атаандашы 31 жаштагы Европа чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү жана дүйнө чемпионатынын байге ээси, латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңип алган.

-Атактуу балбан Айсулуу Тыныбекова кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат. Ал кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнөнүн чемпиону (2019) жана дүйнө биринчилигинде коло байгенин ээси (2017), Азиянын 3 жолку чемпиону (2016, 2017, 2019), Азия Оюндарынын чемпиону (2018) жана коло байгесинин ээси (2014), Дүйнө биринчилигинин Кубогунун чемпиону (2020), эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү болуп саналат. Айсулууну дене тарбияга жана спортко эмгек сиңирген ишмер жана эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабеков машыктырып, ушундай даражага жеткирип келеатат. Кыргыз спортчуларын колдоп, бүгүн борбор калаабыздагы аянтка жүздөгөн эл чогулганын Токиодон угуп, биз дагы кубанып турабыз. Эми финалдык беттеште дагы Айсулуунун атын атап, дем-күч берип, сүрөп, колдоп туралы,-дейт Дүйнөлүк күрөш биримдигинин Азия континенти боюнча вице-президенти, Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын президенти, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, генерал Мелис Турганбаев.

Атабек Азисбеков коло байге үчүн талапкер

Олимпиадага грек-рим күрөшү боюнча 97 кг салмак боюнча катышып жаткан Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков чейрек финалда мурдагы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, армениялык Артур Алексанян менен күрөшкөн. Армениялык спортчу кыргыз балбанын 4:1 эсебинде жеңип алган. Ал Үзүр Жусупбековдон кийин дагы 2 атаандашын утуп, финалга чейин жеткендигине байланыштуу Үзүр Жузупбеков коло байгеге талапкерлердин беттешине чыгууга укук алган.

Жусупбеков коло медаль үчүн беттешке чейин Финляндиянын  тажрыйбалуу балбаны Арви Мартин Саволайненди жеңсе, анда коло байге үчүн иран спортчусу Мухамедхажы Сарави менен күрөшмөк. Тилекке каршы, спортчу 1:4 эсебинде финляндиялык балбанга алдырып коюп, байгелүү орунга илинбей калды.

-Кыргызстандын олимпиадалык командасынын капитаны Атабек Азисбеков грек-рим күрөшү боюнча 1/8 финалда дүйнө жана Европа чемпионаттарынын жеңүүчүсү, венгриялык Виктор Лоринцке 1:6 эсебинде утулуп калды. Оңдой берди болуп Виктор Лоринц финалга чейин жете турган болсо, Атабектин коло үчүн таймашууга мүмкүнчүлүгү пайда болду. 4-августта Атабек Азисбеков коло байгеге талапкерлердин таймашында Рио-де-Жанейро олимпиадасынын коло байге ээси, дүйнө чемпонаттарында күмүш жана коло медаль уткан, Европа чемпионаттарынын жеңүүчүсү, германиялык Денис Максимилиан Кудла менен күч сынашат. Аны утса коло медаль үчүн күрөшүүгө жолу ачылат.-дейт Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, олимпиадалык команданын жетекчилеринин бири Саламат Эргешов.

Беттешүүлөр Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталат.

3-августта Токио олимпиадасынын жеңил атлетика боюнча мелдштерине кыргызстандык эл аралык спорт чебери Нурсултан Кеңешбеков да катышты. Ал 5000 метр аралыктагы жарыштарда мөрөй талашып, финалдык топко кошулбай калды.

Кыргызстандан жалпы 16 спортчу спорттун 7 түрү боюнча Олимпиадага жолдомо алган. Мамлекет алтын медаль алгандарга 10 миллион сом, күмүш байгеге жети миллион сом, коло медаль үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

23-июлда башталган Токио-2020 Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат.

Токио олимпиадасынан пресс-атташе Кабыл Макешов

Токио олимпиадасынын күндөлүгү: Акжол Махмудов финалга чыкты, Мээрим Жуманазарова менен Үзүр Жусупбеков коло байге үчүн күрөшөт

Бүгүн, 2-августта Азия чемпиону Акжол Махмудов Жапониянын борбору Токио шаарында өтүп жаткан  32-жайкы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта Азия чемпиону, кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалдык таймашууда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолун ачып, баш байгеге талапкер болду. Бул күндүн жыйынтыктары тууралуу  Токиодон спорттук баяндамачы, Кыргызстандын олимпиадалык делегациясынын пресс атташеси Кабыл Макешов билдирет.

