Menu

Улукбек Марипов

Улукбек Марипов: Биздин Олимпиадачылар, биз сиздер менен сыймыктанабыз!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Токио (Япония) шаарындагы XXXII жайкы Олимпиадалык оюндарга катышып жаткан Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрүнө кайрылды.

«Кымбаттуу спортчулар,

Бүтүндөй өлкө Олимпиада оюндарындагы сиздердин катышууңуздардагы оюндарды толкундануу менен кунт коюп көрүүдө. Олимпиадалык оюндарга катышуу – бул ар бир спортчу үчүн чоң намыс, ошол эле учурда анын кесипкөйлүгүн жана сиңирген эмгегинин таанылышы.

Биздин Олимпиадалык курама командабыз машыктыруучу курам менен биргеликте сыймактынууга татыктуу. Сиздер өлкөбүздүн намысын мыкты деңгээлде коргоп жатасыздар. Сиздер өжөрлүгүңүздөргө, эмгекчилдигиңиздерге жана тайманбас духуңарга жараша олимпиадалык деңгээлге татыктуу экендигиңиздерди далилдей алдыңыздар.

Сиздердин ар бириңиздер – күжүрмөн жоокерсиздер, биз сиздерге ишенип, ар бир жыйынтыкка кубанып турабыз. Сиздер биз үчүн жеңүүчү жана баатырсыздар! Биз сиздердин жеңишке ишенебиз жана бул таймаштарда Кыргыз Республикасынын желеги дагы да желбирейт деп үмүттөнөбүз!», – деди Улукбек Марипов».

Министрлер Кабинетинин башчысы «Чынгыз-Ордо» комплексинин курулушу менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Шекер айылындагы «Чынгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексинин курулушу менен таанышты. Бул тууралу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Улукбек Марипов аталган долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин бекитилген долбоорго ылайык жүргүзүүнү тапшырды.

Бүгүнкү күндө арка жана тышкы жарыктандыруу устундары орнотулуп, унаа токтотуучу жайдын жана стелланын курулушу жүрүүдө, Жер-Эне объектисинде бетондоо иштери, граниттик плиталар менен жылмалоо иштери жыйынтыкталган.

Улукбек Марипов белгилегендей, Министрлер Кабинети келерки жылы курулушту улантуу үчүн калган сумманы бөлүү маселесин карамакчы.

Баткенде кыргыз-тажик чек ара жаңжалында өрттөлгөн мектептин ордуна жаңы мектеп курулуп бүттү, бала бакча жана үйлөр 70%га бүткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына барып, Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялардын натыйжасында жабыркаган турак-жайларды жана социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

«Финансылык маселелер чечилген. Каражат бөлүнгөн. Объектилердин курулушун гана жыйынтыктабастан, инфраструктураны, анын ичинде негизги көчөлөрдү асфальтташтыруу жана жарыктандыруу маселесин чечүү зарыл. Тургундар ыңгайлуу жашоо үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыздалышы тийиш», – деди Улукбек Марипов.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө жабыркаган Лейлек районунун Максат айылындагы чек ара постуна барды.

Учурда аскер объектисин калыбына келтирүү боюнча активдүү иш жүрүүдө.

Ошондой эле Улукбек Марипов кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө талкаланган Максат айылындагы орто мектепке барды.

«Мектептин калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөрүлгөн. Мектеп 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр», – деп белгиледи Улукбек Марипов.

Баткен облусуна сапарынын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Лейлек районунун Кулунду жана Сада айылынын тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү маселелерин укту.

Белгилей кетсек, Максат айылында фельдшердик-акушердик пункттун курулушу жыйынтыкталуу алдында турат, милициянын аймактык бөлүмүнүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлдү, Максат айылындагы мектеп толугу менен калыбына келтирилген, ал эми 100 орунга эсептелген «Сейтек» балдар бакчасынын курулушу 70%га жыйынтыкталган.

Мындан тышкары, 10 турак жайдын курулушу жыйынтыкталып, 40 турак жайдын курулушу 70%га бүткөрүлгөн. Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында жалпысынан 83 турак-жай объекти курулмакчы.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапар менен барды

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапар менен барды.

Эки күндүк сапар алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле Жалал-Абад облусуна барат.

Сапардын жүрүшүндө Улукбек Марипов селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштердин жүрүшү жана бир катар инфраструктура объектилеринин абалы менен таанышып, табийгат кырсыгынан жабыркаган райондордун тургундары менен жолугушат.

Буга чейин тийиштүү мамлекеттик органдарга тийиштүү авариялык-калыбына келтирүү иштерин кыска мөөнөттө жана толук көлөмдө жүргүзүүсү тапшырылган.

Мындан тышкары, сел кырсыгынын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык көмөк көрсөтүлмөкчү.

Улукбек Марипов айыл чарба кредиттерин берүү механизмин кайрадан карап чыгууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов «Айыл банк» ачык вкционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Улан Букабаевди кабыл алды.

Пикир алышууда банк секторундагы абал, айыл чарба кредиттерин берүүнү өнүктүрүү жана 2022-2023-жылга карай банктын артыкчылыктуу пландары талкууланды.

Министрлер Кабинетинин башчысы чакан жана орто бизнес компанияларын, анын ичинде тамчылатып сугаруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча долбоорлорду колдоого алуу, колл-борборлордун ишин күчөтүү жана интернет-банкингди өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

«Банктын толук санариптик трансформациясы керек, бул кардарларды сактап калууга гана эмес, ошондой эле кардарлар менен тыгыз кызматташууга жана алардын пикирин так түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берген заманбап каналдарды пайдалануу менен банк ишин кеңейтүүгө жардам берет», – деди ал.

Улукбек Марипов белгилегендей, жыл сайын мамлекет тараптан «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорун колдоо үчүн республикалык бюджеттен каржы булактары каралат, ал эми аталган кредиттик каражаттар ар дайым эле максаттуу жумшала бербейт.

«Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 9 жылдан бери насыялар берилип келет, бирок агрардык сектордун өнүгүү динамикасы төмөнкү деңгээлде калууда. Кредиттерди берүү механизмдерин кайрадан карап чыгуу зарыл», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин Төрагасы ар кандай өндүрүүчүлөр тарабынан чыгарылган, заманбап мүнөзгө ээ болгон айыл чарба техникаларын лизинг шарттарында сатуу үчүн аларды талдоого алуу зарылдыгын белгиледи.

19-июлдагы жумушчу күн 24-июлдагы эс алуу күнүнө которулду

2021-жылдын 19-июлундагы жумушчу күнү 24-июлдагы эс алуу күнүнө которулат. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Мындай чечим мамлекеттик бюджеттен каржыланган, жумасына беш күндүк иш графиги менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды.

Натыйжада, 2021-жылдын 19-июлундагы жумушчу күнү үстүбүздөгү жылдын 24-июлдагы эс алуу күнүнө которулат. Белгилесек, республикада 20-июлда Курман айт белгиленет. Жарандар үстүбүздөгү жылдын 17-июлунан тартып 20-июлуна чейин эс ала алышат.

Жумасында беш күндүк иш графиги менен иштеген жеке менчик юридикалык жактардын жетекчилерине 2021-жылдын 19-июлундагы иш күнүн 24-июлдагы эс алуу күнүнө жылдыруу сунушталат.

Улукбек Марипов: Аксы районундагы өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чаралар көрүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов тийиштүү мамлекеттик органдарга Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы сел ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чараларды кабыл алууну тапшырды. Бул тууралу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Ал белгилегендей, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүү үчүн тийиштүү күч жана каражатты тартуу зарыл.

Мындан тышкары, Улукбек Марипов кырсык орун алган аймакта тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык чараларды ишке ашырууну тапшырды.

Ошондой эле белгиленгендей, мамлекет тараптан курман болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлөсүнө бардык зарыл жардамдар көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жана атайын техникалары сел жүргөн жерде табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин толук көлөмдө жүргүзүп жатат.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өзгөчө кырдаалдын кесепетинен сел 8 жаранды алып кеткен, алардын алтоонун сөөгү табылган, турак үйлөр да талкаланып, айрым жерлерде унаа жолу, көпүрөлөр жана башка курулуштарга зыян келтирилген.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы кошумчалагандай, Баткен облусунун Баткен районундагы жана Нарын облусунун Жумгал районундагы сел кырсыгына байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча да чараларды кабыл алуу зарыл, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режимине өтүүсү жана зарыл болгон учурда жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга кошумча куткаруучулар тобун тартуусу тапшырылды.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президенти Министрлер Кабинетине кыска мөөнөттө өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн тийиштүү чараларды кабыл алууну тапшырган.