Жарым финалдык Акжолдун беттешүүсүнүн биринчи бөлүгүндө алгач бир упайды Европа чемпионаттарынын коло байге ээси, Европа оюндарынын жеңүүчүсү армян балбаны Карапет Чальян алганга үлгүрдү. Андан соң  Акжол Махмудов катары менен упайларды алып, эсепти 6:1ге жеткирип, өзүнүн чеберчилигин, шамдагайлыгын көрсөттү. Мелдештин экинчи бөлүгүндө армениялык балбан бир упай алганга үлгүрүп, Акжол Махмудов артыкчылыгын бекемдеп, андан ары атаандашына ыкма жасоого мүмкүнчүлүк бербей артыкчылыгын сактап калды.

Эртең менен Акжол Махмудов буга чейин үч беттеш өткөргөн. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда уткан. Чейрек финалда дүйнө чемпионатынын күмүш, Дүйнө кубогунун алтын, күмүш, коло байге ээси, Европанын эки жолку чемпиону, 33 жаштагы азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңген.

Алдыда алтын байге үчүн Лондон олимпиадасынын күмүш байге ээси, дүйнө чемпиону, Европанын беш жолку чемпиону, венгриялык Таман Леринц менен күрөшөт. Финалдык таймаш 3-августта Бишкек убактысы боюнча саат 15:15тен өткөндө башталат.

Финалга чыккан  Акжол Махмудов 22 жашка чыгып, баралына жетип, табына келип турган учуру. Ал уландар  арасында Азиянын эки жолку,жаштар арасында дүйнөнүн бир жолку чемпиону аталган.

2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынды. Ушул эле жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло байге утуп алган.

2019-жылы январь айында чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионатын жеңип, бир айдан кийин сол тизесинен жаракат алып көп мелдештерге катыша албай Германиядан операция жасатып келген. Жаракатына байланыштуу 2020-жылдагы Кыргызстандын чемпионатына катышкан эмес.

2021-жылы Кыргызстандын чемпионатын жеңип, быйыл март айында Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык квалификациялык олимпиадага жолдомо ойнотулган мелдеште алтын байге утуп, Токио олимпиада оюндарына жолу ачылган.

Ушул  2-август күнү күрөштүн ушул грек-рим түрүнөн 97 килограмм салмактагы Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков армениялык, учурдагы олимпиада чемпиону Артур Алексанянга утулуп калды. Бирок армениялык балбан финалга чыккандыктан Үзүр Жусупбеков коло байгеге талапкерлер менен 3-августта эртең менен күрөшкө чыгат.

2-августта кыз-келиндер эркин күрөшүнөн 68 килограмм салмакта Токио олимпиадасына катышып жаткан Мээрим Жуманазарова чейрек финалда Африканын 10 жолку чемпиону, Ислам тилектештик оюндрынын чемпиону, 33 жаштагы нигериялык Блессин Оборудудуга 2:3 эсеби менен утулуп калды. Азия чемпиону, дүйнө кубогунун жеңүүчүсү  Мээрим Жуманазарова алгачкы беттешүүдө Европа чемпиону, Европа оюндарынын күмүш байге ээси, болгариялык Мими Николова Христованы 7:5 эсебинде жеңип алган. Кечинде оңдой берди болуп нигериялык спортчу финалга чыгып,  Мээримге коло байгеге талапкерлердин беттешүүсүнө чыгууга мүмкүнчүлүк ачылды. Ал дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Европа чемпиону 24 жаштагы  азербайжандык Элис Манолова менен күч сынашат. Аны утса коло байге үчүн күрөшкө жолу ачылат.

2-августта Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада кыз-келиндер эркин күрөшүнөн 76 килограмм салмакта килемге чыкккан жаштар арасындагы дүйнө чемпиону, Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөштө дүйнө чемпиону, Европанын 4 жолку чемпиону, 29 жаштагы түркиялык Ясемин Адарга жеңилип, 5-орунду ээледи.

Айпери Медет кызы таймаштарын 1-августта баштап, алгач Рио-де-Жанейро олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону, 29 жаштагы  казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1 утуп алган. Ал эми чейрек финалда Лондон олимпиадасынын чемпиону, Рио-де-Жанейро олимпиадасынын күмүш байге ээси, Европанын үч жолку чемпиону,30 жаштагы орусиялык Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алган. Жарым финалда дүйнөнүн беш жолку чемпиону, америкалык Аделин Мариа Грейге 2:3 эсеби бир упай айырма менен жеңилген.

Бүгүн, 2-августта эртеңки 3-августтагы таймаштардын чучукулагы тартылып, 62 кг салмакта  дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешүүдө латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшөрү анык болду.Спортчулар 1/8 финалдан баштайт.  31 жаштагы Анастасия Григорьева Европа чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү жана дүйнө чемпионатынын байге ээси болуп саналат.

Ошондой эле  3-августта күрөшө турган грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбековдун да биринчи атаандашы аныкталып,  ал венгриялык Виктор Лёринц менен күч сынашат. Алар дагы  87 килограмм салмактагы күрөшүн 1/8 финалдан баштайт.