Видео - Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясына каршы 1,25 млн доза вакцина жеткирилди

Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынан атайы борт менен коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm вакцинасынын 1,25 млн дозасы жеткирилди.

Анын ичинен 1 миллион 100 миң доза вакцина республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган, ал эми 150 миң доза кытай тараптан бекер берилген.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кытай Эл Республикасына көрсөтүлгөн колдоосу жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президенти, Министрлер Кабинети Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге, Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцянга, ошондой эле Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи Ду Дэвэнге Кыргызстанга вакциналарды алуу боюнча маселени ыкчам чечүүгө көмөк көрсөтүүсү, ошондой эле вакциналарды гуманитардык жардам катары берүүсү үчүн ыраазычылык билдирет», – деди ал.

Улукбек Марипов үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында Кытай вакцинасынын 1 млн 250 миң кошумча дозасы келип жаткандыгын белгиледи.

Министрлер Кабинетинин башчысы кыргызстандыктарды вакцинация боюнча кампанияга активдүү катышууга чакырды.

«Мен кыргызстандыктарды вакцина алууга, өз ден-соолугун жана туугандарынын жана жакындарынын ден-соолугун коргоого чакырам. Вакцинация – коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн бирден-бир натыйжалуу жолу. Жарандарды санитардык коопсуздук ченемдерин сактоого – маска кийүүгө, социалдык аралыкты сактоого жана эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырабыз», – деди Улукбек Марипов.

Кыргыз Республикасындагы КЭР Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь өлкөгө вакцинанын келиши, вакцинациялоонун темпин тездетүү республикадагы эпидемиологиялык абалды жакшыртууга жана жарандардын ден соолугун коргоого мүмкүндүк түзөт деп ишеним билдирди.

 

Министрлер Кабинети Ысык-Көл облусундагы спорттук машыгуу учурунда баланын сабалышына тийиштүү окуяны өзгөчө көзөмөлгө алды

Ысык-Көл облусундагы спорттук машыгуу учурунда 9 жашар баланын сабалышына тийиштүү окуя Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповдун өзгөчө көзөмөлүндө турат. Бул тууралу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы иштин бардык жагдайлары жөнүндө маалымат берүүнү жана иликтөө алкагында балага карай зомбулукка жол берген жактардын аракеттерине гана эмес, кызматтык милдетине толеранттуулук, сабырдуулук жана диний маданият боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүү маселеси кирген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматтык жактарынын аракеттерине (аракетсиздик) карай да укуктук баа берүүнү тапшырды.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбековага мындай окуяларга жол бербөө боюнча чараларды күчтөндүрүүнү сунуштады.

Белгилесек, тогуз жашар бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда курдаштары тарабынан сабалган.

Сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча жабырлануучунун ден-соолугуна жеңил түрдөгү зыян келтирилген, натыйжада ден-соолугу жабыркап, кыска мөөнөткө эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон.

Улукбек Марипов Азия Паралимпиадалык комитетинин президенти Маджид Абдулла Рашед аль-Усайми менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жана Азия Паралимпиадалык комитетинин президенти Маджид Абдулла Рашед аль-Усайми Кыргыз Республикасынын жана Азия Паралимпиадалык комитетинин кызматташуусу жана өз-ара аракеттенүүсү маселесин талкуулады.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, республикада 77 спорт федерациясы иштейт, анын катарында Паралимпиадалык комитет жана параспорттук федерациялар бар.

Анын айтымында, кабыл алынган «Спорт Кыргызстан» программасынын алкагында балдар жана өспүрүмдөр үчүн спорт мектептеринде келечектүү паралимпиадалык жана сурдоолимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча топторду ачуу каралган.  2019-жылы спорт мектептеринде мындай 7 топ жана коомдук башталыштагы 6 топ ачылган.

Паралимпиадалык комитеттин президенти Маджид Абдулла Рашед аль-Усайми белгилегендей, уюм Кыргыз Республикасында паралимпиадалык кыймылды колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган спорттук долборду ишке ашырууга кызыкдар.

Анын айтымында, долбоорлордун бири катары Борбор Азия өлкөлөрүнүн параатлет машыктыруучулары үчүн орус тилиндеги окутуу программаларын иштеп чыгуу болушу ыктымал.

Улукбек Марипов эки тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Меню