Беттешүүлөр Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталат.

3-августта Токио олимпиадасынын жеңил атлетика боюнча мелдештерине кыргызстандык эл аралык спорт чебери Нурсултан Кеңешбеков да катышат. Ал 5000 метр аралыктагы жарыштарда мөрөй талашат.

 

Токио олимпиадасынан пресс-атташе Кабыл Макешов

Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков жана Мээрим Жуманазарованын атаандаштары аныкталды

Бүгүн, 1-августта Токио шаарындагы Макухари Мессе Борборунда олимпиада оюндарында күрөш боюнча эртең, 2-августта килемге чыга турган кыргыз балбандар Мээрим Жуманазарованын, Акжол Махмудовдун жана Үзүр Жусупбековдун алгачкы атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Токио шаарынан Кыргызстандын олимпиадалык командасынын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов  билдирди.

Эртең күрөш өтө турган бул жерде  балбандар чучукулак кармалды. Алар эртең, 2-августта,бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө килемге чыгып, алгачкы  атаандаштары менен күч сынашат.

77 кг салмакта Акжол Махмудов 1/8 финалда Тунис өлкөсүнүн өкүлү менен күч сынашат.

Азиянын эки жолку  чемпиону, эл аралык спорт чебери Акжол Махмудов 1999-жылы  15-апрелде Ош облусунун Араван районунда төрөлгөн. 2015-2016-жылдары өспүрүмдөр  арасында Азиянын эки жолку чемпиону  жана 2016-жылы өспүрүмдөр  арасында Дүйнө чемпиону аталган. 2017-жылы Азия чемпиону болуп, ошол 2017-жылы  жаштар арасында Дүйнө биринчилигинин күмүш байге ээси болгон. Азия чемпиону, Азия оюндарынын байге ээси, Кыргызстандын көп жолку чемпиону. Кыргызстандын эл аралык спорт чебери. 2018-жылы Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси болгон.

Ал эми 97 кг салмакта  Азия чемпиону Үзүр Жузупбеков 1/8 финалда армениялык, олимпиада чемпиону Артур Алексанян менен алгачкы беттешүүгө чыгат.

Азия чемпиону,  Азия оюндарынын жеңүүчүсү, эл аралык  спорт чебери Үзүр Жузупбеков 1996-жылы 12-апрелде Талас облусунун Талас районунун,  Жон-Арык айылында төрөлгөн.

2-августта  68 кг салмакта Азия чемпиону Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда болгариялык Мими Христова менен күрөшөт.

Азия чемпиону, дүйнө кубогунун ээси  Жуманазарова Мээрим Рахмадиловна 1999-жылы 9- ноябрда Талас облусунда туулган.  Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык деңгээлде спорт чебери  болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер улуттук курама командасынын мүчөсү  катары  жыйынтыктарды көрсөттү:

2014-жылы өспүрүм кыздар арасында Азия Чемпионатында 3-орунду ээлеген (Таиланд);

– 2015-жылы Өспүрүм кыздар арасында Азия Чемпионатында коло байге уткан (Индия);

– 2016 – жылы Өспүрүм кыздар арасында Дүйнө Чемпионатында 3-орунду камсыз кылган (Тайпэй);

– 2017 –жылы кыздар арасында Дүйнө Чемпионатында 1-орун жеңип алган (Тайпэй);

– 2017-жылы кыздар арасында Дүйнө Чемпионатында 3-орунга жеткен (Финляндия);

– 2018 – жылы Азия Чемпионатында 3-орунду ээлеген (Кыргызстан)

– 2018 – жылы Азия  оюндарында  коло медаль тагынган (Индонезия);

– 2019 – жылы “Henri Deglane Challenge” эл аралык мелдешинде 1-орун (Франция);

– 2019-жылдын Азия Чемпионатында 3- орунду ээлеген (Кытай);

– 2019-жылдын кыздар арасында Азия Чемпионатында 1-орун утуп алган (Таиланд);

– 2019 – жылы Кыздар арасында Дүйнө Чемпионаты 2-орунга жеткен (Эстония);

– 2020-жылы “Poland Open”  эл аралык мелдешинде баш байге уткан (Польша);

– 2020-жылы Дүйнө  Кубогунда 1-орунду жеңип, алтын медаль тагынган (Сербия);

– 2021-жылдын Азия Чемпионатында 1-орунду жеңип алган. (Казахстан)

– 2021-жылы Алматында өткөн Азия лицензиялык мелдешинде 2-орун ээлеп, Токио Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Аны олимпиадалык оюндарга даярдаган устаттары, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучулар Дүйшөн Жуманазаров менен  Нурбек Изабековдун мээнети тоодой..

Токио олимпиадасынан пресс-атташе Кабыл Макешов

Меню